08:58 15 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.2500
  • EUR78.8515
  • RUB1.0374
Колунда илгич кармап турган адам. Архив

Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Бегимай Бакашева
87820

Былтыр жакындары тараптан зордук-зомбулукка туш болгон балдардын саны өскөн. Мисалы, 2016-жылы сексуалдык зомбулукка 40 бала туш болсо, 2017-жылы 55ке жеткен.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Коомдо ордун таппай калган адамдар жашоого болгон таарынычын өз балдарынан чыгарат. Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкектеги психологиялык борборлордун биринин жетекчиси Айзада Танаева билдирди.

Психолог Айзада Танаева в офисе
© Фото / Анастасия Рахманова
Бишкектеги психологиялык борборлордун биринин жетекчиси Айзада Танаева

Адистин айтымында, алар адатта карьерасы оңунан чыкпаган, достору жок, жашоодон ырахат ала албаган адамдар болот.

"Мындай кишилер болгон-толгон өксүгүн балдардан чыгарганга аракет кылат. Анткени бала кечирет, эч жакка кете албайт. Мындан улам алар өздөрүн күчтүү сезишет", — деди Танаева.

Ошондой эле бала кезде ур-тепки көрүп чоңойгон балдардан кийин заардуу ата-эне чыгарын кошумчалады.

"Кээ бир адамдарда күчтүү, жашоонун оош-кыйышына туруштук берген инсанды тарбиялоо үчүн аны катуу кармаш керек деген жаңылыш түшүнүк бар. Мени кичинемде ар бир катачылыгым үчүн жазалап турушкандыктан, жаман иштерди кылбай чоңойдум. Балама дагы ошондой тарбия зарыл деп ойлошот. "Катаал" үй-бүлөдө чоңойгон бала өспүрүм кезде өзүнөн алсыздарга текебер мамиле жасап, жан-жаныбарды кыйнап өлтүрүүгө ыктап турат", — деди психолог.

Ал эми "Балдардын укуктарын коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова балдарына өз көйгөйү менен өзү калып калган аялдар кол көтөрөт деген пикирде.

Глава общественного фонда Лига защитников прав ребенка Назгуль Турдубекова во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Балдардын укуктарын коргоо лигасынын" жетекчиси Назгүл Турдубекова

"Аял адатта күйөөсү таштап, ошол эле учурда өз туугандарынан колдоо таппай калган учурда агрессияга алдырат. Анткени мындай учурда көбүнчө моралдык гана эмес, материалдык жактан дагы кыйналышат", — деди Турдубекова.

Мусапыр балдар көбөйдү

Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо башкармалыгынын маалыматына караганда, былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу жакындарынан кордук көргөн балдардын саны өскөн.

"Сабалган балдардын саны 2016-жылы 87 болсо, 2017-жылы 85 болгон. Сексуалдык жактан кордолгондор бир жыл ичинде 40тан 55ке жетти. Ал эми психологиялык зомбулукка мурдагы жылы 12 бала туш болсо, былтыр 28 бала болуп кеткен", — деп айтты башкармалыктын бөлүм башчысы Гүлмира Ахматова.

Келерки жылдарда дагы дал ушундай маанай чөгөргөн сандарга туш болбош үчүн үй-бүлө мүчөлөрү тараптан кордолуп жаткан балдар жөнүндө билип калган кошуна, мугалим, тууган-туушкандар тиешелүү органдарга арызданышы керек.

"Ушул тапта Кыргызстанда ар бир райондо Социалдык өнүгүү башкармалыгынын алдында Үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмдөрү бар. Кордолгон балдар тууралуу маалыматы бар жарандар ошол бөлүмдөргө кайрылып же 111 ишеним номерине чалса болот. Ал күнү-түнү иштеп, бардык чалуулар купуя сакталат", — деди Ахматова.

Мындай балдардын ата-энеси дагы ар тараптуу жардамга муктаж экенин психолог Айзада Танаева белгиледи.

"Баланы жараткан ата-энеси ага каалагандай мамиле кыла алат деп ойлобошубуз керек. Анткени зомбулуктун кандай гана формасы болбосун, бул мыйзам бузууга жатат. Агрессияган алдырып бара жатканын байкаган ата-эне психологдорго, атайын педагогдорго, уюмдарга, фонддорго кайрылышы шарт", — деди Танаева.

Бөбөктөрдүн жанын сактап калуу үчүн кандай иштер жасалууда

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин учурдагы максаты — кордолуп жаткан балдар тууралуу болушунча эрте маалымат алып, эрте жардам көрсөтүү. Бул максатта 2015-жылы өкмөттүн токтому менен "Зомбулук көргөн үй-бүлө жана балага эрте жардам көрсөтүү" планы иштелип чыккан. Анын алкагында мамлекеттин заказы менен бейөкмөт уюмдар тарабынан 23 жардам көрсөтүү борборлору ачылган. Ал үчүн мамлекет 21 ммиллион сом каражат бөлгөн.

Министрликтин өкүлү Гүлмира Ахматованын маалыматына караганда, ушул жылы дагы жетиден кем эмес борбор ачуу пландалып жатат. Аталган жайлардан үй-бүлөсүнөн кордук көргөн бардар гана эмес, чоңдор дагы медициналык жана психологиялык жардам ала алышат.

Эске салсак, өткөн дем алыш күнү Ошто өз энеси депкир менен сабаган бала ооруканада эсине келбеген бойдон чарчап калган. Бул окуя кордолуп жаткан балдар көйгөйүн эске салып, коомчулукту бир силкинтти.

Тема боюнча

Апасы сабап ооруканада чарчаган баланы соцкызматкерлер жерге берди
Депкир менен сабалган баланын сөөгүн туугандары алуудан баш тартты
Белгилер:
үй-бүлө, бала, зомбулук, жардам, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