Үч күндөн бери уктай элекпиз! Ызгаар сууктан ооруканалар кантип чыкты

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева"Национальный центр охраны материнства и детства" в мкр. Джал
Национальный центр охраны материнства и детства в мкр. Джал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТЭЦтеги авария, сырттагы катуу суук бир топ адамды бушайманга салып, калаанын калкын үшүтүп, ооруканаларга да кедергисин тийгизбей койгон жок.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги балдар жаткан ооруканалар абалдан кантип чыгып жатканын көрүп келди.

Жылыткычка жылынган эне-бала

30-январь күнү кечке жуук №3 балдар клиникалык ооруканасына бардык. Сырттагы суукка карабай оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмүралиев жылуу халатын кийип алып айыл чарба кызматкери менен генератордун үстүн жылуулап жаап жүрүшүптүр. Кокус жарыкка күч келип өчүп калса, генератор ишке даяр болушу керек дейт ал. 

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева№3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүралиев айыл чарба кызматкери менен генератордун үстүн жылуулап жаап жүрүшөт
Городская детская клиническая больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
№3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүралиев айыл чарба кызматкери менен генератордун үстүн жылуулап жаап жүрүшөт

"Бул генератор реанимациядагы жарыкты камсыз кылат. Ал жакта бүт баары аппаратта жаткан ымыркайлар. Азыр бардык палатага жылыткыч сайып жатабыз. Кокус күч келип жарык өчүп калса, бардык нерсеге даяр болушубуз керек. Мунун үстүн буга чейин жапкан деле эмеспиз, ушул суукта тоңуп калбасын деп мына минтип эки каттап жаап койдук", — деди Өмүралиев.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБул генератор реанимациядагы жарыкты камсыз кылат. Ал жакта ымыркайлар жалаң аппаратта жатат
Городская детская клиническая больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бул генератор реанимациядагы жарыкты камсыз кылат. Ал жакта ымыркайлар жалаң аппаратта жатат
Башкы дарыгер үч күндөн бери үй бетин көрө электигин айтып, бир жумалык суук көп кишини түйшүккө салганын жашырган жок.

"Ооруканадагы балдар энелери менен үшүп калбасын деп үч күндөн бери ушул жерде жүрөбүз. Бул жакта иштегениме 40 жылдан ашты, практикамда биринчи жолу ушундай учур катталып жатат. Негизи ооруканада 400 бейтап жатышы керек болсо, азыр анын 120сы бош. Жакшыларын үйлөрүнө чыгардык", — деди дарыгер. 

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева№3 балдар ооруканасынын ичи салкыныраак экен. Палаталарда жылыткыч сайылган
Городская детская клиническая больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
№3 балдар ооруканасынын ичи салкыныраак экен. Палаталарда жылыткыч сайылган

Оорукананын ичине кирип дароо эле батареяларын кармадык. Жылымык. Кызматкерлер үстүлөрүнө жылуу жемпир, халаттарын кийип алган. Биз кирген төрт-беш палатада жылыткыч иштеп туруптур. Бирок баарында эмес. Ары жактан бир келин "бизде суук, жылыткыч бериңиздерчи" деп кыйкырып калды.

"Балам экөөбүз ооруканага катуу суук башталганда келдик окшойт. Бир келин жылыткыч үйүнөн алдырып, ошо менен жан калып жаткан. Бүгүн ал чыгып кетип, үшүй баштадык", — деп башкы дарыгерге арызданып алды.

Өмүралиев дароо ошол палатаны караган дарыгерге чалып, маселени чечишти окшойт.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваМындан улам энелер балдарын жылуу кийинтип, ороп коюп жатышканын айтты
Городская детская клиническая больница в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Мындан улам энелер балдарын жылуу кийинтип, ороп коюп жатышканын айтты
"Мындай авария болуп кетээрин баарыбыз эле билген жокпуз да. Ошондуктан запаста жылыткычтар деле жок болчу. Ишкерлер, шаардык кеңештин депутаттары бирден-экиден алып келди. Базарга барсак жылыткыч деле калбай калыптыр, сатуучулар да баасын аябай көтөрүп жиберишкен экен", — деди башкы дарыгер.

Чыгып баратсак Өмүралиев "ай, эшиктерди кирип чыккан сайын жаап турбайсыңарбы" деп бейтап, оорукана кызматкерлерине кайрылып, ачылып турган эшиктерди өзү жаап чыкты.

ТЭЦтеги аварияны сезбегендер

Ал жактан чыгып "Жал" кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборуна бардык. Алгач эле көзгө "Эшикти жаап киргиле. Суук" деген жазуу урунду. 

Кире бериш бир аз салкыныраак экен. Андан соң борбордун жетекчиси Камчыбек Узакбаевге жолугуп ооруканага экскурсия жазадык. Алгач эле ымыркайлар жаткан жандандыруу бөлүмүнө баш бактык. Айына жете элек төрөлгөн муштумдай балдар атайын аппаратта жыпжылаңач жатыптыр. Бул жерде бөлмө температурасы 29 градустан төмөн болбошу керек экен. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваЭне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев: суук катуу болуп, эшик улам ачылып-жабылгандыктан температура оорукана ичинде 1-1,5 градуска чейин төмөндөдү
Директор Национального центра охраны материнства и детской хирургии Камчыбек Узакбаев - Sputnik Кыргызстан
Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев: суук катуу болуп, эшик улам ачылып-жабылгандыктан температура оорукана ичинде 1-1,5 градуска чейин төмөндөдү

"Биздин бөлүмдө жүрөк кемтиги менен, көтөн чучугу туюк төрөлгөн оор абалдагы наристелер жатат. Андыктан дайыма жылуу, ал тургай 30 градуска чейин ысык болушу зарыл. Биз сыртта катуу суукка карабай температураны түшүргөн жокпуз. Кокус кичине эле температура төмөндөп кетсе, балдар чарчап калышы ыктымал", — деди аталган бөлүмдүн башкы дарыгери Айна Жетыбаева.

