Эгиз кыздарга үйлөнгөн эгиздер: келинчектерибизди алмаштырып алган учур болот

© Фото / Nur MediaБлизнецы-молодожены Асан и Усон Токтосуновы и Гулкыз и Нуркыз Турдалиевы
Близнецы-молодожены Асан и Усон Токтосуновы и Гулкыз и Нуркыз Турдалиевы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асан жана Үсөн аттуу эгиз балдар Нуркыз жана Гүлкыз деген эгиз кыздарга үйлөнүшкөн. Учурда эки түгөй тең бир үйдө жашап жатышат. Алар Жалал-Абадда жашагандыктан редакциябызга келе алышай, WhatsApp тайпа аркылуу маек курдук.

Жанымда отурган кесиптештериме эгиздерден интервью алып жатканымды айтсам "аял, күйөөлөрүн байкабай алмаштырып албайт бекен?" деп сурап жатышты. Негизи эле эгиздердин жашоосу кызыктуу. Ал эми эгиздерге баш кошкон эгиздер тууралуу билүү андан кызык болот экен. Асан жана Үсөн Токтосуновдор 26 жашта. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынан болушат. Гүлкыз жана Нуркыз Турдалиевалар 22 жашта. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айылында туулушкан. Асандын келинчеги — Гүлкыз, Үсөндүн келинчеги — Нуркыз.

© Фото / Nur MediaАсан жана Үсөн Токтосуновдор 26 жашта. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынан болушат
Близнецы-молодожены Асан и Усон Токтосуновы и Гулкыз и Нуркыз Турдалиевы - Sputnik Кыргызстан
Асан жана Үсөн Токтосуновдор 26 жашта. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынан болушат

— Биринчи ким менен ким таанышкан?

Эгиз балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бешиктерин катар койбойт. Эгиздерге карата 6 "болбойт"
Үсөн: — Алгач мен Нуркыз менен таанышкам. Экөөбүз мындан эки жарым жыл мурун "Одноклассники" тармагы аркылуу табышып калганбыз. Ал убакта экөөбүз тең Москвада иштечүбүз. Башында интеренет аркылуу эле сүйлөшүп жүрдүк. Кийинчерээк жолугушуп, бири-бирибизди жакындан таанып билип мамиле куруп кеттик.

Нуркыз: — "Одноклассники" тармагында отурсам Үсөн достук жиберип калды. Карасам, келбеттүү эле бала экен. Анан достугун кабыл алып, жазгандарына жооп берип жатып сүйлөшүп калдык. Башында эгизи бар экенин билген эмесмин. Бир күнү сүйлөшүп жатсак "эгизим бар" деп калды. Анан мен да айттым. Андан соң бири-бирине номерлерин берип Асан менен Гүлкызды тааныштырганбыз.

© Фото / Nur MediaГүлкыз жана Нуркыз Турдалиевалар 22 жашта. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айылында туулушкан
Близнецы-молодожены Асан и Усон Токтосуновы и Гулкыз и Нуркыз Турдалиевы - Sputnik Кыргызстан
Гүлкыз жана Нуркыз Турдалиевалар 22 жашта. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айылында туулушкан

— Асан менен Гүлкыз да Москвадан жолугушканбы?

Асан: — Гүлкыз экөөбүздун эң биринчи жолугушуубуз Ош аэропортунда болгон. Москвадан келгенинде тосуп алганы баргам, бул бир чети жолугушуубузга да себеп болгон. Эки жылдан ашуун сүйлөшүп жүрүп, буйрук экен баш кошуп калдык. Өткөн жылдын 29-октябрында үлпөт тоюбузду өткөрдүк. Биздин өзгөчө тоюбузга таң калгандар көп болду.

— Мурда эгиздерге үйлөнсөм же турмушка чыксам деп кыялданчу белеңиздер?

Гүлкыз: — Ооба. Чынында эле биздин ошондой кыялыбыз бар болчу. Жолдошумдун ата-энеси да эгиз кыздарды келин кылууну ниет кылышкан экен. Азыр тилегибизге жеттик деп кубанып отурушат.

— Учурда эмне менен алектенесиздер?

Асан: — Азыр айылда эле чарбалык жумуштар менен. Ал эми келинчектерибиз үй тиричилиги менен алек. Баарыбыз бир үйдө жашайбыз.

© Фото / Nur MediaТүгөйлөр эки жылдан ашуун сүйлөшүп жүрүп, өткөн жылдын 29-октябрында баш кошушкан
Близнецы-молодожены Асан и Усон Токтосуновы и Гулкыз и Нуркыз Турдалиевы - Sputnik Кыргызстан
Түгөйлөр эки жылдан ашуун сүйлөшүп жүрүп, өткөн жылдын 29-октябрында баш кошушкан

— Кээде байкабай күйөө, аялдарыңыздарды алмаштырып алган учур болду беле?

Мамытбай Салымбековдун уулу — Курманбек Осмоновдун кызы - Sputnik Кыргызстан
Кыз алышып-беришкен саясатчы кудалар. Депутаттардан президенттерге чейин
Асан: — Ооба. Андай окуялар анча-санда болуп турат (күлүп). Үйдө да окшош кийинип жүрөбүз. Айрым учурларда байкабай түгөйүңдүн аялын, өзүңдүкүңдөй көрүп эркелетип аласың. Кээде адашып барып кучактап алган учурлар да болот. Көп адаштыра бергенден келинчектерибиз эки башка кийинишет.

— Силердин окшош жактарыңар көп экен, айырмаланган нерсеңер эмне?

Нуркыз: — Албетте мүнөзүбүздөн, үнүбүздөн жана күлкүбүздөн айырмаланып турабыз. Ошондой эле жүзүбүздө да бир аз айырма бар.

— Баса, калыңды кантип төлөдүңүздөр, экөөнө эки башка бердиңиздерби?

Асан: — Калыңды экөөнө бир эле бердик. Негизи биз жакта калың 100 миң сомдун тегерегинде төлөнөт. Биз деле эл катары экөөнө 200 миң сом бердик.

© Фото / Nur MediaАсан: Айрым учурларда байкабай түгөйүңдүн аялын өзүңдүкүңдөй көрүп эркелетип аласың. Кээде адашып барып кучактап алган учурлар да болот.
Близнецы-молодожены Асан и Усон Токтосуновы и Гулкыз и Нуркыз Турдалиевы - Sputnik Кыргызстан
Асан: Айрым учурларда байкабай түгөйүңдүн аялын өзүңдүкүңдөй көрүп эркелетип аласың. Кээде адашып барып кучактап алган учурлар да болот.

— Ал эми сеп кандай даярдалды?

Гүлкыз: — Калыңга жараша эле даярдалды да (күлүп).

— Канча бир туугансыздар?

Үсөн: — Биз тогуз бир тууганбыз. Беш уул, төрт кыз. Асан экөөбүз үйдүн эң кичүүсүбүз.

Нуркыз: — Биз жети бир тууганбыз. Беш кыз эки уул. Гүлкыз үчүнчүсү, мен төртүнчүсүмүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0