17:00 22 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.3319
  • EUR79.8391
  • RUB1.0616
Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев

"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек

© Sputnik / Максат Элебесов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
117010

Камакка алынган Максат Чакиев башта көз ачыштырган тамекинин жытынан дем ала албай, жөтөлүп жүргөнүн айтат. Аны адеп убактылуу кармоочу жайдын отуз чакты киши отурган жер төлөсүнө алып келишкен, ал эми уктоо үчүн жети гана керебет бар экен.

Максат Чакиев дайым үлгүлүү жаран болгон: мектепте жакшы окуп, ээнбаштардан оолак карманчу, Бишкекте бушайманга салган 90-жылдары да ирденип кете алды. Маданият, маалымат жана туризм министринин коомчулуктун көзүнө илинип, оозго алынып калган орун басары жөндүү кеби, сөзгө ачыктыгы менен журналисттердин сүймөнчүгү болчу. Бирок 2015-жылы Чакиевдин камакка алынып жаткандагы апкаарыган жүзү интернетте жебедей тараган. Кийин сот ага күчөтүлгөн режимдеги колонияда алты жыл жаза өтөө өкүмүн чыгарган.

— Сиз баш калаага Киров айылынан айтылуу 90-жылдардын даана "кайнап" турган маалында келгенсиз да. Кантип туруштук берип, борбордо кантип жашап кете алдыңыз?

— Оо, ал кез мага жеңил болгон эмес. Анткени үлгүлүү окуучу элем, мендейлердин жанына "эки" алгандардан экөөнү отургузчу мектепте. Бизди коммунисттердей, болочок ленинчи кылып тарбиялашчу. Анан эле Советтер Союзу урайт, башка доор башталат. Мээбизге куйган нерселердин баары заматта керексиз болуп калды.

Ата-энем ишсиз калды, ал эми мен бейтааныш калаада жан багуунун айласын издеп калдым. Ошондо турмуштун биринчи сабагын алгам: жигиттер топ-топ болуп жүрүшү керек экен. Көп болсоңор, сабалбай калышыңар мүмкүн эле.

Агезде Дене тарбия институтунун (Кыргыз мамлекеттик Дене тарбия жана спорт академиясынын) студенттери жана "инкубчулар" (олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын тарбиялануучулары – ред.) шаардын ар бурчунда жүрүшчү. Жогорку окуу жайларга топтошуп келип алып, "салык" салышчу: студенттерди тамеки же дагы бир ошол маалдагы таңсык буюмду таап берүүгө мажбурлашчу.

Ошентип жүрүп Кыргыз улуттук университетин аяктагам. Бирок, ачыгын айтканда, андай билим мага эч нерсе бере алган жок. Диплом колума тийди, ал эми акылым билимге толбоду. Бизге менеджмент жана маркетингди окуткандар өздөрү булардан эч түшүнүгү жок эле.

Кийинчерээк билимимди өзүм толуктоомо туура келди. Ошондон улам мен лекция, тренинг жана конспект жазууга кызыгып кеттим, убакыттын тардыгынан улам ошол кездерде аз жерден аялым менен да ажырашып кете жаздагам.

— Студенттик куракта эмне тамак иччү элеңиз?

— Өзүбүз ойлоп тапкан "гюро-лагман", болгону эт, жашылча, кесмеси кошулчу эмес. Пиязды туурап, майга кууручубуз. Бир аз туз себелеп, нандын үстүнө сүйкөп алсак, даамы аябай чыгып, лагманга окшоп калчу. Бирок, чындыгында, бул тамак өтө зарна кылчу.

Дагы бир амал тапканбыз: квас кишини 2-3 саатча ток кармайт. Агезде ал аябай коюу, топуктуу болчу. Биздин бүтүндөй муун квас менен өстү.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев во время беседы на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Максат Чакиев: үлгүлүү окуучу элем, мендейлердин жанына "эки" алгандардан экөөнү отургузчу мектепте. Бизди коммунисттердей, болочок ленинчи кылып тарбиялашчу. Анан эле Советтер Союзу урайт, башка доор башталат. Мээбизге куйган нерселердин баары заматта керексиз болуп калды.

