Угулган үндөрдөн улам балдарын өлтүрүп койгон. Чым-Коргондогу ооруканадан репортаж

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон
Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чын эле Чым-Коргонго барасызбы?" Айдоочу ишенбегендей бир нече ирет сурап, калган жолду унчукпай жүрүп отурдук.

Бетин сепкил баскан, көзү жашыл болгон 25тердеги келин маңдайыма басып келди. Адатта адамдар минтип бири-бирине жакын турушпайт.

— Мени менен сүйлөшүңүз!
— Макул, кандай жүрөсүз?

— Жолдошум бар, ал мени жакшы көрөт, кайненем да жакшы көрөт. Эң башкысы менин сүйүктүү кызым бар…
— Жакшы турбайбы! Анан бул жакка кантип келип калдыңыз?

— Мурун күзгүгө карангандан коркчумун — ал жактан башка бирөө көрүнчү, андан канча жашынып жүрдүм… Азыр өзүмдү карасам жакшынакай эле экенмин да.

Келиндин үйүнө кайтып баруусуна бардык мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок бардык психикалык жактан жабыркаган бейтаптардай эле толугу менен айыгып кете албай турганын дарыгер айтып берди. Ремиссиясы канчага созулары белгисиз, айлап уланып кетиши ыктымал. Балким күзгүдөгү элес аны өмүр бою коштоп жүрөр…

© Sputnik / Табылды КадырбековЧым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык оорукана
Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык оорукана

Чым-Коргон айылындагы республикалык психиатриялык ооруканада 400 адам дарыланат. Төрт эркек, төрт аялдар бөлүмү менен бир кургак учук менен жабыркагандар дарыланчу бөлүм бар. Акыркысына баруудан баш тарттык.

© Sputnik / Табылды КадырбековОорукананын башкы дарыгери Гүлжамал Каргабаева: бул жакка туугандарын жаткырып жаткан адамдар өздөрүн күнөөлүү сезишет. Психикалык оорукана бул бир шумдуктуудай коркунучтуу жай деп элестетишет. Жок, андай эмес. Бул жерде психикалык илдет менен жабыркаган адамдарды дарылайбыз
Главный врач республиканской психиатрической больницы в селе Чым-Коргон Гульжамал Каргабаева - Sputnik Кыргызстан
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжамал Каргабаева: бул жакка туугандарын жаткырып жаткан адамдар өздөрүн күнөөлүү сезишет. Психикалык оорукана бул бир шумдуктуудай коркунучтуу жай деп элестетишет. Жок, андай эмес. Бул жерде психикалык илдет менен жабыркаган адамдарды дарылайбыз

"Силер, журналисттер бул бөлүмгө киргиңер келбейт, укук коргоочулар да кирбейт. Ал эми доктурлардан ким сурап атат? Биз деле адамбыз да, биз деле тобокелчиликке салып жатабыз", — деп күлдү оорукананын башкы дарыгери Гүлжамал Каргабаева.

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдар эркектерден өзүнчө дарыланышат. Ар бир палатада 10-13төн бейтап жатат
Аялдар эркектерден өзүнчө дарыланышат. Ар бир палатада 10-13төн бейтап жатат - Sputnik Кыргызстан
1/4
Аялдар эркектерден өзүнчө дарыланышат. Ар бир палатада 10-13төн бейтап жатат
© Sputnik / Табылды КадырбековКөпчүлүк оорулуулар кайда жатканын жакшы билишет. Кыргызстандыктардын көбү алардын тууганы жиндиканада дарыланып жатканын жашырып келишет
Көпчүлүк оорулуулар кайда жатканын жакшы билишет. Кыргызстандыктардын көбү алардын тууганы жиндиканада дарыланып жатканын жашырып келишет - Sputnik Кыргызстан
2/4
Көпчүлүк оорулуулар кайда жатканын жакшы билишет. Кыргызстандыктардын көбү алардын тууганы жиндиканада дарыланып жатканын жашырып келишет
© Sputnik / Табылды КадырбековБиз барган убакта телевизордон "Келин" долбоору болуп жатыптыр. Оорулуу аялдар ким кыйын уй саарын талкуулап жатышты
Биз барган убакта телевизордон Келин долбоору болуп жатыптыр. Оорулуу аялдар ким кыйын уй саарын талкуулап жатышты - Sputnik Кыргызстан
3/4
Биз барган убакта телевизордон "Келин" долбоору болуп жатыптыр. Оорулуу аялдар ким кыйын уй саарын талкуулап жатышты
© Sputnik / Табылды КадырбековОорукананын кире бериши жана палаталар таза экен. Дарыгерлердин айтымында, бул жакта тазалык дайыма көзөмөлдөнүп турат
Оорукананын кире бериши жана палаталар таза экен. Дарыгерлердин айтымында, бул жакта тазалык дайыма көзөмөлдөнүп турат - Sputnik Кыргызстан
4/4
Оорукананын кире бериши жана палаталар таза экен. Дарыгерлердин айтымында, бул жакта тазалык дайыма көзөмөлдөнүп турат
1/4
Аялдар эркектерден өзүнчө дарыланышат. Ар бир палатада 10-13төн бейтап жатат
2/4
Көпчүлүк оорулуулар кайда жатканын жакшы билишет. Кыргызстандыктардын көбү алардын тууганы жиндиканада дарыланып жатканын жашырып келишет
3/4
Биз барган убакта телевизордон "Келин" долбоору болуп жатыптыр. Оорулуу аялдар ким кыйын уй саарын талкуулап жатышты
4/4
Оорукананын кире бериши жана палаталар таза экен. Дарыгерлердин айтымында, бул жакта тазалык дайыма көзөмөлдөнүп турат

Ар бир бөлүмдө үчтөн палата болуп, анда 20-40тай киши жатат. Биринчисинде өзүнүн абалын көзөмөлдөй ала тургандар, экинчисинде бирөөнүн көз салышын талап кылынгандар, үчүнчүсүндө оор абалдагы бейтаптар дарыланат. Оорусу кармаганда аларга дароо дары-дармек берип, кээде керебетке байлап коюуга да туура келет.

