Ордолуу Ошко 3018 жыл! Шаар тууралуу 10 факты

© Sputnik / Влад УшаковВид на современный город Ош
Вид на современный город Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 18 жыл мурун Оштун 3000 жылдыгы белгиленип, иш-чара мамлекеттик деңгээлде өткөн.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош калаасы бүгүн, 5-октябрда өз күнүн белгилейт. Sputnik Кыргызстан агенттиги үч миңден ашуун тарыхы бар шаар тууралуу кызыктуу 10 факты сунуштайт.

1. Болжол менен 30 кылым мурун түптөлгөн. Кокон хандыгы кулатылгандан кийин 1876-жылы шаар деген расмий макам алган. 

© предоставлено Центральным Госархивом КРОш шаарынын архивдик сүрөтү
Архивные кадры ко дню города Ош - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын архивдик сүрөтү

2. Калаа тууралуу маалымат 9-кылымга таандык араб булактарында айтылат.

3. Ош шаары туурасындагы уламыштарда дүйнөлүк тарыхтын эки каарманы — Сулайман (байыркы израилдик Соломон падыша) жана Искендер Зулкарнайн (грек башкаруучусу Александр Македонский) камтылат. 

© Екатерина ИващенкоСулайман тоонун чокусунда мечит жайгашкан. Эл ичинде ал Бабурдун үйү деп аталат.
На вершине горы находится однокамерная мечеть Тахт-и-Сулейман, или, как ее называют в народе, дом Бабура - Sputnik Кыргызстан
Сулайман тоонун чокусунда мечит жайгашкан. Эл ичинде ал Бабурдун үйү деп аталат.

4. Сулайман тоонун так жана толук аталышы — "Сулайман тактысы". Шаардын чок ортосунда жайгашып, экинчи Мекке деген бейрасмий аты бар.

5. Калаанын аталышынын жаралыш тарыхы туурасында окумуштуулар да бир пикирге келише элек. Бирок эл арасында Сулайман падыша алгач келгенинде "хош" шаар деп баалагандыгы, ошондон улам кыргызчаланып Ош деп аталып калганы айтылат. Бул сөз түрк тилинде "кооз, сонун" деген мааниде. Ошондой эле азыркы Ош шаары жайгашкан жерде биздин доорго чейинки I кылымда Даван мамлекетинин Гуйшан деген баш калаасы болгон. Ош калаасы ошол шаардын аталышынан да калган болушу ыктымал. 

6. Шаар байыркы заманда чеп менен курчалып, үч дарбазасы болгон. Жер ортолук деңизди, Жакынкы Чыгышты, Памир, Тибет, Кытай жана Индия менен байланыштырып турган Улуу Жибек Жолунун ири соода борбору болгон.

7. Деңиз деңгээлинен 870-1110 метр бийиктикте жайгашкан. 

© Фото / Александр ФедоровБүгүнкү Ош шаары
Вид на современный город Ош - Sputnik Кыргызстан
Бүгүнкү Ош шаары

8. Тургундардын расмий саны — 275 800. Анын ичинен шаарда 260 миң, айылдарда 28,8 миң, калаанын чет жакасындагы тургундарды кошкондо 500 миңден ашат. Шаарда 12 аймактык кеңеш, 1 айылдык аймактык башкармалык бар. Айтмакчы, байыркы Гуйшан шаары да эң жыш жайгашкан калаалардан болгон экен. Бардыгы 288,8 миң.

9. Ош шаарынын ордени да бар. Мындан туура 18 жыл мурунку туулган күнүндө "Данакер" орденин "тагынган". Мамлекеттик сыйлык өлкөнүн экинчи борборуна 2000-жылдын 4-октябрында президенттин атайын буйругу менен берилген. 

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарында айт намаз борбордук аянтта окулат
Праздничный Айт-намаз в Оше - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында айт намаз борбордук аянтта окулат

10. Ош шаарына "бир тууган" калаалар болуп Россиянын Санкт-Петербург, Новосибирск, Кытайдын Үрүмчү, Синин, Ланчжоу, Фошан, Түркиянын Стамбул, Маниса, Йозгат, Амасья, Самсун, Тажикстандын Худжанд жана биздин өлкөдөн Каракол шаары саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0