— Алгачкы эмгек акыңызды кантип таптыңыз эле?

— 1996-жыл болчу. Анда мен Казакстанга каттап, ал жакка жашылча ташычумун. Темиртау шаарында сатаар элем. 90-жылдары ал калаада да баары бузулуп, ири завод гана сакталып калууга болушунча тырышып турган. Ошол кезде экологиялык ченемдерге деле көңүл бурууга чолоолору тийбесе керек, асмандан түстүү химиялык жамгыр жаачу.

Дал ошол жактан өзүмдүн кайталангыс образымды эрксизден жараттым, чач жасалгам эч өзгөрүлбөйт. Адамдар сыртка эмнеге баш кийим кийип, кол чатыр менен чыгарын кайдан билиптирмин? Жанагы түстүү жамгырдан чач түшөт экен. Бир таңда ойгонсом, жаздыгым кара чачка толгон, ошентип сеңселген чачым менен кош айтышкам.

— Кайсы жумушуңузду кызматтык тепкичиңиздеги кескин бурулуш катары санайсыз?

— Улуттук суусундуктарды өндүргөн компанияда пиар-менеджерлик ишти атаар элем. Ошол жерден мен Эгембердиев Табылды Бердигулович менен таанышкам. Ал ишканага орношконум да аябай кызык болгон.

2004-жыл болчу, чоң сынактан кийин талапка төп келген 10 киши калдык. Бизди бир бөлмөгө киргизип, тапшырма беришти. Өзүбүз эле калдык, ошол маалда бир үстөлдө такта, маркер жана фломастерлерди байкап калдым. "Ушул чакта баарыбыз атаандашпыз" деген ой кетти мага, жанагы буюмдардын баарын алдым да, столума коюп алдым.

Бөлмөдөгү жогорку билимдүү, адеби бар адамдардын эч бири андай кеңсе буюмдарына көз артпады. Башка талапкерлер чөнтөктөрүнөн блокнотторун чыгарып, кадимки көк сыя калемдери менен тапшырмаларын жаза баштады.

Көрсө, ал бөлмөдөгүлөрдүн баарын байкап отурушкан экен. Натыйжада менин презентациям аябай кооз жасалды, ал менин атаандаштарымдын бозомтук жоопторунун фонунда ал ого бетер кооз көрүндү. Мени ишке алышты.

— Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болордон мурун казакстандык бир олуттуу ишкананы жетектеп турупсуз. Мындагы мамлекеттик кызматка караганда ал жактагы маяна бир топ жогору болсо керек. Эмнеге кайттыңыз?

— Ооба, албетте, ал жакта акча көйгөйүм болчу эмес, бирок өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкум келди. Билимим Кудайга шүгүр, Японияда окугам, тынбай эмгектенгем. Мамлекеттик деңгээлде иштеп көргүм келди.

— Погончон кишинин сизге биринчи келген жана камалышыңызга байланышкан жаман окуя башталган күн эсиңиздеби?

— Ооба. Ал маңдайыма отурду да мыйзамга жат бир иш жасаганымды кыйытты. Мени эмнеге айыптап жатышканын сурап да жарытарлык жооп ала албадым. Маалыматты атайын жашырып, адамды акылдан тайдырчудай ушундай атайын бир ыкма бар экендигин кийин билип жүрбөймбү. Киши ар нерсени ойлонуп, тынчы кетип, уйкудан калган абалга жеткирет экен.

Бир аздан кийин мени эмнеге айыптап жатышканы билинди. Түштүк Кореянын жаранына Маданият министрлигинин Туризмди өнүктүрүү кеңешинин мүчөлүк күбөлүгүн бергенимден улам чыкты баары. Баса, ал документтин эч кандай күчү жок, акча да, таасир да алып келе албайт. Андай документ менен сизди троллейбуска да бекер салбайт.

Ош шаарына мэр болуп шайланган Таалайбек Сарыбашев
© Фото / пресс-служба полпредства ПКР в Ошской области
Ошол жаран мага каршы көрсөтмө берди. Айтмакчы, кийин ал киши өз мекенинде аферист катары издөөдө экендигин билдим. Биздин ИИМ тутуму өз аброюн өзү кантип кетирип жатканын көрдүңүзбү!?

