Жыгылган баласын ичке тепкен кишини аталык укуктан ажыратуу сунушталды

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүЗима в Пятигорске
Зима в Пятигорске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тепкиге тушуккан бөбөктүн энеси Октябрь райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына күйөөсүн аталык укуктан ажыратууну суранган кат жазган

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Октябрь райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына жыгылып калган учурда баласын ичке тепкен күйөөсүн аталык укуктан ажыратууну суранган аялдан кат келип түшкөн. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга аталган райондун социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова билдирди.

Бала учурда энеси менен ооруканада текшерүүдөн өтүп жатат. Аял кандайдыр бир комментарий берүүдөн баш тарткан.

В госпитале кхмеро-советской дружбы в городе Пномпен. Советский врач-педиатр с маленьким пациентом - Sputnik Кыргызстан
Атасы ичке тепкен бөбөк медициналык кароодон өтүүдө
Аталган башкармалыктан баланын энеси түшүнүк кат жазгандыгын, анда киши баласы менен көп жолу сейилдегендигин жана уулуна мамилеси жакшы болгондугун билдирген.

Аял бул окуяны социалдык тармактардан окуп таңгалгандыгын, себеби күйөөсүнүн "адатта эч кимге жаман айтпагандыгын, ал тургай ичпей, чекпей тургандыгын" жазыптыр.

Социалдык башкармалыктан аял күйөөсүн аталык укуктан гана ажыратууну суранып жаткандыгын айтышты.

Буга чейин 2-декабрда кызыл күрмөчөн киши кичинекей баланы карда жаткан жеринен ичке тээп жибергендиги тартылган видео тараган. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери аны таап, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Кийинчерээк дал ошол кишинин Сокулук районундагы мамлекеттик каттоо кызматында жетекчинин орун басары болуп эмгектенери маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0