Сания Шакированын апасы Насипа: неберем энесин издеп ыйлап жатат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Миссис мира — 2018" Сания Шакирова
Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3-июнь күнү "Дүйнө сулуусу" аталган Сания Шакирова 30 жашында жол кырсыгынан көз жуумп, артында үч баласы калды.

Дүйнөнүн сулуу айымы — 2018 наамынын ээси Сания Шакирова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыбайм, балдарымды чоңойтом! Бейажал кеткен Сания Шакирова тууралуу 7 факты
Шакированын жанындагы айдоочу менен дагы бир жүргүнчү жаракат алып ооруканага түшкөн. Көп өтпөй Ысык-Көл облустук соту унаанын айдоочусу 31 жаштагы Ч.К. аттуу жаранды ооруканада жаткан жеринен эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарды.

Дүйнө сулуусунун өлүмүнөн кийин "унаанын айдоочусу күч түзүмдөрүндө иштеген адам экен", "Ысык-Көлгө жигити Шакированын колун сураганы алып кетиптир" деген маалыматтар тарады.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Сания Шакированын апасы Насиба Мамбеталиева менен байланышып, окуя тууралуу сүйлөштү.

— Кызыңызды акыркы жолу качан көрдүңүз эле?

— Ысык-Көлгө кетээрден эки күн мурун көргөм. Биз Кара-Балтада турабыз да, Сания Ысык-Көлгө кетээрдин алдында эле келип кеткен.

— Турмушка чыгам деп сизге айтты беле?

— Бир жума мурун айткан, бирок мен сунушун жактырган эмесмин. "Апам баары бир макул болбойт же келгенде эле айтайын" дегенби, айтор, мага айтпай эле Көлгө кетип калыптыр.

— Кызыңыздын колун сураган бала тууралуу эмнелерди айта аласыз?

— Ал баланы эки жолу эле көрдүм. Бир жолу алыстан көрдүм, андан кийин келип учурашып кеткен. Жакындан деле таанышкан эмесмин. Сания ал бала "күч түзүмдөрүндө иштейт" деп айтып калчу. Бирок алардын сүйлөшкөнүнө көп көңүлдөнбөгөндүктөн бала тууралуу кызыгып деле сурабаптырмын.

— Эмнеге көңүлдөнгөн эмес элеңиз?

— Эми кызым буга чейин бир күйөөнү көргөн, үч баласы, жумушу, үйү — баары бар болчу. "Баш оору кылып эмне кыласың?" деп койгом.

— Кырсык боюнча азыр милиция эмне деп жатат? Унаанын айдоочусу күч түзүмдөрүндө иштечү турбайбы?

— Унааны кызымдын колун сураган бала айдап жүрүптүр. Милиция анын мас абалында экенин тастыктады. Күч түзүмдөрүндө иштейт экен. Ал эми жанындагы дагы бир жүргүнчү тууралуу маалыматым жок.

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области3-июнь күнү "Дүйнө сулуусу" аталган Сания Шакирова 30 жашында жол кырсыгынан көз жуумп, артында үч баласы калды
3-июнь күнү Дүйнө сулуусу аталган Сания Шакирова 30 жашында жол кырсыгынан көз жуумп, артында үч баласы калды - Sputnik Кыргызстан
1/5
3-июнь күнү "Дүйнө сулуусу" аталган Сания Шакирова 30 жашында жол кырсыгынан көз жуумп, артында үч баласы калды
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиАйдоочунун мээси чайкалып, сол акыреги сынып, Бишкектеги травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна алып келинген
Айдоочунун мээси чайкалып, сол акыреги сынып, Бишкектеги травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна алып келинген - Sputnik Кыргызстан
2/5
Айдоочунун мээси чайкалып, сол акыреги сынып, Бишкектеги травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна алып келинген
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиСот Шакирова каза болгон кырсыкка себепкер машинанын айдоочусу 31 жаштагы Чынгыз Кондубаевди эки айга камакка алды
Сот Шакирова каза болгон кырсыкка себепкер машинанын айдоочусу 31 жаштагы Чынгыз Кондубаевди эки айга камакка алды - Sputnik Кыргызстан
3/5
Сот Шакирова каза болгон кырсыкка себепкер машинанын айдоочусу 31 жаштагы Чынгыз Кондубаевди эки айга камакка алды
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиСүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан
Сүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан - Sputnik Кыргызстан
4/5
Сүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской области"Намба такси" Шакированын жакындарынан кечирим сураган эмес
Намба такси Шакированын жакындарынан кечирим сураган эмес - Sputnik Кыргызстан
5/5
"Намба такси" Шакированын жакындарынан кечирим сураган эмес
1/5
3-июнь күнү "Дүйнө сулуусу" аталган Сания Шакирова 30 жашында жол кырсыгынан көз жуумп, артында үч баласы калды
2/5
Айдоочунун мээси чайкалып, сол акыреги сынып, Бишкектеги травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборуна алып келинген
3/5
Сот Шакирова каза болгон кырсыкка себепкер машинанын айдоочусу 31 жаштагы Чынгыз Кондубаевди эки айга камакка алды
4/5
Сүрөттө көрүнгөндөй ала салып кеткен автоунаа толугу менен жарактан чыккан
5/5
"Намба такси" Шакированын жакындарынан кечирим сураган эмес

— Айдоочунун жакындары келиштиби?

