01:30 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
Төрөкул жана Нагима Айтматовдор уулары менен. Архив

Жүрөккө ок жеп, жашыруун көмүлгөн. Төрөкул Айтматов тууралуу 17 факты

© Фото / из личного архива Розы Айтматовой
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Абдыкерим Муратов
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (235)
292410

Төрөкул Айтматов коммунисттик партия жана совет өкмөтү үчүн жан дили менен кызмат кылып, сый ордуна үй мүлкү конфискациялануу менен өлүм жазасына тартылган. Ал кыргыз өкмөтүнүн эң жогорку эшалонундогу алгачкы мамлекеттик кызматкери катары да өз убагында баасын ала алган эмес. Атүгүл анын сөөгү кайда көмүлгөнү да 43 жыл бою белгисиз болуп келген.

Мына ушул трагедиялуу инсан тууралуу 17 фактыны сунуштайбыз.

1. Төрөкул Айтматовдун туулган жери. Айрым документтерде Торекул, Тюрякул деп жазылган бул инсандын туулган жери Россия империясынын Сырдарыя облусунун №5 аулу деп көрсөтүлөт. Кээ бир документтерде Олуя-Ата уезди, Күркүрөө болушу мүмкүн деп берилет. Азыркы аймактык бөлүштүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылы. Туулган жылы – 1903-жыл, айы белгиленген эмес.

2. Төрөкул Айтматовдун теги. Төрөкул Айтматов сол канаттын кытай уруусунун шекер уругунан. Атасы – Айтмат, Айтматтын атасы – Кимбилди, анын атасы – Кончужок. Айтмат менен зайыбы Айымкан беш балалуу болгон, алар: Айымкүл, Төрөкул, Карагыз, Гүлайым жана Рыскулбек.

3. "Машинечи", "тегирменчи" жана "жолчу" Айтмат. Адегенде Айтмат тикмечилик өнөрүн аркалагандыктан "Айтмат машинечи" аталып жүрөт, кийин ал өнөрүн кыз бир туугандарына өткөрөт, уялашы Биримкул менен Күркүрөө дайрасына суу тегирмен курат да, анысы биринчи жылы эле өрттөнүп кетет. Анын эстелиги катары тегирмен ташы көпкө чейин эле суу боюнда жатчу дешет шекерликтер. Ошондо оокат кылуу үчүн он жашар баласы Төрөкулду ээрчитип кетип, Түркстан-Сибирь темир жолунун Маймакка жакын тилкесинде Тешкен-Тоо курулушунда жумушчу болуп иштейт. Төрөкул ушул жерде орус тилин алгач үйрөнө баштайт, орус-тузем мектебине кирип, аны 14 жашында бүтүрөт. Ал эми атасы 1920-жылы каза болот.

4. Шекерден башталган чыйыр. Төрөкул 1917-жылы орус-тузем мектебин бүтүрөт. 1920-1921-жылдары Күркүрөө болуштук советинин аткаруу комитетинин катчысы, Грозный кыштагында батрактар коомунун катчысы болуп иштейт. 1921-жылы Ташкентке партиялык мектепке жиберилип, ал жактан Москвага Сталин атындагы Чыгыш эмгекчилеринин Коммунисттик университетине угуучу катары жөнөтүлөт. 1925-жылдан 1926-жылга чейин Фрунзе шаарында Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын — ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүндө адегенде инструктор, андан соң бөлүм башчынын орун басары, кийин бөлүм башчы болуп иштейт. 1926-жылдын майынан ВКП (б)нын Каракол-Нарын округдук комитетинин катчысы кызматын аркалайт.

5. Караколдогу каардуу да, романтикалуу да күндөр. Ысык-Көлдүн боюндагы бак-дарактуу, тоо этегиндеги шаардын биринчи адамы болуу ачарчылык, тап душмандарына каршы күрөшүү менен коштолот. Ошол жерден ал колуктусу менен романтикалуу күндөрдү өткөрөт. Нагима төркүнүндө облустук комсомолдо иштеп турган. Ысык-Көлгө эң биринчи пароход келип түшүрүлгөндө анын бортунда Төрөкул Айтматовдун жүргөнү кийинки табылган сүрөттөрдөн дайын болду.

6. Чагылгандай тез көтөрүлгөн партиялык жетекчи. Төрөкул Айтматов ошол эле 1926-жылдан ВКП (б)нын Жалал-Абад кантондук комитетинин катчысы болот. Бат эле Ош шаарына келип республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссиянын төрагасы кызматын да аткарган. 1929-жылы ноябрда Фрунзеге келип, адегенде Кыргыз АССРдин өнөр жай жана соода эл комиссары, андан соң Эл чарбасынын республикалык советинин төрагасы (1931-жылдын апрели) болот. 1931-1933-жылдары ВКП (б)нын Араван-Буура райондук комитетинде жооптуу секретарь, биринчи секретарь болуп иштеп, 1933-жылдын сентябрынан ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун экинчи секретары кызматына көтөрүлөт. Буга чейин бул кызматта Баялы Исакеев, Айтматовдон кийин Хасан Жээнбаев иштеген. 1935-жылы келечектүү кадр катары Москвага – Кызыл профессура институтуна угуучу катары окууга жиберишет. Бул жаркын келечек жана эң жогорку окуу эле. Ал жерге үй-бүлөсү менен көчүп барат. Мынчалык кызматтан тез жогорулоо, 13 жылда карапайым элеттик жигиттен кызматтык жактан республикадагы экинин бирине айлануу азыр ойлосок да таң кала турган, "көз тие" турган көрүнүш.

7. "Эркин-Тоо" гезитинин редактору да, кеңешчиси да болгон. 1925-1926-жылдарда ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун пропаганда жана агитация бөлүмүндө иштеген кезде алгачкы кыргыз басылмалары катары чыгып жаткан "Эркин-Тоо", "Дыйкан жолу", "Ленинчил жаш" газеталарына ар тараптуу жардам берген: жазылууларды, таркатууларды уюштурган, өзү да макалаларды жазып турган. "Эркин-Тоо" газетасынын 1925-жылдын 21-ноябрдагы санына гезиттерге маани берип, аларды социалисттик курулушка тартуу боюнча кеңеш чарбаларына кайрылып ачык кат жазып чыккан. Ал 1926-жылы "Эркин-Тоо" газетасына кыска мөөнөт редакторлук да кылган. Анын демилгеси менен 1926-жылдан тарта кыргыз тилинде "Коммунист" деген саясий-партиялык журнал чыга баштаган.

Торокул и Нагима Айтматовы. Архивное фото
© Фото / из личного архива Розы Айтматовой
Төрөкул Айтматов жана Нагима Айтматова

8. Жубайы жана балдары. Нагима Хамзаевна Абдувалиева (1904-1971) менен 1925-жылы 3-сентябрда баш кошкон. Кээ бир маалыматтарда 1926-жылы 3-сентябрда деп айтылып жүрөт. Балдары: Чыңгыз (1928-2008) – дүйнөгө таанымал жазуучу, коомдук ишмер; Ильгиз (1931) – окумуштуу, академик, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты; Люция (1934-1997) – инженер-энергетик; Рево (1934. 15-декабрь – 1935) – Люциянын эгизи, наристе кезинде чарчап калган, эки атты бириктиргенде Рево+люция келип чыгат; Розетта (Роза) (1937) – физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор.

  • Дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматов
    Дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматов
    © Фото / Александр Федоров
  • Окумуштуу, академик Ильгиз Айтматов
    Окумуштуу, академик Ильгиз Айтматов
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Роза Айтматова
    Физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Роза Айтматова
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Фото / Александр Федоров
Дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматов

9. Атадан калган элестер. Чыңгыз Айтматов өз атасы менен болгон өтө жаш чагын төмөнкүдөй эстейт: "Атам мага ар дайым көз алдыма мындайча тартылат: капкара коюу чачы, ошол көмүрдөй кара чачтын бир жериндеги кашкайган бөлүгү, талаага кийген көйнөгү, кончу узун булгаары өтүгү… Атам көбүнчө кош ат чегилген араба менен жүрчү. Арабада киши отурууга ылайыктап отургуч бекитип, аны тери менен каптатып коюшкан эле. Атам болсо дайыма арабанын артында отурчу, алдыда – арабакеч. Атамдын элесин ээрчий Фергана тараптагы үйлөр да көз алдыма келе калат. Айланасы бозоргон пакса же гувала дубалдар менен курчалган, чатыры түптүз, бардыгы кырка жер тамдар болучу". "1934-жылдын башы. Мен алты жаштагы бала кезим… Туш тарап жаңырып, чоң өлкөдө колхоздоштуруу аттуу үлкөн бир саясат үстөм кылып аткан чак. Элдин баары бул саясаттын ыңгайы менен болуп, эми өз жашоо-турмушун, кылымдан берки келаткан көз караштарын өзгөртүп, ушинтип жаңы өкмөттүн жарыгы менен жапырт кат-сабатыбызды жоюп, жакырчылыктан арылып, ага себеп болгон бай-манаптарды түп тамырынан жок кылабыз деген саясат менен келечектен көп нерсе үмүт этип, алдыга ошол ой сүрөп турган кез. Түштүктүн Араван районунда – Фергана өрөөнүндө пахта айдалат эмеспи. Пахта – кара тер менен каржалган мээнеттен гана агарган, баалуу зат. Аны айдап, сугарып, терип алуу иштери үзгүлтүккө учуратылбай, жалпы жамааттын аракети, колу менен бүткөрүлсө, үзүрү ошончолук жакшы болот. Атам мына ушундай уюштуруу иштерин аткарчу. Күнү-түнү тыным билбей иштеп, араба дөңгөлөгүн токтотпой, чарчадым-чаалыктым дебей, жер кезип жүргөнү жүргөн. Ар дайым эл менен байланышта болучу".

10. Москвадагы бактылуу да, коогалуу да күндөр. Айтматовдор 1935-жылдын мартынан (же апрелинен) тарта 1937-жылдын августуна дейре Москванын эски жана борбордук көчөсү болгон Воровскийде 5-үйдө жашашкан. Атасы балдарынын окуусу үчүн өзгөчө кам көрүп турган. Чыңгыз 1-2-классты атасынын көзөмөлүндө Москвада окуган. Ал уулун Жазуучулар үйүнүн, Киноактерлор сарайынын жанынан алып өтүп, ал жердеги бактарда ойнотуп турган. Бир жолу, 1936-жылы, Максим Горький өлгөндө, табытты Сталин өзү көтөрүп чыкканда Жазуучулар үйүндө коштошуу зыйнатына да катыштырган. Дагы бир жолу Кино үйүнө барып, ошол мезгилдин сенсациялуу фильмдеринин бири "Соловей Соловушка" деген фильмди атасы экөө көрүп чыкканын мындай эскерет: "Бул фильмде бир сулуу кыз менен жигиттин ортосундагы махабат баяны бар. Кыз-жигит бир байдын кулу болушат. Бай бойго жетип турган кызды жашыруун башкага сатат. Кыздын сулуулугун айтпа, анан да кемелине келтирип, укмуш сонун ырдачу. Ошондуктан кино "Соловей Соловушка" деп аталса керек. Кинодогу кыз-жигиттин трагедиясы, кыздын ыйлаганы, кыймылы, башка бирөөгө сатылуусу менин балалык дүйнөмө чоң таасир берген эле. Ал учурдун фильмдери спектаклге окшош боло турган. А чыныгы кино өнөрү искусство катары кийин өнүктү. Фильмден катуу таасир алган жаным, бир убак кинотеатрдын ичинде эле буркурап боздоп ыйлай баштадым. Атам мени карап айласы түгөндү, ордунан туруп, мени алып тышка чыгып кетейин дейт, өзү да эмне болор экен деп андан ары жагын көргүсү келет. Чыкпайын дейт, мен ботодой боздойм. Анан мага: — Уулум, буерде ыйлаган болбойт! Кой, ыйлаба! — деп сооротот. Ошентип ата-бала кинону акыр-аягына чейин көрдүк. Ыйлаган көздөрүм шишип, үйгө келдик. Атам аябай кейиген тейде апама: — Бул бала неге мынча сезимтал? Баарыбызга тең эле кино таасир этти, бирок мынчалык эч кимибиз буркурап боздоп ыйлабадык", — деп арызданган. Атамдын бул сөздөрүнө бир аз таарына түшкөнүм менен баары бир сүйүнгөм… "

