Жээнбеков: Россия жана Кытай менен мамилени бекемдейбиз

Жазылуу
Жээнбеков инаугурация маалында сөз сүйлөп жатып, кайсы мамлекеттер менен кызматташуу бекемделерин айтты

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстан мындан ары дагы эл аралык мамилелерди бекемдеп, БУУ, ШКУ жана ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстерге активдүү катышат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков инаугурация маалында билдирди.

Жума күнү, 24-ноябрда, Жээнбеков расмий түрдө президенттик кызматына киришти. Ага өлкө башчынын күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылды.

Жээнбеков өз сөзүндө Кыргызстан мындан ары достук багытын Россия, Кытай жана башка өлкөлөр менен улантарын айтты.

"Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы кылымдардан бери бардык тараптарга пайдалуу нукта уланып келе жатат. Европа биримдиги менен дагы тыгыз диалог токтотулбайт. Ошондой эле Түркия жана АКШ менен кызматташууну бекемдейбиз", — деди Жээнбеков.

Мындан тышкары, Жээнбеков өкмөт экономикада структуралык реформаларды жасашы керектигин айтып, президент буга кепил болуп берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0