Кыз алышып-беришкен саясатчы кудалар. Депутаттардан президенттерге чейин

© Фото / Евгений ЧайченкоМамытбай Салымбековдун уулу — Курманбек Осмоновдун кызы
Мамытбай Салымбековдун уулу — Курманбек Осмоновдун кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эзелтен ата-бабалар сөөк жаңырталы, катышыбыз алыстабасын деп кыз алышып-беришип куда болуп келишкен. Ошондой эле эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө үчүн ууру башчылары кудалашкан. Мындан улам эл арасында "Тамакты даамдуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз" деген накыл кеп айтылып келет.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Эгемендик тарыхка көз чаптырсак туңгуч президент Аскар Акаев Казакстандын эл башчысы Нурсултан Назарбаевдин кызын келин кылып, куда болушкан. Бүгүнкү күндө дагы бири-бири менен кудалашкан жогорку кызматтардагы атка минерлердин саны арбын.

Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатчылардын кимиси-кимге куда экенине баам салды.

1. Алымбай Султановдун баласы — Алмазбек Атамбаевдин кызы

Футбол. РФПЛ. Матч Локомотив-Алания - Sputnik Кыргызстан
Сариев менен Конушбаев, Бекешев менен Аманкулов. Саясаттагы достор
Семетей Султанов менен Динара Атамбаева 2003-жылы үй-бүлө курушкан. Учурда бир уул, бир кызды тарбиялашууда. Семетей 2012-жылдан бери Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти. Динара жеке ишкердик менен алектенет.

Алымбай Султанов милициянын генерал-майору. Талас облусунун Манас районуна караштуу Жийде айылында туулган. Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.

Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулган. 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болгон.

2. Алиярбек Абжалиевдин уулу — Сооронбай Жээнбековдун кызы

Президент Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүл Шарипова Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан. Алардын ортосунда бир баласы бар.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБактыгүл Шарипова менен Атабек Абжалиевдин бир баласы бар
Торжественная церемония официального вступления Сооронбая Жээнбекова в должность президента КР - Sputnik Кыргызстан
Бактыгүл Шарипова менен Атабек Абжалиевдин бир баласы бар

Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал эми Алиярбек Абжалиев Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын кулуну.

3. Мелис Мырзакматовдун уулу — Искандер Гайпкуловдун кызы

Нурлан Мырзакматов менен Гүлмира Гайпкулова 2009-жылы баш кошушкан. Учурда эки кыз, бир уулду тарбиялап жатышат.

© Фото / предоставлено Искандером ГайпкуловымНурлан Мырзакматов менен Гүлмира Гайпкулова 2009-жылы баш кошкон
Нурлан Мырзакматов и Гульмира Гайпкулова - Sputnik Кыргызстан
Нурлан Мырзакматов менен Гүлмира Гайпкулова 2009-жылы баш кошкон

Мелис Мырзакматов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган. Жогорку Кенештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри болгон. Кийин коррупция боюнча айыпталып издөөгө алынган.

Искандер Гайпкулов Ош облусунун Араван районундагы Мангыт айылында туулган. Буга чейин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеген. Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылгандан кийин анын ордуна 21-декабрда депутат болуп келди.

4. Байыш Нурматовдун уулу — Жантөрө Сатыбалдиевдин кызы

Чингиз Айтматов с сыновьями - Sputnik Кыргызстан
Эл каймактарынын балдары азыр эмне менен алек? Раззаков, Ахунбаев, Исанов
Курман Нурматов менен Асел Нурматова (Сатыбалдиева) 2004-жылы баш кошушкан. Учурда алар үч баланы тарбиялашууда. Курман жеке ишкер, Асел банк кызматкери.

Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган. Транспорт жана жолдор министри, Ош облусунун губернатору жана мэри, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциянын башкы директору жана КРдин премьер-министри болуп иштеген.

Байыш Нурматов Ош облусунун Өзгөн районунда туулган. Өкмөттүн алдындагы Байланыш агенттигин жетектеген.

5. Мамытбай Салымбековдун уулу — Курманбек Осмоновдун кызы

Жумабек Салымбеков жана Нурзат Осмонова 2011-жылы баш кошушкан. Учурда бир уул менен эгиз кыздарын тарбиялап жатышат. Нурзат 2011-жылы "Ата-журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып жарым жыл иштеген. Жумабек учурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты.

© Фото / Евгений ЧайченкоЖумабек Салымбеков жана Нурзат Осмонова 2011-жылы баш кошуп, азыр бир уул менен эгиз кыздарын тарбиялап жатышат
Жумабек Салымбеков и Нурзат Осмонова  - Sputnik Кыргызстан
Жумабек Салымбеков жана Нурзат Осмонова 2011-жылы баш кошуп, азыр бир уул менен эгиз кыздарын тарбиялап жатышат

Жакында эле Курманбек Осмоновдун небереси Нурсултан Касымовго буга чейин Жогорку Кеңештин үч чакырлышынын депутаты болгон Роман Шиндин небере кызы Анна Шин турмушка чыккан.

Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
ТОП-5. Аты-жөнү окшош белгилүү кыргызстандыктар
Мамытбай Салымбеков Нарындын Ат-Башы районунда туулган. ЖКнын III жана V чакырылышынын депутаты. "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун бир тууганы.

Курманбек Осмонов Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган. ЖКнын III жана V чакырылышынын депутаты болгон. 2003-2004-жылдары Юстиция министри, 2004-2008-жылдары Жогорку соттун төрагалык кызматын аркалаган.

6. Азимбек Бекназаровдун уулу — Мыктыбек Абдылдаевдин кызы

Эрнис Бекназаров менен Мээрим Абдылдаева 2007-жылы баш кошуп, эки уулдуу болушкан. Эрнис жеке ишкерлик менен алектенет. Мээрим учурда декреттик өргүүсүндө. Буга чейин ал Тышкы иштер министрлигинде иштеген.

© Фото / предоставлено Эрнисом БекназаровымЭрнис Бекназаров менен Мээрим Абдылдаева 2007-жылы баш кошуп, эки уулдуу болушкан
Эрнис Бекназаров и Мээрим Абдылдаева - Sputnik Кыргызстан
Эрнис Бекназаров менен Мээрим Абдылдаева 2007-жылы баш кошуп, эки уулдуу болушкан

Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Ал 2002-2005-жылдары Башкы прокурор, ЖКнын V жана VI чакырылышынын депутаты.

Азимбек Бекназаров Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айылында туулган. 2005-жылы башкы прокурор болуп иштеген. Үстүбүздөгү жылы президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.

7. Кубатбек Бороновдун уулу — Замирбек Алымбековдун кызы

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбеков менен куда болгон. Боронов Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган. Алымбеков Баткен облусунун Баткен айылынын кулуну.

Ак үйдөн куда күткөн мындан башка бир нече атка минердин аты коомчулукта аталып келет. Алар тууралуу кийинки материалда жарыялайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0