11. Эстен кеткис акыркы коштошуу. Москвадагы, деги эле өмүрдөгү акыркы коштошууну Чыңгыз Айтматов кийин баяндап берет: "1937-жылдын август айынын соңку күндөрүндө буюмдарыбыздын көбүн сатып, керектүүлөрүн жыйнап, апам, алты айлык карындашым Роза болуп, төрт бир тууган кайра жолго чыктык. Атам бизди Казань вокзалынан узатты. Поезд жүрүп баратканда да эшиктери ачык болучу. Вагондордун бирөө этияты-шартка деп кошумча турганы экен. Купелериндеги керебеттер эки кабаттуу. Атам бизди ошондой жайлардын бирине жайгарды. Коштошту. Апамдын ошондогу көз жашын, атамдын өзүн-өзү чымырканып кармап турган олбурлуу кебетесин али да көз алдымдан өчүрбөй келем… Ошондо вагондо эл көп эле. Бири-бири менен тыгылышып, жолоочулар өз-өз купелерине жете албай издеп жүрүшкөн. Менин атам болсо ошондо жылып бараткан поезд бир далайга узап кеткиче, андан калбай, поезд менен кошо чуркап баратты да, ошол баратышында бизге кол булгалай берди, булгалай берди… Мен купенин керебетинин үстүңкү кабатында элем. Баарысын-баарысын сезип-туйдум. Бири-бирибизди мындан ары көрбөшүбүздү да билгендей болдум. Ошондон го, буркурап ыйлай бердим. Көзгө сайса көрүнгүс караңгы түндө как жарып өксүп жаттым. Апам гана улам-улам туруп, мени сооротот, жалбарат: — Жалгыз эмеспиз, уулум, карачы, эл бар, жалгыз эмеспиз… — Атамдан мына ушинтип алыстадык…"

12. Атанын бейитин издеп… Чыңгыз Айтматов "Саманчынын жолу" повестинде мындай эпиграф колдонот: "Ата, мен сага эстелик тургуза албаймын. Сенин кай жерге көмүлгөнүңдү да билбейм. Мына ушул эмгегимди атам Төрөкул Айтматов, сага арнаймын". Бул атасыз өскөн баланын эң чоң арманы эле. Маектеринде атасынын 30-жылдардагы партиялык конференциялардын биринде чыгып сүйлөгөн сөзүндө жаңы социалисттик, улуттук маданияты өнүктүрүү, мектептерди, кызыл үйлөрдү ачуу, элдин илим, техника, дүйнөлүк маданият менен таанышуусуна кеңири жол ачуучу жаңы китептерди басып чыгаруу боюнча ойлорун жогору баалаган. Жазуучу уулу атасынын өчүн алуу үчүн Сталинди, сталинизмди өмүр бою кектеп, айрым образдары аркылуу ошол "капсалаң замандын" сүрүн көрсөтүп келди.

© Sputnik / Эмиль Садыров , Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
"Ата-Бейиттин" ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар

13. "Контр" атанын азабы. Төрөкул Айтматовго "эл душманы" деген жарлыктын тагылышы анын үй-бүлөсүнө, балдарына терс таасир эткен. Аялы Нагима жакшы кызматка алынган эмес, айталык, Москвадан балдарын ээрчитип келгенде аябай сабаттуу болсо да, Киров райондук партия комитети ишке алуудан баш тартат, уулу Чыңгызды аспирантурага кабыл албай коюшкан, Ильгиз Москвадагы Геология чалгындоо институтун бүтүрсө да биздикилер кодулап турушкан, 1954-жылы орто мектепти мыкты бүтүргөн Люцияга медаль бербей, Москвадагы электротехника институтуна Фрунзеден тапшырып өтүп кетсе да, мандат комиссиясы борбордун жогорку окуу жайына жибербей коёт ж.б.

