Алардын айрымдарын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги топтоп чыкты.
Гүлжигит Исаков аттуу колдонуучу Чубак ажыны сындагандар чет жакта иштеп жүргөн аялзатын карап да коюшпайт деп кейиген.
Ал эми Facebook социалдык баракчасынын активдүү колдонуучусу Тынчтык Алтымышев ажы көп келинчектерге кечээтен бери жакпай жатканын жазган.
Чубак ажынын бул ишин туура көрүп, аны колдогондор да болбой койгон жок. Жылдыз Ишеналиева анын ачык-айкын үйлөнгөнүнө жогору баасын берген.
Ошол эле учурда Гүлдөй Раззакова "Чубак ажы баштап бериптир, эми эркектер эмне кылаар экен" деп суроо салган.
Колдонуучулар арасынан экинчи аял алууну мыйзамдаштыруу керек дегендер да чыкпай койгон жок.
Ал эми укук коргоочу Азиза Абдрасулова Чубак ажы мыйзам бузуп жатканын белгилеп, Бишкек шаардык прокуратурасына расмий арыз менен кайрыларын айтып агынан жарылган.