Алданып калбаңыз! Батир алам дегендерге юристтин 9 кеңеши

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЖилой дом для переселения по программе реновации в Москве
Жилой дом для переселения по программе реновации в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда учурда үй курган 130дан ашуун компания бар. Ал арада батир алам деген кардардын адашып, алданып калган учурлары да арбыды. Өзгөчө бул курулуш компаниясына үлүштөш болуп, улам акча салып отуруп, анан үйлүү болгондордун арасында көп кездешүүдө.

Кээ бир үйлөргө мыйзамсыз түшкөн деп соттун түрттүрүү тууралуу чечими чыкса, бир катарларынын курулушу бир нече жылдан бери бүтпөй, эл фирмалардын эшигин жыртып жүрөт. Жакындан бери курулуш рыногунда жаңы — жер ижарага 10 жылга жетпеген убакка алынган "модалуу" көйгөй пайда болду.

"Прецедент" фирмасынын төрайымы Фатима Якупбаева үлүштөш болуп үй алам деп кадам таштаардан мурда төмөнкү учурларга көңүл бөлүү керектигин айтты.

Батир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мугалим менен врачтар өкмөттөн үй ала элек. Мамлекет курган тамдар кимге тийген
*Курулуш компаниясынын документтерин сөзсүз текшериңиз. Ишкананын юстиция органдарынан каттоодон өткөнү, курулуш ишмердүүлүгүн (мөөнөтү жана категория) жүргүзүүгө уруксат берген лицензиясы болушу керек. Айтылган маалыматтарды Юстиция министрлигинин сайтынан көрүп, билип алсаңыз болот.

*Кызыл китеп. Бул жарандын жер тилкесинин кожоюну экендигин тастыктаган документ.

*Кызыл китеп болбосо, жашыл китепти сөзсүз сураш керек. Ал адамдын же юридикалык тараптын жерди пайдаланууга жана ээлик кылууга укуктуу экендигин тастыктаган документ.

*Дагы бир эске сала турган учур — чакан тамдын көп кабаттуу үй болуп кайра өзгөргөндүгү тууралуу жазылган документти да кароо зарыл. Адатта алгач үй баштапкы учурунда жеке менчик жай катары катталат. Кийин курулуш компаниясы көп кабаттуу үй салганда ошого карап өзгөртүлөт.

*Компания сизге көк китеп (айыл чарбасы үчүн бөлүнгөн тилке) көрсөтсө, аны айланып өтүңүз.

*Компаниянын жер салыгын төлөнгөн-төлөнбөгөнүн көздөн кечирип койгон ашыктык кылбайт.

*Салык. Сиз ишенип, жакшы үмүт менен үй алам деген фирманын канча салык төлөгөнүн интернеттен илгиртпей эле таап алсаңыз болот. Ал үчүн бул шилтемеге кириңиз: Эмне үчүн салыкка басым жасап жатабыз? Ак иштеген, мыйзамдуу иш алып барган, өзүнүн келечегин ойлогон ишкана салыкты жаап-жашырбай төлөйт. Анын суммасы канчалык көп болсо, демек компания ошончолук көп турак жай курган.

Кыргызстанда сугат жерлерине курулган канча миң үй мыйзамдаштырылат? Инфографика - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сугат жерлерине курулган канча миң үй мыйзамдаштырылат? Инфографика
*Объектинин жалпы техникалык паспортун сураңыз. Техникалык паспорту болбосо курулуш компаниясы көп батирлүү үйдү эксплуатацияга берген декларацияны ала албайт. Анда жалпы үйгө ээ болуп, батирлерди да сата албайт. Үлүштөш болуп батирлүү болом дегендерге айта кетчү нерсе, курулуш учурунда сиз али батирдин ээси эмессиз. Айтмакчы, үлүштөш болуу ээ болуу дегендик эмес, болгону батир куруп берем деп сиздин алдыңызда милдеттенме алган фирмага акча төлөп туруу дегендик.

* Батирдин жеке техникалык паспорту. Батирди сизге сатуу үчүн ага да ал өз алдынча кыймылсыз мүлк катары катталып, өзүнчө техникалык паспорт жазылышы керек. Мындай учурда, албетте, биз жогоруда сөз кылган документ — жалпы үйдүн техникалык паспорту керек болот. Аны аталган документтин негизинде толтурат.

Унчукпай коюп, сатып жиберебиз дегендер бар

Акыркы мезгилдери Кыргызстандын турак жай рыногунда кээ бир көп кабаттуу үй түшкөн жердин ижарасы боюнча маселе жаралууда. Юристтер үңүлүп карай келген кээ бир курулуш компаниялар кардарга көйгөйдү ачык айтпай, жарандарды адаштырып, батирлерди сатып жибергенге аракет кылган учурлар бар. Үй алып жатканда жердин ижарасы канча жыл экендигин сураңыз. Кеч болуп калганда, тагыраагы квартиралуу болуп, үй тургузулган жердин кийинки ижара акысы мойнуңузга илингендигин билгенден соң компаниянын сотко берүү… майнапсыз иш.

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн сырты жасалууда - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн сырты оңдолууда. Сүрөт
Андыктан жогоруда биз санап берген документтерди такылдатып тартынбай, уялбай сураңыз. Тактаңыз…

Жогоруда белгилегендей, жашыл китеп жана кызыл китеп деген пунктка өтө маани берип текшерип, керек болсо документти көрсөтүүнү талап кыла билиңиз. Маалымат үчүн, курулуш компаниясы жерди эң көп дегенде 49 жылга ижарага алышы керек.

Беш жылга ижарага алып ал жерге үй кура салган компаниялар да бар. Бул сизге пайдасыз. Үй үч жылда тургузулса, батир ээси эки жыл жашагандан кийин башын оорутуп жүрөбү? Жердин канча жылга ижарага алынганын үңүлүп караңыз.

Мындан сырткары Sputnik Кыргызстан агенттиги эл оозуна алынган курулуш компанияларын тизмектеп, 2018-жылдын башынан бери республикалык бюджетке ар кандай төлөмдөр аркылуу канча каражат түшүргөнүнө кызыгып көрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0