https://sputnik.kg/20250430/1093684405.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилди. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-апрелде кол койгон. Документ... 30.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-30T17:00+0600
2025-04-30T17:00+0600
2025-04-30T17:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1e/1093684273_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_17605b7ddc40bb25a45e8b7cd4b82519.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилди. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-апрелде кол койгон. Документ 1-майда күчүнө кирет. Ага ылайык, саатына 700 киловаттка чейин колдонгондорго баа 26 тыйынга, андан жогору пайдаланган учурда 21 тыйынга кымбаттайт. Бекитилген тарифтер мындай: карапайым калкка — 700 киловаттка чейин 1,37 сом (2030-жылы 3,40 сомго жеткирилет); "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган муктаждарга — 700 киловаттка чейин 50 тыйын; чектөөсүз керектөө үчүн — 3 сом 81 тыйын; социалдык жана коомдук керектөөчүлөргө — 2 сом 62 тыйын электромобилдерди кубаттоо станцияларына — 5сом 31 тыйын сомөнөр жай керектөөчүлөрүнө — 3сом 34 тыйын ; коммерциялык керектөөчүлөргө — 3 сом 96 тыйын; бюджеттик керектөөчүлөргө — 4 сом 9 тыйынэнергияны көп керектөөчүлөргө — 6 сом 6 тыйын
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууда маданият тармагындагы эки тараптуу кыргыз-орус мамилесин өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланган. Тараптар ошондой эле биргелешкен маданий долбоорлорду жана алдыда боло турган иш-чараларды талкуулашты. Бөкөнтаев эки өлкөнүн маданият, билим берүү жана илим тармактарында активдүү кызматташуусун белгиледи. Ал мындан ары да мамилелердин маданий-гуманитардык аспектилерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген. Швыдкой өз кезегинде маданий долбоорлорду талкуулап жатып кыргыз элинин чыгаан уулу, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына биргеликте даярдык көрүү боюнча зарыл иштерди аткарууну сунуштады.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал депутат кезинде жубайын ЖК аппаратына өзүнүн жардамчысы катары мыйзамсыз жумушка орноштурганы аныкталган. "Жубайлар бири-бирине түздөн-түз баш ийген мамкызматта иштешине тыюу салынат. Айжигитовдун жубайы ишке чыкпай эле маяна жана башка төлөмдөрдү алып турган. Алсак, Г.Жолдошова 2022-жылдын апрелинен баштап үч жыл ичинде 3,2 миллион сом алган", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле атайын кызмат Айжигитов Баткендин губернатору болуп турганда да аялын кол алдындагы кызматка алганын белгилеген. Мында да экөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыпталууда.
АКШнын президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин аны сыйлагандыктан улам "Украинанын бардык аймагын алып койбостугун" айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Менимче, ал мени сыйлайт. Урматтагандыктан улам Украинаны толук басып албайт деп ишенем, болбосо кабыл алган чечими Украинаны толук басып алуу болмок", — деген Трамп ABC телеканалына берген маегинде. Муну менен катар эле Украинадагы тынчтык орнотууда Путин анын "башын бир аз оорутушу" мүмкүндүгүн кошумчалаган. Ак үй башчысы Украинадагы согуш боюнча АКШнын мурдагы президенти Жозеф Байден сыяктуу кенебей жүрө бере албастыгын белгилеп, кырдаал аны тынч уктатпастыгын айтты.
2025-2030-жылдарга электр энергиясынын тарифтик саясаты бекитилди. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 24-апрелде кол койгон. Документ 1-майда күчүнө кирет. Ага ылайык, саатына 700 киловаттка чейин колдонгондорго баа 26 тыйынга, андан жогору пайдаланган учурда 21 тыйынга кымбаттайт. Бекитилген тарифтер мындай: карапайым калкка — 700 киловаттка чейин 1,37 сом (2030-жылы 3,40 сомго жеткирилет); "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алган муктаждарга — 700 киловаттка чейин 50 тыйын; чектөөсүз керектөө үчүн — 3 сом 81 тыйын; социалдык жана коомдук керектөөчүлөргө — 2 сом 62 тыйын электромобилдерди кубаттоо станцияларына — 5сом 31 тыйын сомөнөр жай керектөөчүлөрүнө — 3сом 34 тыйын ; коммерциялык керектөөчүлөргө — 3 сом 96 тыйын; бюджеттик керектөөчүлөргө — 4 сом 9 тыйынэнергияны көп керектөөчүлөргө — 6 сом 6 тыйынКыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууда маданият тармагындагы эки тараптуу кыргыз-орус мамилесин өнүктүрүү жана бекемдөө маселелери талкууланган. Тараптар ошондой эле биргелешкен маданий долбоорлорду жана алдыда боло турган иш-чараларды талкуулашты. Бөкөнтаев эки өлкөнүн маданият, билим берүү жана илим тармактарында активдүү кызматташуусун белгиледи. Ал мындан ары да мамилелердин маданий-гуманитардык аспектилерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирген. Швыдкой өз кезегинде маданий долбоорлорду талкуулап жатып кыргыз элинин чыгаан уулу, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына биргеликте даярдык көрүү боюнча зарыл иштерди аткарууну сунуштады.Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, ал депутат кезинде жубайын ЖК аппаратына өзүнүн жардамчысы катары мыйзамсыз жумушка орноштурганы аныкталган. "Жубайлар бири-бирине түздөн-түз баш ийген мамкызматта иштешине тыюу салынат. Айжигитовдун жубайы ишке чыкпай эле маяна жана башка төлөмдөрдү алып турган. Алсак, Г.Жолдошова 2022-жылдын апрелинен баштап үч жыл ичинде 3,2 миллион сом алган", — деп жазылган маалыматта. Ошондой эле атайын кызмат Айжигитов Баткендин губернатору болуп турганда да аялын кол алдындагы кызматка алганын белгилеген. Мында да экөө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыпталууда.АКШнын президенти Дональд Трамп россиялык кесиптеши Владимир Путин аны сыйлагандыктан улам "Украинанын бардык аймагын алып койбостугун" айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Менимче, ал мени сыйлайт. Урматтагандыктан улам Украинаны толук басып албайт деп ишенем, болбосо кабыл алган чечими Украинаны толук басып алуу болмок", — деген Трамп ABC телеканалына берген маегинде. Муну менен катар эле Украинадагы тынчтык орнотууда Путин анын "башын бир аз оорутушу" мүмкүндүгүн кошумчалаган. Ак үй башчысы Украинадагы согуш боюнча АКШнын мурдагы президенти Жозеф Байден сыяктуу кенебей жүрө бере албастыгын белгилеп, кырдаал аны тынч уктатпастыгын айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1e/1093684273_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9da4e876b83fe8a69ce0f78d9ebd348a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио