БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 31-декабрдан 3-январга чейин төрт күн эс алууну сунуштап жатат.
Мындай сунуш беш күн иштеген мамлекеттик ишканаларга гана тийиштүү.
Долбоорго караганда, 30-декабрь менен 8-январь (7-январдагы рождество жекшемби күнгө туура келет, адатта деп алыш күн дүйшөмбүгө жылдырылат) иш күн болот. Ал эки күн 1-2-январга жылдырылат дагы, жарандар 31-декабрдан 3-январга чейин эс алып калат.
Анткен менен бул болгону сунуш, аны өкмөт колдосо колдоп, каалабаса баш тартып коюшу мүмкүн.