Сүйүнчү пул берүүнүн жолу жеңилдетилүүдө

© AFP / JEAN-SEBASTIEN EVRARD Кормление новорожденного ребенка
Кормление новорожденного ребенка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев сүйүнчү пул алуу үчүн жарандар алгач банк эсебин ачуу керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы балага сүйүнчү пул берүү механизмдерин жөнөкөйлөштүрүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министр Таалайгүл Исакунова балдарга сүйүнчү акча алуунун жол-жобосун түшүндүрө кетти.

"Быйыл балалуу болгон жарандарга сүйүнчү пул каттоо кызматынын системасы аркылуу берилет. Ата-энелер калкты тейлөө борборлорунан, никени каттоо бөлүмдөрүнөн баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып жатканда эле "балага сүйүнчү" акчасы үчүн арыз таштап коюушу зарыл", — деди министр.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев сүйүнчү пул алуу үчүн жарандар алгач банк эсебин ачуу керектигин баса белгиледи.

Ымыркай көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайга сүйүнчү пул качан жана кантип берилет? Министрлик жол-жобосун айтты
"Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 363 маалымат киоску, 58 нике каттоо бөлүмү, 22 калкты тейлөө борбору иштейт. Аталган мекемелер аркылуу жарандар социалдык төлөмдөрдү тез убакытта алыша алат", — деди Догоев.

2018-жылдын 1-январынан тарта "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын "балага сүйүнчү" пункту ишке кирген. Анда ушул жылдын январь айынан баштап төрөлгөн бардык ымыркайга 4000 сом өлчөмүндө акча берилиши керек болчу.

Бирок Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда көмөк каражатты эч ким ала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0