https://sputnik.kg/20250430/1093663360.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда рубль менен операциялар жаңы тартип боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жазды. Минкаб башчысы соңку... 30.04.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-04-30T08:59+0600
2025-04-30T08:59+0600
2025-04-30T09:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1e/1093663228_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_fb0fd6f5aa94d989ed0548a2920d03bb.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда рубль менен операциялар жаңы тартип боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жазды. Минкаб башчысы соңку жылдарда банктардан тышкары жүргүзүлгөн операциялар көбөйүп, санкцияларды кыйгап өтүүгө шарт түзүп келген. Мындан улам акчаны ачык-айкын которууга шарт түзүү максатында рубль колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, рубль менен операциялар мамлекеттин "Борбор Азиянын Капитал Банкы" аркылуу жүргүзүлүп, которуулардын суммасы боюнча эч кандай чектөөлөр коюлган эмес. Ошондой эле ал акчаны Россиядагы санкцияга туш болбогон бардык финансы уюмдары аркылуу которуп, Кыргызстандан "Борбор Азиянын Капитал Банкынын" каалаган филиалынан алса болорун кошумчалады.
Бишкекте "Евразия" маданий-көңүл ачуучу паркын куруу долбоору сунушталды. Паркты Орок айылына куруу пландалууда. Долбоор Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына карата Кыргызстандын министрлер кабинетинин колдоосу менен "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылат. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова президент Садыр Жапаровго долбоорлорго үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мамлекет башчынын Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле ЕАЭБ алкагында стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган саясатын белгиледи."Евразия" уюмунун Кыргызстандагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Кымбат Урумкулова билдиргендей, парктын аянты 10 гектарды түзөт. Мында маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт.Ошондой эле сейил бакта аква жана цирк аянтчасы, батут жана лабиринттери бар балдар ойноочу жайы, кичи стадион, ошондой эле интерактивдүү аянт болору кошумчаланды.
Максат Асаналиевге юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Максат Асаналиев былтыр июнда Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров Ош шаарында болуп, майыптуулугу бар балдарга көп функционалдуу коляскаларды тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрдин айтымында, республика боюнча жалпысынан 304 даана кресло-коляска сатылып алынган жана алар 3 жаштан 18 жашка чейинки каттоодо турган балдарга таратылмакчы. 2025-жылдын 25-апрелинен тартып кресло-коляскалар региондордогу башкармалыктарга жеткирилүүдө. Азыркы учурда 60 даана кресло-коляска аймактарга жөнөтүлдү. Бул иш-чаралар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо сапатын жогорулатууга, алардын кыймыл-аракетин камсыз кылууга жана оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Кыргызстанда рубль менен операциялар жаңы тартип боюнча жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жазды. Минкаб башчысы соңку жылдарда банктардан тышкары жүргүзүлгөн операциялар көбөйүп, санкцияларды кыйгап өтүүгө шарт түзүп келген. Мындан улам акчаны ачык-айкын которууга шарт түзүү максатында рубль колдонуу тартибине өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, рубль менен операциялар мамлекеттин "Борбор Азиянын Капитал Банкы" аркылуу жүргүзүлүп, которуулардын суммасы боюнча эч кандай чектөөлөр коюлган эмес. Ошондой эле ал акчаны Россиядагы санкцияга туш болбогон бардык финансы уюмдары аркылуу которуп, Кыргызстандан "Борбор Азиянын Капитал Банкынын" каалаган филиалынан алса болорун кошумчалады.Бишкекте "Евразия" маданий-көңүл ачуучу паркын куруу долбоору сунушталды. Паркты Орок айылына куруу пландалууда. Долбоор Евразия экономикалык биримдигинин 10 жылдыгына карата Кыргызстандын министрлер кабинетинин колдоосу менен "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму тарабынан ишке ашырылат. Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова президент Садыр Жапаровго долбоорлорго үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал мамлекет башчынын Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле ЕАЭБ алкагында стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган саясатын белгиледи."Евразия" уюмунун Кыргызстандагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Кымбат Урумкулова билдиргендей, парктын аянты 10 гектарды түзөт. Мында маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт.Ошондой эле сейил бакта аква жана цирк аянтчасы, батут жана лабиринттери бар балдар ойноочу жайы, кичи стадион, ошондой эле интерактивдүү аянт болору кошумчаланды.Максат Асаналиевге юстициянын генерал-майору атайын наамы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Максат Асаналиев былтыр июнда Кыргызстандын башкы прокурору болуп дайындалган.Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров Ош шаарында болуп, майыптуулугу бар балдарга көп функционалдуу коляскаларды тапшырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Министрдин айтымында, республика боюнча жалпысынан 304 даана кресло-коляска сатылып алынган жана алар 3 жаштан 18 жашка чейинки каттоодо турган балдарга таратылмакчы. 2025-жылдын 25-апрелинен тартып кресло-коляскалар региондордогу башкармалыктарга жеткирилүүдө. Азыркы учурда 60 даана кресло-коляска аймактарга жөнөтүлдү. Бул иш-чаралар мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жашоо сапатын жогорулатууга, алардын кыймыл-аракетин камсыз кылууга жана оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/04/1e/1093663228_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6ceeda545be66b6b609e3c48561a9424.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио