00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
17:59
1 мин
Ежедневные новости
18:00
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасын өзгөртүү сунушу үчүнчү окууда жактырылды. Аны парламент спикери баш болгон тогуз депутат иштеп чыккан. "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр: 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, можаритардык система менен ар биринен үчтөн депутат шайланат талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жарандарга берилет; 25 жашка чыккан, жогорку билимдүү жана акыркы беш жылда өлкөдө туруктуу жашаган кыргыз жараны талапкер боло алат; шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон үч эсе көбөйтүлүп, кайтарымсыз болот; шайлоо фонду эки эсе көбөйүп, 20 миллион сом болот ошондой эле аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү киргизилет. Учурда өлкөдө аралаш шайлоо системасы колдонулат. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдуу система менен партиялык тизме аркылуу, 36 депутаты бир мандаттуу округдардан болуп, жалпы 90 депутат шайланат.
Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив кызматы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Кыргызстандын коргонуу өнөр жайы боюнча архивдик документтердин жыйнагын, анын ичинде буга чейин ачыкталбаган материалдарды басып чыгарды. Жыйнакта эвакуациялангандарды жайгаштыруу, аскердик продукцияны чыгарган жаңы өнөр жай ишканаларын куруу жөнүндө айтылат. "Китеп Кыргызстандын согуш мезгилиндеги тарыхынын калып кеткен боштугун толтуруп, кеңири аудиторияга элдин эмгек жаатындагы эрдигин жайылтууга мүмкүнчүлүк берет", — деди министрлик. Иш Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында жүргүзүлгөн.
Балыкчы менен Чүйдүн Александровка айылында гемодиализ борборлору жабылып калды. Депутаттар маселени парламентте көтөрүп, Саламаттык сактоо министрлиги менен өкмөттөн абалды көзөмөлгө алууну суранышууда. Дастан Бекешев Александровка айылында 50 адам гемодиализ ала албай калганын айтса, Балбак Түлөбаев Балыкчыдагы бейтаптардын саны 30га жетерин билдирди. "Кечинде саламаттык сактоо министри менен сүйлөшсөм, гемодиализ борбору Башкы прокуратуранын козгогон иши боюнча жабылды дейт. 90 күн тергейт имиш, ага чейин эл эмне болот?" — деди Түлөбаев.Соцтармакта да Балыкчыдагы бейтаптардын министр Эркин Чечейбаев менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган видеосу тарады.
АКШнын президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин аны сыйлагандыктан улам "Украинанын бардык аймагын алып койбостугун" айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Менимче, ал мени сыйлайт. Урматтагандыктан улам Украинаны толук басып албайт деп ишенем, болбосо кабыл алган чечими Украинаны толук басып алуу болмок", — деген Трамп ABC телеканалына берген маегинде. Муну менен катар эле Украинадагы тынчтык орнотууда Путин анын "башын бир аз оорутушу" мүмкүндүгүн кошумчалаган. Ошондой эле Ак үй башчысы Украинадагы согуш боюнча АКШнын мурдагы президенти Жо Байден сыяктуу кенебей жүрө албастыгын белгилеп, кырдаал аны тынч уктатпастыгын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0