Сурабалдиева: эмнеге ТЭЦтин системасын кытайлыктар башкарып жатат?

Жазылуу
Эл өкүлү ТЭЦ стратегиялык маанидеги объект болгондуктан УКМК көңүл бурушу керектигин белгиледи

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эмне себептен ТЭЦтин системасын кытайлыктар башкарып жатат? Анысы аз келгенсип Кыргызстандын бюджетинен айлык да алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаты Элвира Сурабалдиева профилдик комитеттин жыйынында билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Эльвира Сурабалдиева
Депутат Эльвира Сурабалдиева - Sputnik Кыргызстан
Депутат Эльвира Сурабалдиева

Белгилей кетсек, ЖКнын отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети Бишкек жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрдү.

"Эмне себептен система кытайлыктардын башкаруусуна берилип калган? Эмнеге муну УКМК карабайт", — деп Сурабалдиева суроо салды.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук энергохолдинг: коркпогула, коңшулардан электр энергия сурабайбыз!
ТЭЦтин өкүлдөрү болсо мындай көрүнүш эки тараптуу келишимдин негизинде аткарылып жатканын айтышты. Алар ошондой эле келишимдин алкагында кытайлык адистер объектинин иштөө процессин көзөмөлгө алышарын кошумчалашкан.

"Келишим боюнча алар системаны эки жыл башкарышат. Аларга эч ким мамлекеттин бюджеттен айлык төлөгөн жок", — деп ТЭЦтин кызматкерлери билдиришти.

Бирок депутат алардын сөзүнө ишенбей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0