Погончон адамдар менин айламды кетирип, басым көрсөтө башташты: "Максат, бул жөнүндө журналисттердин билишин каалабайсың да, чынбы? Балким, биз бул ишти прокуратурага өткөрүп саларбыз?..". Алар менден акча талап кылышты. Капкан жабылып калгандай, мен чочулай баштадым, эмне сурашса, баарын таап берүүнү чечтим.

— Бир маегиңизде бул ишти жаап салууга сизден 100 миң сом талап кылышканын айтканыңыз бар. Жубайыңыз, балдарыңыз менен батир ижаралап жашагандыктан, 92 миң сом гана топтой алыптырсыз…

— Ооба, эптеп, колумдан келишинче жыйнагам. Акчаны анын кабинетине алпардым, ошондо мени "далил" менен камашты. Сотто милиционерлер тим эле оюн коюшту: алар мага пара берүү кылмыш деп эскертип, атургай, мага Кылмыш кодексин окуп да беришкен имиш. Эгер алар ушунчалык көшөрүшкөн болсо, анда эмнеге булардын баары болгондон үч күн мурун кылмыш ишин ачышат?

Заместитель министра культуры, информации и туризма, директор департамента туризма Максат Чакиев
© Фото / пресс-служба Минкультуры КР
Чакиев: укук ажыратылган жайларда адамдар эки топко бөлүнөт экен. Биринчиси — "дурус арестанттар". Булар карапайымдар, аларды "братва" деп да коюшат. Экинчи топ — "кызылдар". Бир убакта бийлиги болгон адамдар кирет.

— Бул нерселердин баары эмне үчүн жасалган деп ойлойсуз?

— Ошондо ИИМден паракорчулукка каршы күрөштү талап кылышкан. Жемкорлуктун анык аталарына тийишпейт дагы алардын тандоосу мага – эч бир клан же партияга тиешеси жок кишиге оогон. Мындан тышкары, мен Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарынын автору болчумун, бул шылтоо менен менден аны тартып алып коюшту.

— Сизди кармашкандан кийин эмне болду?

— Башта мени убактылуу кармоочу жайга алып келишти. Ошондо мени жөн кое бербестиктерин, азаптын бар баскычынан өтүп чыгарымды аңдадым. Мага "кызылдар" — мамлекеттик кызматкерлер жана милиционерлер кармалчу жайда отурууну сунушташты.

Көрсө, укук ажыратылган жайларда адамдар эки топко бөлүнөт экен. Биринчиси — "дурус арестанттар". Булар карапайымдар, аларды "братва" деп да коюшат. Экинчи топ — "кызылдар". Бир убакта бийлиги болгон адамдар кирет.

Досум жактоочумдан "братвага" барышымды айттырып жибериптир. Себеби, түрмөгө түшөрүм айкын болуп калган, ал жактан "дурус арестанттар" менен эмнеге отургум келбегендигиме кызыгышмак…

— Алар кандай кабыл алышты анан?

— Билесизби, кылмышкерлер деле адамдар. Кокусунан камакка алынган жарандар толтура ал жакта. Маселен, бирөөсү машина айдап баратканда көзү илинип кетип, киши сүзүп алат. Коомго ал канчалык залалдуу?

Дагы бир жигит менен тааныштым. Ал караокеде эс алып, аябай ичип алат. Тамакка төлөп, бирок көчөгө микрофонду кошо көтөрүп чыгып кетет. Ошол кашайгыр микрофон канча турушу мүмкүн? Мейли, миң сом турсун дейли. Ал эми тигил байкушту алты жылга кесишет.

Абак аны кандай абалга саларын, байкуш жигитти кимге айлантып чыгарарын элестете аласызбы? Бул түзөтүүчү эмес, бул адамдарды кылмышкерге айландырчу жай. Адамдарды сындырат. ИИМдин мурдагы полковниги өкүрүп ыйлаганын көрдүм. Офицер!

— Шарттар туурасында эмне айтасыз?

— Эң жаман жай убактылуу кармоочу жайдын жер төлөөсү болду, ал жакта үч күн кармалдым. Чакан бөлмөдө 30 киши, бирок жети гана жатак бар. Кезектешип уктоого аргасыз болдук.

Ансыз да каңырсыган бөлмөдөн дайым тамекинин жана кишилердин жуунбаган дене жыты уруп турчу. Таза абадан жутуп алуу үчүн кенедей терезенин алдындагы орунду талашчубуз.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Максат Элебесов
Максат Чакиев: эң жаман жай убактылуу кармоочу жайдын жер төлөөсү болду, ал жакта үч күн кармалдым. Чакан бөлмөдө 30 киши, бирок жети гана жатак бар. Кезектешип уктоого аргасыз болдук.

— Биринчи деңгээлдеги сот сизди алты жыл күчөтүлгөн режимге кескенде кандай акыбалда болдуңуз?

— Үрөйүм учту! Ошондо кое беришпестигин азыр түшүндүм, бирок баары бир… Мен эч качан мыйзам бузган эмесмин, үй-бүлөм жаш, алардын жалгыз багары менмин. Азаптын баарын ошол маалда кош бойлуу аялымдын кантип көтөрө билгенине таң калам.

Өз уулум менен абдан сыймыктанам. Интернетте менин дарегиме сын-пикир жайнады, Чакиевди жемкор аташты. Ошондо уулум ар бир пикирдин алдына "Менин атам андай эмес" деп эринбей жазып чыкты. Он жашар бала алынын келишинче менин аброюмду коргоп турду.

— Абакта кандай күндөрдү баштан кечирдиңиз?

— Түрмө — бири-бириңди колдоп жашай турган жер, антпесең, туруштук бере албайсың. Маселен, сага тамак алып келишсе, сөзсүз түрдө башкалар менен бөлүшүүгө тийишсиң.

Ал жакта дайым чифирь ичишет, бул көңүл жайгаруучу чай суусундугу эмеспи. Аябай зыян, боор, бөйрөктөрдү талкалайт, бирок ошондой жаман шарттарда акылдан тайбооңо көмөкчү болот.

Алаксуу үчүн абактагылар дайым бири-бири менен баарлашып, анекдот айтышып, өз тагдырлары тууралуу ойлонбоого тырышышат.

— Соңунда Жогорку сот Түштүк Кореянын тургунуна күбөлүк бергениңизде мыйзамсыз эч бир аракет жасалган эмес деп тапты. Ошентсе да пара бергениңиз үчүн 500 миң сом төлөөгө аргасыз болдуңуз.

— Ооба, мени андан ары кармап эмне кылышмак эле? Максат мүдөөсүнө жетти: ИИМ мындай олуттуу "кылмышкерди" кармаганы боюнча отчетун берди, ал эми чыныгы жемкорлорго залал келтирилбеди.

Ошол жарым миллионду биз туугандар менен жалпылай чогулттук. Сарайлары заңгыраган мамлекеттик кызматтагылардын көпчүлүгүнөн айырмалана менде андай каражат жок эле. Азыр прокуратуранын өзүн сотко берүүнү пландап жатам.

— Келиңиз, түптөлүшүндө сиз башында турган долбоор боюнча сүйлөшөлү. Азыр Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарын кандай баалайсыз?

— Даярдык жакшы жүрүп жаткандыгын көрүп жатам, иш-чара бул ирет да жогорку деңгээлде өтөт. Бирок мени бул долбоордун келечеги түйшөлтөт: кеме башка нук алып сүзүп баратат.

Азыр Көчмөндөр оюндары кадыресе шоуга айланып калды, ал эми биз Олимпиаданын бир түрү болушун кыялданганбыз. Баса, Казакстан мунун дараметин туя алды, алар Этноолимпиада жаратууну көздөп жатышат. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюнун түпкү максаты да ошол эле.

