https://sputnik.kg/20250430/1093688544.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилди. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-апрелде кол койгон. Документ... 30.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-30T19:00+0600
2025-04-30T19:00+0600
2025-04-30T19:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1e/1093688412_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_20a405101d5b64d1af82d1a96c48cf06.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилди. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-апрелде кол койгон. Документ 1-майда күчүнө кирет. Ага ылайык, саатына 700 киловаттка чейин колдонгондорго баа 26 тыйынга, андан жогору пайдаланган учурда 21 тыйынга кымбаттайт.Бекитилген тарифтеркарапайым калкка — 700 киловаттка чейин 1 сом37 тыйын"үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган муктаждарга — 700 киловаттка чейин 50 тыйын; жогорудагы эки категорияга — 700 киловаттан жогору 2 сом 60 тыйынчектөөсүз керектөө үчүн — 3 сом 81 тыйынсоциалдык жана коомдук керектөөчүлөргө — 2 сом 62 тыйын,электромобилдерди кубаттоо станцияларына — 5,31 сом өнөр жай керектөөчүлөрүнө — 3,34 сом коммерциялык керектөөчүлөргө — 3,96 сомбюджеттик керектөөчүлөргө — 4,09 сом энергияны көп керектөөчүлөргө — 6 сом 6 тыйынды тузот.
Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 1-этап — 18, 19, 20-майда; 2-этап — 22, 23, 24-майда өтөт. Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо күндөрү (17-май, 21-май жана 19-июнь) каралган. Алар үчүн уюштурулган ЖРТнын үчүнчү этабы 20, 21, 22-июнда өтөт.
Балыкчы менен Чүйдүн Александровка айылында гемодиализ борборлору жабылып калды. Депутаттар маселени парламентте көтөрүп, Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөттөн абалды көзөмөлгө алууну суранышууда. Дастан Бекешев Александровка айылында 50 адам гемодиализ ала албай калганын айтса, Балбак Түлөбаев Балыкчыдагы бейтаптардын саны 30га жетерин билдирди. Соцтармакта да Балыкчыдагы бейтаптардын министр Эркин Чечейбаев менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган видеосу тарады.
Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Иш-чарада концлагерлерде дайынсыз жоголгон жана каза болгон 35 туткундун кабары жана документтери жакындарына тапшырылды. "Бул жөн эле расмий кагаз эмес, бул — баатырларды 80 жылдан кийин үйүнө кайтаруу. Ал жакта жакындарыбыздын акыркы күндөрү, соңку сааттары, кантип согушуп, концлагерде кандай кыйналып өлгөнү тууралуу бардык чындык жазылган", — деген Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун жетекчиси Марат Кутанов.Ал архивдик документтерди иреттеп, тизме түзүүгө жана согуш жылдарындагы хроникаларды жылдап калыбына келтирүүгө көмөктөшкөндөрдүн ар бирине ыраазычылык билдирди. 2019-жылдан бери 2 400 дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын тагдыры ачыкталды.
Кыргызстанда жүзүмдүн экспорту 10 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматынан белгилүү болду. Республика быйыл январь-февраль айларында 114,6 тонна жемиш саткан, былтыр ушул эле маалда 1,4 тонна экспорттогон. Жүзүмдүн көбүн ЕАЭБ өлкөлөрү, тагыраагы, Россия менен Казакстан алган.
2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилди. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-апрелде кол койгон. Документ 1-майда күчүнө кирет. Ага ылайык, саатына 700 киловаттка чейин колдонгондорго баа 26 тыйынга, андан жогору пайдаланган учурда 21 тыйынга кымбаттайт.Бекитилген тарифтеркарапайым калкка — 700 киловаттка чейин 1 сом37 тыйын"үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган муктаждарга — 700 киловаттка чейин 50 тыйын; жогорудагы эки категорияга — 700 киловаттан жогору 2 сом 60 тыйынчектөөсүз керектөө үчүн — 3 сом 81 тыйынсоциалдык жана коомдук керектөөчүлөргө — 2 сом 62 тыйын,электромобилдерди кубаттоо станцияларына — 5,31 сом өнөр жай керектөөчүлөрүнө — 3,34 сом коммерциялык керектөөчүлөргө — 3,96 сомбюджеттик керектөөчүлөргө — 4,09 сом энергияны көп керектөөчүлөргө — 6 сом 6 тыйынды тузот.Жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 24-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. 1-этап — 18, 19, 20-майда; 2-этап — 22, 23, 24-майда өтөт. Катталууга үлгүрбөй калган бүтүрүүчүлөр үчүн кошумча каттоо күндөрү (17-май, 21-май жана 19-июнь) каралган. Алар үчүн уюштурулган ЖРТнын үчүнчү этабы 20, 21, 22-июнда өтөт.Балыкчы менен Чүйдүн Александровка айылында гемодиализ борборлору жабылып калды. Депутаттар маселени парламентте көтөрүп, Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөттөн абалды көзөмөлгө алууну суранышууда. Дастан Бекешев Александровка айылында 50 адам гемодиализ ала албай калганын айтса, Балбак Түлөбаев Балыкчыдагы бейтаптардын саны 30га жетерин билдирди. Соцтармакта да Балыкчыдагы бейтаптардын министр Эркин Чечейбаев менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган видеосу тарады. Бишкекте Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Иш-чарада концлагерлерде дайынсыз жоголгон жана каза болгон 35 туткундун кабары жана документтери жакындарына тапшырылды. "Бул жөн эле расмий кагаз эмес, бул — баатырларды 80 жылдан кийин үйүнө кайтаруу. Ал жакта жакындарыбыздын акыркы күндөрү, соңку сааттары, кантип согушуп, концлагерде кандай кыйналып өлгөнү тууралуу бардык чындык жазылган", — деген Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун жетекчиси Марат Кутанов.Ал архивдик документтерди иреттеп, тизме түзүүгө жана согуш жылдарындагы хроникаларды жылдап калыбына келтирүүгө көмөктөшкөндөрдүн ар бирине ыраазычылык билдирди. 2019-жылдан бери 2 400 дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын тагдыры ачыкталды. Кыргызстанда жүзүмдүн экспорту 10 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматынан белгилүү болду. Республика быйыл январь-февраль айларында 114,6 тонна жемиш саткан, былтыр ушул эле маалда 1,4 тонна экспорттогон. Жүзүмдүн көбүн ЕАЭБ өлкөлөрү, тагыраагы, Россия менен Казакстан алган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1e/1093688412_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ffcb533844c1850e21eadbd61c726605.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио