БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун сабактарын, баяндарын интернетке жарыялап келген "Насаат медиа" порталы YouTube компаниясынын күмүш баскычына ээ болду. Бул тууралуу Чубак ажы өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.
Дин аалымы мындай аракеттердин болуп жатышы өлкөдөгү дин тутуу эркиндигинен кабар берерин айтат.
"Бизге берилип жаткан бул белек өлкөбүздө динге болгон эркиндиктин, ошол эле учурда сөз эркиндиги менен дин тутуу эркиндигинин бар экенинен, андан сырткары, мамлекетте динге болгон мамиленин нукка түшкөнүнөн кабар берет", — деди Жалилов.
Күмүш баскыч YouTube каналында жазылгандардын саны 100 миңден ашканда берилет.