Өз аялымды ур-тепкиге алып, кызымды коркутуп... Бишкектик чоң муштумдун маеги

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Психолог менен баарлашуу" рубрикасын сунуштайт. Жаңы сынамык долбоордун бул чыгарылышында атын жашырган бишкектик чоң муштумдун катын жарыялайбыз.

…Биздин мамилебиз сонун башталган. Алгач ирет досумдун туулган күнүндө көргөм. Ал жолдош баламдын сүйлөшкөн кызынын курбусу экен. Абдан жакшы отурдук. Андан кийин мен ага телефон чала баштадым. Жолугушууга чакырдым. Кыз-жигит болдук. Аябай ашык болуп калганымды аңдадым. Колун сурасам, макулдугун берди. Ааламдагы эң бактылуу адамга айландым. Жарым жыл өтпөй баш коштук. Кыжырымды кайнаткан бир учурга чейин баары жакшы болчу…

Проблема анорексии в Франции - Sputnik Кыргызстан
Уулунун көзүнчө зордукталган аял: күйөөм урса мейли, акча тапса болду...
Жумушта элем, телефон чалып, курбу кыздары менен отурарын айтты. Макул дедим. Иштен чыгып, кафеге барсам, ал аябай кызып алыптыр. Ошол көрүнүш ачуумду келтирди. Жолду катар аны уруша баштадым, ал мага күлүп, тилдеп, кемсинтип кирди. Ошондо жаакка чаап жибердим. Аябай чоң жаңжал чыкты. Жубайым менден кетем дегенде андан кечирим сурадым. Экични мындай нерсе кайталанбай турганын убада кылдым. Ал да мындан ары терс кылык-жорукка жол бербей турганын айтып сөз берди. Кайра баары өз калыбына келгенсиди. Ал уруштан бүтүм чыгарып, акылдуу боло түштүк. Баары жакшы эле көрүнгөн…

Бир нече айдан кийин жаңжал кайра кайталанды. Бул ирет ал мени жини менен бир чапты. Толук кечире албай жүргөн окшойт, өчүн алды. Мурункуда чапканым үчүн күнөөмдү сезип, өзүмдү кармадым. Бирок аябай ызаланып калдым.

Кийинки жолкусунда андай сабырдуу боло албадым. Ал мага, мен ага кыйкырдым. Жаакка чапканында мен ага да дал ошондой жооп кайтардым. Соккумдан жерге кулап түштү. Айланадагылар чуркап келип, аны өйдө тургуза баштаганда кетип калдым. Кылчайып караганым да жок.

Бир айдан кийин гана жараштык. Мен үчүн да, ал үчүн да кандай оор мезгил болгонун айтпай эле коеюн. Акырындап жашообуздагы абдан коркунучтуу ошол кезди унуткара баштадык. Абалыбыз өз нугуна түштү. Жарым жыл өткөндөн кийин боюна бүттү. Бул кабар мени бакытка бөлөдү. Айланчыктап жанынан чыкпай, бардык каалоосун аткарчумун. Ичин сылай, болочок балам менен сүйлөшчүмүн. Кыз төрөдү. Мындай сүйүүгө алгач ирет кабылдым, кызыма болгон сезимди дегеним. Мындай бакытты тартуулаганы үчүн жубайыма да абдан ыраазы болдум.

Случаи семейного насилия в КР - Sputnik Кыргызстан
11 жашар кызымды зордуктоого аракет кылды! Күйөөдөн айтпаган келиндердин тагдыры
Бир ирет кайра жаңжалдаштык. Кызуу элем, аялыма тийише баштадым. Баары кандай башталып кеткени так эсимде жок, бирок ага бир нерсе жакпай турду. Мени каалабаганын айтты. Жиним келип, күчкө салып зордогондой жөн гана ойноп жаткам. Андай деле кылмак эмесмин, бирок аша чаап кеттим, ачуум менен кол көтөрө баштадым. Ыйлап, токто деп жалбарып жатты. Башка бөлмөдө кызыбыз буркурайт. Ушунчалык кыжырданып өз аялыма болгон күчүмдү көрсөтө, аны башкарганыма маашырландым көрүнөт. Анын көз жашы да мени токтотподу, кызымдын ыйына да карабадым. Аялымды сөгүп да, сабап да жаттым.

Бир аз соолуга түшкөндө башымды мыкчыдым. Зөөкүр өзүм экенине ишене албадым. Кандайча болуп кеткенин түшүнбөй да калдым. Аябай сүйүп туруп, неге сабадым, эмнеге анчалык жек көргөнүмдү билбейм.

