БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков кызматка расмий киришти.
Инаугурация аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын "Энесай" үйүндө болду. Жээнбеков ант берип, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова ага өлкө башчынын күбөлүгүн, төш белгисин тапшырса, экс-президент Алмазбек Атамбаев штандартты өткөрүп берди.
Инаугурация салтанатына 450 адам катышууда.