— Кызымдын колун сураган жигит мага чалып "сиздин макулдугуңузду алып кетсек болмок, Сания уруксат бербей койду дегенинен кетип калганбыз" деп кечирим сурады. Атасы дагы беш-алты киши менен кызымды жерге берерде келиптир. Мен ал адамды деле көргөн жокмун, боз үйдө отургам да, туугандар айтышты.

— Ысык-Көл облустук соту айдоочуну 2 айга камакка алуу чечимин чыгарыптыр…

— Ооба, сот болуп, тергөө бүткүчө деп аны эки айга камоо боюнча чечим чыкты. Бирок тиги бала операция болуптур, абалы кичине жакшырса, абактын ооруканасына которбуз деп милициядан айтышты.

— Ал бала күч түзүмүндө иштесе жазадан оңой кутулуп кетет деп ойлогон жоксузбу?

— Мен тергөөчү менен сүйлөшкөндө эле "атасы дагы органда иштейт экен, сүйлөшүп албагыла" дегем. Күнөөкөр жазасын алыш керек. Адилеттүү чечим чыгышы үчүн болгон аракетимди кылам. Анын үстүнө бул ишке коомчулук, журналисттер кийлигишип жатат, баары калыс болот деп ойлойм.

— "Намба такси" кечирим сурадыбы? Себеби кызыңыз жол кырсыгына кабылган унаа ошолордуку болчу да.

— Жок алар чалган да, келген да жок. 

© Фото / Айжан НурланбековаНасипа Мамбеталиева: кызымдын колун сураган жигит мага чалып "сиздин макулдугуңузду алып кетсек болмок, Сания уруксат бербей койду дегенинен кетип калганбыз" деп кечирим сурады
Миссис мира — 2018 Сания Шакирова - Sputnik Кыргызстан
Насипа Мамбеталиева: кызымдын колун сураган жигит мага чалып "сиздин макулдугуңузду алып кетсек болмок, Сания уруксат бербей койду дегенинен кетип калганбыз" деп кечирим сурады

— Кызыңыздын артында үч баласы калган турбайбы. Алар азыр кайда?

— Ооба, кызымдын артында эки кыз, бир эркеги калды. Улуусу кыз 12 жашта, андан кийинкиси 10, уулу 8 жашта. Сания биринчи жолдошу менен ажырашып Россияга иштегени кеткенде эле балдар мени менен калган. Ошондон бери Кара-Балтада жанымда, ушул жакта окушат. Кызым Кыргызстанга келгенде деле Бишкекте жашап, бул жакка балдарына бат-баттан келип турчу.

— Апасы кайда экенин, эмне болгонун билишеби?

— Улуу кыздары билет. Кичүү уулу кыйналды. Ага баарын айтып түшүндүрсөк дагы эки-үч күндөн бери күтүп "качан келет" деп жол карап, ыйлап жатат. Сагынып жатат окшойт… Өзүм деле эч ишене албай жатам. Кечкисин келип калчудай болуп күтчү болдум.

— Балдардын атасы да күч түзүмүндө иштеген деп уктук эле?

— Ооба, азыр деле ошол тармакта иштейт. Сания каза болгондо келди.

— Буга чейин келип балдары менен жолугуп, алимент төлөчү беле?

— Анда-санда эле келчү, кээде балдарына чалып калчу. Алимент деле төлөгөн жок. Эми апасы жок, балдарын ойлосо келип, жардам берип тураар…

— Өзүңүз балдар менен үйдө элесизби же иштейсизби?

— Сания Бишкекке дагы, Кара-Балтага да сулуулук салондорун ачкан. Кара-Балтадагы салонду азыр мен иштетип жумуш кылам.

Сдемрождениямамулька😇

Публикация от 🌸Saniya🌸 (@shakirovna87) 27 Фев 2017 в 1:52 PST

— Шаардагы иштери кимге калды?

— Азырынча ал жак жабык, эми убакыт өткөндөн кийин көрөбүз да.

— Канча балаңыз бар?

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сания Шакированын өмүрүнө забын болгон айдоочу эки айга камалмай болду
— Беш балам бар. Баары үй-бүлөлүү болушкан. Мен болсо ушул кызымдын балдарын багып бутуна туруп алсын деп колуман келген жардамды берип жаткам. Сания башкалардан өтө аракетчилдиги, колу ачыктыгы менен айырмаланчу. Москвага барып 10 жылдай иштеп Кара-Балтадан үй алып, салондорду ачты. Эми Бишкекке чоң үй салып балдарымды алып кетип, окутам деп жүргөн. Мүнөзү шайыр, ак көңүл, берешен эле…

Жаңылыктар түрмөгү
0