Биринчиден, оюнду эки жылда эмес, төрт жылда бир өткөргөн дурус, себеби, бюджетке күч келет. Экинчиден, аны Кыргызстанда гана калтырууга болбойт. Себеби, чет элдиктер жыл сайын эле бир өлкөгө келгиси жок. Мурда Түркия экинчи оюнду өздөрүндө өткөрүүнү каалаган, үчүнчүсү Казакстанда өткөрүлсө болмок. Бирок иш-чара Кыргызстанда өтөт деп чечилген.

Билишимче, азыр өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков бул долбоордун башка өлкөлөргө берилиши тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мындай шартта Көчмөндөр оюндарынын келечеги маңызын жоготпойт.

Экс-директор Департамента туризма при Минкультуры Максат Чакиев
© Sputnik / Максат Элебесов
Чакиев: чындап эле көз карандысыз 27 жылдан бери бул тутумду биз каалаган киши пансионат кура алгыдай абалга кептедик. Баш аламандык мына ушундан, ким кандай кааласа, ошондой иштейт.

— Башта сиз Кыргызстандагы туризм кандай болушу керектиги тууралуу көп айтчусуз. Азыр бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

— Ысык-Көлдөгү пансионаттарда жакшы тейлөөнүн жоктугуна баары нааразы. Аябай кымбат, ууланып калып же сапатсыз тейлөөгө кабылуу турган иш дешет.

Чындап эле көз карандысыз 27 жылдан бери бул тутумду биз каалаган киши пансионат кура алгыдай абалга кептедик. Баш аламандык мына ушундан, ким кандай кааласа, ошондой иштейт.

Туризм департаментине тейлөө сапатын текшерүүнү уюштуруу жана лицензия берүүгө ыйгарым укуктарды берүүгө мезгил келип жетти деп ойлойм. Мындайды Түркияда ишке ашырышкан, эгер тийиштүү деңгээлге чыгара албасаң, лицензияны алдырасың.

Ооба, бизнестегилер мындай демилгеге каршы чыгышат, бирок мамлекет баары бир бул чөйрөнү көзөмөлгө алганы оң. Бүт дүйнө ушул багытка нук алып барат.

— Ысык-Көлдө Түркиядан да кымбат болушу керектигин айтканыңыз бар. Эмнеге?

— Узак убакыт бою бизге туристтер канчалык көп келсе, ошончолук жакшы деп ойлогонбуз. Бирок Ысык-Көлдүн жээгиндеги 2-3 миллион кишинин зарылдыгы жок экен бизге!

Түркия арзан баасы менен тартып турсун, ал эми биз өзгөчөлүккө басым жасоого тийишпиз. Биздин укмуш, дарылоочу касиетке ээ табиятыбыз бар: радон булактары, таза аба, суу. Дүйнөнүн ар бурчунан бай туристтерди тарта тургандай шарт түзүүбүз абзел.

200 орто баадагы пансионат куруунун зарылдыгы жок! Алардын болгону жүзү иштесин, бирок жогорку деңгээлде тейлесин. Балким, бул аябай өөн учураар, бирок мен ал жактагы баалардын 100-150 доллар деңгээлинде кармоону кубаттайм. "Лексустарды" жасай ала турган болсок, май аз жеген унааларды чыгаруунун кереги жок.

— Азыр да Көлдө эс алууга акчасы жетпей турган кыргызстандыктардын өздөрү эмне кылсын анда?

— Бизде дайым бөлмө, ар кыл конок үйлөрү тейлөөсүн уланта берет. Бирок биз Ростуризм жана Өзбектуризмден үлгү алып, "Кыргызтуризм" мамлекеттик ишканасын ачууга тийишпиз. Ал унутта калган объектилерди, тарыхый жайларды жана эски советтик пансионаттардын ишин жандандырсын. Кыргызстандыктар көндүм адат менен Ысык-Көлгө эле агыла бербей, "Ысык-Ата" же "Жалал-Абад" өңдүү курорттордо да эс алсын.

Тема боюнча

"Азия Молл", арзан турак жай жана майда бизнес үчүн насыя — РКӨФ башчысынын маеги
Дастан Жумабеков: 120 депутаттын баары мыйзам жазууга милдеттүү эмес
Белгилер:
түрмө, туризм, Максат Чакиев, Ысык-Көл, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