02:30 15 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.4802
  • RUB1.1205
Коом
Кыскача шилтеме алуу
11

Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, режиссер Мар Байжиев 83 жашка толду. Далай залкар инсан менен замандаш болуп, өлкөдөгү адабият, кинонун өнүгүүсүнө бараандуу салым кошкон драматург азыр дагы калемин колунан түшүрбөй келет.

Улуу устатты туулган күнү менен куттуктап, ал-абалын сураганча Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жазуучу менен баарлашып келди.

— Туулган күнүңүз кут болсун! Учурда эмне менен алектенип жатасыз?

— "Манас" эпосу менен алпурушуп, жакында аны орусчага которуп чыгардым. Аны мектеп, жогорку окуу жайларга жеткирүү аракетин көрүп жатам. Антпесе Манасты канкор кылып сүрөттөгөн адабияттар чыгып, жаштарга окутулууда.

— Чыгармачылык жолуңузда жазуучу, журналист, котормочу жана режиссер болуп көп жыл эмгектендиңиз. Азыр кайсынысы сизге жакыныраак болуп калды?

— Убакыттын өтүшү менен ар бири өз балаңдай болуп калат экен. Себеби алар өзүңдүкү да. Андыктан мен бир кесибимди өйдө же ылдый көрбөйм. Баарына бирдей мамиле кылып келем.

Кыргызский драматург, писатель, сценарист и режиссер Мар Байджиев во время интервью
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Мар Байжиев: улуттук идеологияны караган эч ким жок. Бардыгы башаламан болуп кетти. Китеп окуган киши калбай баратат

— Учурдагы кыргыз драматургиясына көз карашыңыз кандай?

— Зээним кейийт. Мисалы, сахнада ар бир айтылган сөздүн кыймыл-аракети же окуясы болуусу абзел. Жада калса сахнада эки адамдын урушу көрсөтүлсө да аны менен режиссер эмнени берип, элге эмнени айтып жатканын көрүүчү дароо түшүнүшү керек. Кинодо дагы ушундай, быдылдап эле сүйлөй беришет. Экранды тасма тарткандар бере турган оюн көрсөтсүн деп берген да. Азыр тасмалардын маңызы, бере турган оюнун өзөгү жок болуп кетти.

— Чыгармачыл инсандар өлкөдө, эл ичинде болгон окуяларды жүрөгү аркылуу өткөрөт эмеспи. Жергебизде акыркы мезгилде болуп жаткан процесстерге көңүлүңүз толуп жатабы?

— Кудайдын буйругу менен 1991-жылы эгемендикти алдык, бул эл-журтубуздун маңдайына жазылган бактысы деп ойлойм. Албетте, көп нерсени башыбыздан өткөрдүк, бирок ырысыбызды көтөрө албай койдук. Мурда уруу-уруу болуп өз ара кыйтыңдап бийлик талашса, азыр партиялар талашууда. Алардын айынан көп иштер аткарылбай калып жатат. Маданият боюнча айтсам, улуттук идеологияны караган эч ким жок. Бардыгы башаламан болуп кетти. Китеп окуган киши калбай баратат, окуса Манасты кан ичкич кылып көрсөтпөйт элек да. Эпосту жөн гана көркөм чыгарма катары эмес, эл-журттун улуттук идеологиясы кылуу зарыл. Бурмаланган жактарын алып ташташыбыз керек.

Киргизский писатель Мар Байджиев
© Sputnik / Дронов
Жазуучу: атам түн ортосунда үйгө келип терезеден кирип, кайра түндө эле кетчү. Орус улутундагы адамдар издеп келчү. Көрсө, ал кезде атам качып жүрүптүр

— Атаңыз жөнүндө сөз кылгым келип отурат. Ташым Байжиев кыргыз интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болуп куугунтукка да алынган. Ошол кичинекей кезиңиздеги көз ирмемдер эсиңиздеби?

— Биринчи интелигенциянын улуулары Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстановдор болсо, кийинкилери менин атам, Мукай Элебаев, Жусуп Турусбеков, Зыяш Бектенов, Абдылас Малдыбаев, Жоомарт Бөкөнбаевдер болгон. 1930-жылдары Тыныстанов коммунизмге каршы чыккан делип, партиядан чыгарылып, жумуштан кетирилген. Анын мындай кыйын абалга туш болушуна агартуучунун синтаксис боюнча жазган китеби себеп болгон экен. Ал өз эмгегинде мисал катары "орооңдо даның көп болсо, корооңдо малың көп болот" деген эки сүйлөмдү кошуптур. Ошол эки сүйлөм үчүн Тыныстанов элди манапчылыкка үндөгөн деп айыпталган. Ал эми атам Тыныстановдун шакирти болуп, анын жетектөөсү мене морфология боюнча эмгек жазып, 1930-жылдардын соңунда ал дагы кысымга кабылыптыр. Анда мен кичинекей бала болчумун, бирок эсимде бар. Атам түн ортосунда үйгө келип терезеден кирип, кайра түндө эле кетчү. Орус улутундагы адамдар издеп келчү. Көрсө, ал кезде атам качып жүрүптүр. Ошол маалда НКВДнын башчысы жумуштан алынып бир ажалдан аман калган. Кийин согуш аяктаганда "Манас" эпосу боюнча иш алып барып, улутчул делип түрмөгө камалды. Ага чейин жөөттөр "Манасты" орусчага бурмалап которуп, аны жогорку кызматтагы аткаминерлердин колдоосу менен басмаканадан чыгарып жиберишкен. Жоопкерчилик атамдын мойнуна илинип калган.

— Сиз атаңыздын жолун жолдоптурсуз, сизди тарткан балдарыңыз барбы?

— Билбейм. Негедир балдарым менин жолумду жолдогон жок. Себеби алар мен көргөндү көргөн жок да. Менин деле жазуучу болуп, проза, драма жазып калганыма баштан өткөргөн кыйын тагдыр, түйшүк жана элдин оор турмушу себеп болду окшойт. Ошол ойлорду аргасыздан чыгарма аркылуу берүүгө туура келди.

Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө үмүтүм бар. Башкысы биримдик болсо, максаттар ишке ашат. Биз көп жашап, көптү көрдүк. Балдарыбыз, неберелерибиз жана кийинки муун кыйналбаса экен деп тилейм.

Тема боюнча

Саламат Садыкова: эки кишинин өлүмүнөн кийин көп ойлончу болдум
Дүйшөн менен Алтынайдын ажайып ыры. "Биринчи мугалим" тууралуу 11 факты
Белгилер:
драматург, жазуучу, Мар Байжиев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