Азыр жарым жанымда жок. Жок, ал тирүү эле. Бирок ал үчүн мен өлдүм. Ата-энесиникине кетти, кызымды ала кетти.

Күн сайын ага телефон чалам. Кайра кайтышын суранам. Бирок ал мага эми ишенбейт. Мени ошол күнкү абалда көргөн кызым да коркуп калыптыр. Өзүмдү өзүм жек көрөм.

Жардамыңарды күтөм! Кайра аны менен кантип жарашам, айткылачы?! Кайра бир күнү сыртка чыга калышы ыктымал болгон ичимдеги желмогузду кантип жоготом?! Өз үй-бүлөм менен бактылуу болгум келет, жашоомдогу бул эки асыл адам мени башка бирөөгө алмаштырганын көтөрө албайм! Көмөктөшкүлөчү мага!

Психолог Рустам Исмаиловдун жообу: 

Каттын ээси оор, биринчи кезекте психологиялык жактан абдан татаал абалда. Жазганына караганда ал айыбын мойнуна алып жатат. Жигит жубайынын кечирими үчүн кеңеш сурап турат. Эки тарапка тең тыныгууну жана ачуусун басууну сунуштайм. Окуянын каарманы өз абалын жакшыртып, өзүн өзү жеп эзилбей, алдыга жылууга тийиш.

Крушение малайзийского Boeing на Украине - Sputnik Кыргызстан
Бүчүрү сынган секелектер. Бөйрөгү ооруду деген кыз кош бойлуу болуп чыкты...
Аялын кантип кайтара аларын сурап жатат. Азырынча бул мүмкүн эмес. Таптакыр болбойт дегеним жок, гүлдесте көтөрүп, ак боз атка минип жубайына барса болот, бирок азыр андай кадамга баруунун кажети жок. Жигит өзү менен өзү келише албай жатат, анда өзүн өзү казып, өзүн өзү сындоо көп.

Биринчи кезекте ал кызы менен мамилесин оңдоону ойлонууга тийиш. Эгер үй-бүлөсү менен ажырашса да, бала менен жылуу мамилесин сактап калуу өтө маанилүү.

Кызы менен байланышты жакшыртуу аракетине жубайы бөгөт болору шексиз. Төрт ири жаңжалда тең жолдошу тарабынан ага карата күч колдонулганын унутпообуз зарыл. Үй-бүлөлүк зомбулуктан кийин баланы коркунуч объектисинен оолак тутуу аракети — бул кадыресе көрүнүш.

Эгер жигит чүрпөсү менен байланыш түзүп, жакшы ата боло аларын далилдей алса, бул аялы менен болгон мамилеге да жакшы таасир этет.

Жигит аялы менен кызынын жанында башка бирөөнү көрө албай турганын айтууда. Бул ойлор аны тереңге гана тартат. Андай болгон учурда деле биздин каарман ага эч кандай таасир эте албайт. Мындай пикирлер жигитти терс нукка салгандан башка пайдасы жок, негизсиз жана майнапсыз.

Жубайы менен жарашуунун оңой жолу жок, баштан өткөргөн бакубаттуулукту кайтарууга жол татаал болот. Адам мамиленин эң башкы осуятын бузган — коопсуздукту камсыз кыла алган эмес, биринчи болуп өзү коркунучтун булагына айланган. Акыркы чыр сексуалдык да мүнөз алган, бул аялзаты үчүн чоң мааниге ээ.

Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж
Турмушунун ушул баскычында адам алгач өзүнө келүүгө тийиш. Азыр ал кайгыга алдырып, өзүнө, аялына кекенип жүрөт. Ичиндеги желмогузду өлтүргүсү келгенин айтат, психоанализдин тили менен ичинен чыккан ал желмогуз жаман тарабы, ал бардык адамдарда бар. Адамдын коомго каршы жана туура келбеген түрткүсү, инсандын бир бөлүгү. Анын баарын бастырып, көзөмөлгө ала алабыз, бирок кандайдыр бир нерселердин таасиринде ал тышка чыгат.

Адам өзүнөн мындайды көргөндө чочулап, аны менен күрөшкүсү келет. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй, мындан майнап чыкпайт. Андай реалдуулукту кабылдап, желмогуздар менен тил табышып, өзүңдү өтө катуу көзөмөлгө алууң зарыл. Бул каттын ээси баары бир майнаптуу дарылануу үчүн адиске кайрылууга тийиш. Ушундай сунуш менен сөзүмдү жыйынтыктаар элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0