14. Төрөкул Айтматовго коюлган айып. Жасалма сот, жалган жалаа. Төрөкул Айтматовго 1937-жылы 15-сентябрда республиканын коммунисттик партиясынын саясий бюросу "эл душманы" деген жалаа жабат да, окуусу жана партиялуулугу каралат. 1937-жылы 1-декабрда жазыксыз камакка алынып, ага "куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуазиялык-улутчулдук мамлекетти түзүүнү милдет кылып алган, Кыргызстанда бети ачылып, жок кылынган контрреволюциячыл-улутчул "социал-туран" партиясынын көрүнүктүү ишмери" деген күнөө коюлган. Ошол 1937-жылдын 1-декабрында СССР ички иштер министрлигинен мурда да атактуу акын Осип Мандельштамды камоого ордер берген Фриновский Москва шаарындагы Воровский көчөсүнүн 25-үйүнүн 15-батиринде жашоочу Төрөкул Айтматовдун үйүн тинтүүгө жана камоого Гусев аттуу тергөөчүгө тапшырма берет. Ага полковник Лоцман сурак жүргүзөт. 1938-жылдын 14-январында ал Фрунзеде түрмөдө жаткан болот жана аны бул жерде Кыргыз ССРинин улуттук коопсуздук комитетинин кенже лейтенанты Климанов жана катардагы кызматкери Трубников суракка алат. Ал кезде сурак кандай болгону түшүнүксүз, айтор, Төрөкул Айтматов күнөөсүн "толук мойнуна алды" дешет, 1938-жылдын 3-4-ноябрында №4418 иш боюнча 58-статьянын 1,2,4,10,11-беренелери коюлат. 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку сотунун жашыруун көчмө сессиясынын аскердик коллегиясынын төрагасы Алексеев, мүчөлөрү Болдырев, Зайцев, катчы Батнер болуп түнкү саат 23.05те сот отурумун ачып, 23.24тө сот отурумун бүтүрүп, үй мүлкүн конфискациялоо менен атууга өкүм кылынат жана өкүм Фрунзе шаарында аткарылат.

15. Узак жылдан кийин берилген аш. 1959-жылы Шекер айлында Алымкулдун Керимбек деген жылкычы инисинин короо жайында Алымкул, Төрөкул, Өзүбек жана Рыскулбектин ашы бирге берилет. Төрөкул Айтматов акталган соң ысымы Шекер айылындагы мектепке коюлган жана 1992-жылы эстелиги орнотулган.

Мемориал, посвященный кыргызскому писателю Чингизу Айтматову в мемориальном комплексе Ата-Бейит в селе Чон-Таш
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Чоң-Таш айылындагы "Ата-Бейит" комплекси

16. Айтматовдор жана "Ата-Бейит". Москвадан Фрунзеге этап менен жиберилип, 1938-жылы 5-ноябрда жүрөккө атылган 35 жаштагы Төрөкул Айтматовдун сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондугун туугандары 20 жылдан соң – 1957-жылы билишкен, ал эми сөөгү коюлган жай 43 жыл өтүп гана белгилүү болгон. 138 кишинин сөөгү эски кыш заводунун ичине көмүлгөн, аларды казып жатканда дал Төрөкул Айтматовдун чөнтөгүнөн табылган "айыптоо бүтүмү" боюнча ким экендиги аныкталган. Анын сөөгү башкалар менен бирге эле аза зыйнаттары аткарылып, 1991-жылы кайра жерге берилди жана ал жер Чыңгыз Айтматовдун сунушу менен "Ата-Бейит" аталды. Жазуучунун керээзи менен 2008-жылы каза болгондо анын сөөгү да атасынын жанына – "Ата-Бейитке" коюлду.

17. Ата жана бала. Бир жолу Шекерге Айтматовдун мааракесине бара жатканда Жамбыл шаарына жакын жерде жайылган дасторкондо жазуучулардын бири: "Эгер сиздин тагдырыңыз мындай болбогондо, атаңызды жоготпосоңуз, согуш чыкпаганда, татаал күндөрдү башыңыздан өткөрбөгөнүңүздө сизден залкар жазуучу чыкмак эмес. Мунун баары атаңызды жоготконуңуздан", —десе Чыңгыз Айтматов: "Бул абдан чоң жоготуу. Мен андан көрө жазуучу болбой койсом жакшы болмок",- деген экен…

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (235)

Тема боюнча

"Ата-Бейиттин" ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар
Акаевдин бирден-бир атаандашы болгон. Насирдин Исанов тууралуу 7 факты
Белгилер:
коомдук ишмер, репрессия, жазуучу, Төрөкул Айтматов, Чыңгыз Айтматов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