Күрмөчөн киргем, тез эле тердеп кеттим. Батареяларды кармап көрсөм №3 балдар ооруканасына салыштырмалуу кол тийгис, ысык. 

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваАталган борбордун ымыркайлар жаткан жандандыруу бөлүмүндө температура 29 градусту көрсөтүп, наристелер жылаңач жатат
Национальный центр охраны материнства и детства в мкр. Джал - Sputnik Кыргызстан
Аталган борбордун ымыркайлар жаткан жандандыруу бөлүмүндө температура 29 градусту көрсөтүп, наристелер жылаңач жатат

"Биз жылуулукту "Жал" кичирайонундагы жылуулук борборунан алабыз. Ал эми ылдый жакта биздин базабыздагы төрөт үйү менен педиатрия бөлүм ТЭЦ менен байланышта. Ага карабай ал жакты да жылуу кармаганга аракет кылдык. Суук катуу болуп, эшик улам ачылып-жабылгандыктан температура оорукана ичинде 1-1,5 градуска чейин төмөндөдү. Сырттагы 30 градус сууктан бир генераторубуз аварияга учурап, бирок өз убагында оңдоого жетиштик. ӨКМ, Кыргызгидрометтин "суук болот" деген маалыматынан улам ага чейин жылуу жууркан, жылыткычтарыбызды даярдап койгонбуз", — деди Узакбаев.

© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваБалдар үчүн атайын аппараттардын ичи андан да ысык
Балдар үчүн атайын аппараттардын ичи андан да ысык - Sputnik Кыргызстан
1/4
Балдар үчүн атайын аппараттардын ичи андан да ысык
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваНаристелер сырттагы суукту сезбей өмүр менен күрөшүп жатышат
Наристелер сырттагы суукту сезбей өмүр менен күрөшүп жатышат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Наристелер сырттагы суукту сезбей өмүр менен күрөшүп жатышат
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваКокус температура төмөндөп кетсе, балдардын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал
Кокус температура төмөндөп кетсе, балдардын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал - Sputnik Кыргызстан
3/4
Кокус температура төмөндөп кетсе, балдардын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал
© Sputnik / Таалайгуль УсенбаеваПалаталарда жаткан эне-балдар жылыткыч иштебей эле жеңил кийинип жүрүшөт
Палаталарда жаткан эне-балдар жылыткыч иштебей эле жеңил кийинип жүрүшөт - Sputnik Кыргызстан
4/4
Палаталарда жаткан эне-балдар жылыткыч иштебей эле жеңил кийинип жүрүшөт
1/4
Балдар үчүн атайын аппараттардын ичи андан да ысык
2/4
Наристелер сырттагы суукту сезбей өмүр менен күрөшүп жатышат
3/4
Кокус температура төмөндөп кетсе, балдардын өмүрүнө коркунуч жаралышы ыктымал
4/4
Палаталарда жаткан эне-балдар жылыткыч иштебей эле жеңил кийинип жүрүшөт

Палаталарда жаткан эне-балдар жылыткыч иштебей эле жеңил кийинип жүрүшөт. Жетекчилердин да жүрөгү тынч.

Төрөт үйлөрү

Калаадагы төрөт үйлөрүнө болсо 27-январда, ТЭЦтеги авариянын эртеси эле барганбыз. Ал жактарда бөлмө температурасы 21…22 градусту көрсөтүп, №1 төрөт үйүнүн башкы дарыгери Аминат Байтикова биринчи кабат муздак болгондуктан сактанууга жаткан кош бойлуулардын баарын үйүнө чыгарганын айткан. 

© Sputnik / Таалайгуль Усенбаева№1 төрөт үйүндө 27-январь күнү бөлмө температурасы 21...22 градусту көрсөтүп жаткан
№1 городской родильный дом в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
№1 төрөт үйүндө 27-январь күнү бөлмө температурасы 21...22 градусту көрсөтүп жаткан

"Экинчи кабатта жаңы төрөгөн келиндер жатат. Ал жакта азырынча жылуу. Температура 20дан ылдыйлай баштаса палаталарга жылыткычтарды, төрөт залдарында генераторлорду иштетебиз. Абалы жакшыларды үйлөрүнө чыгардык. Азыр дагы төрөгөндөр келип жатат, кабыл алуудабыз", — деп жооп берген Байтикова.

ТЭЦ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков ТЭЦте эмне себептен авария болгонун айтып берди
Ал эми №2, 3 жана 4 төрөт үйлөрүндө абал туруктуу экендиги кабарланган.

Эскерте кетсек, 26-январь күнү кечинде ТЭЦте авария болуп, кубаттуулугу эки эсе төмөндөп кеткен. Бир күндөн кийин өкмөт көйгөй чечилгенин айтканы менен жылуулук берүү калыбына келген эмес. 29-январь күнү дагы бир түтүктөн жаракат кеткени белгилүү болгон.

Ал эми шейшемби күнү, 30-январда шаардыктардын үйлөрүнө кайрадан жылуулук бериле баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0