"Жашоо кандай дейсизби? Жакшы! Минтип гүлдөрдү сугарып жатабыз… Тамагыбыз да дурус, кээде сыр, колбаса жейбиз. Момпосуй, печенье берип турушат", — деп ала-була кофта, кара шым кийген кыз чачын оңдоп жатып айтты.

Карылар үйүнүн тургуну - Sputnik Кыргызстан
Энемди көмгөнгө убактым жок! "Дөөлөттүү" карылыктын 3 түрү
"Кыз аябай сулуу экен, көңүлү даа куунак окшойт. Биякка эмне болуп келди эле?" деп шыбырап сурасам, дарыгер: "Өзүнүн балдарын өлтүрүп койгон, бир үндөр өлтүр деген имиш", — деп жооп берди.

Дагы бир аял жүрөт: чачы кыска, кара шым футболка кийген. Чогуу жашаган кишисин бычактап салыптыр. Аны да кылмышка кулагына угулган үндөр түрткөн имиш…

Ар бир бөлүмдүн алдында жолугушуу үчүн атайын бөлмө бар: ооруканадагы бейтапка республиканын бардык булуң-бурчунан туугандары келишет экен. Бөлмөлөрдүн биринде кызы жана аны көрүп келген апасы отурат. Стол үстүндө боорсок, алма. Мынча жүктү жүктөнүп алыс жактан келүү деле жашы өтүп калган аял үчүн оор эле болсо керек.

"Коркунучта жашачумун. Мени өлтүргүсү келген эркектин үнү угулуп турчу", — деп бейтап кыз улам-улам доктурларды карап коет. Апасы колун кармап отурат.

Сүрөтчүбүз Табылды Кадырбеков "бейтаптарды өңүнөн тартпагыла" дегенди уга берип тажады окшойт. Бул жердегилер бирөөнүн таанып калышынан тартынып турушат.

"Бул жакка туугандарын жаткырып жаткан адамдар өздөрүн күнөөлүү сезишет. Психикалык оорукана бул бир шумдуктуудай коркунучтуу жай деп элестетишет. Жок, андай эмес. Бул жерде психикалык илдет менен жабыркаган адамдарды дарылайбыз", — деди башкы дарыгер.

Андан соң кылмыш жасап, күчтөп дарыланууда жаткан эркектердин бөлүмүнө баш бактык. Айрымдары кишини теше тиктесе, кээсинин жаман көрүп турганы дароо байкалат.

© Sputnik / Табылды КадырбековБөлүм башчы Дамира Султангазиева: бул жерде азыр 40 киши дарыланып жатат. Баарынын жалпы бир көйгөйү бар: тергөө абагында жатып, ошол жактын эреже-тартибин көрүп алып эле биякка да өздөрүнүн "мыйзамдарын" орнотууга аракет жасашат. Карап отурабызбы, тез эле өзүнө келтирип коебуз
Заведующая отделением в республиканской психиатрической больницы в селе Чым-Коргон Дамира Султангазиева - Sputnik Кыргызстан
Бөлүм башчы Дамира Султангазиева: бул жерде азыр 40 киши дарыланып жатат. Баарынын жалпы бир көйгөйү бар: тергөө абагында жатып, ошол жактын эреже-тартибин көрүп алып эле биякка да өздөрүнүн "мыйзамдарын" орнотууга аракет жасашат. Карап отурабызбы, тез эле өзүнө келтирип коебуз

"Жаракат алгандан кийин психикасы жабыркагандар эң оор бейтап болуп калат. Башкалардын агрессиясы качан болору билинсе, булардыкы күтүүсүз башталып кетет", — деди бөлүм башчы Дамира Султангазиева.

Жоон топ эркектин арасынан көзү жок бир жигит бөлүнүп турат. Бул жактагылар аны "революционер" деп коюшат экен — митинг учурунда ок тийиптир. Көзү агып, ок мээсинде калып калган экен. Жабырлануучу өзүнөн чыгып ээ-жаа бербей, көзүнө көрүнчү көрүнө баштаган. Бир жолу жанындагы жолдош баласын бычак менен бир сайып, анысы каза болуп калыптыр. Соттун чечими менен жигит аталган ооруканага түшкөн.

Нарколог дарыгер Каныкей Иманалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Нарколог Иманалиева: аялдарды аракечтиктен арылтуу азап, кээде мүмкүн эмес
"Бул жерде азыр 40 киши дарыланып жатат. Баарынын жалпы бир көйгөйү бар: тергөө абагында жатып, ошол жактын эреже-тартибин көрүп алып эле биякка да өздөрүнүн "мыйзамдарын" орнотууга аракет жасашат. Карап отурабызбы, тез эле өзүнө келтирип коебуз", — деди дарыгер.

Ал арада жаныбыздан кара сакалчан киши өтүп кетти. Улам арт жагын карап коет. Дарыгерлердин айтымында, бул бейтаптын атасы көп ичип, басмырлап, кемсинтип, уруп кыйнай берчү экен. Бир күнү бала жарылып, атасын өлтүрүп коюптур. Ооруканага түшкөн төрт жылдан бери ага коркуп туугандарынан эч ким келбейт экен. Кичине өзүнө келе калганда үй-бүлөсүн эстеп, алар тууралуу сурап калат дешет доктурлар.

© Sputnik / Табылды КадырбековБул эшиктен кийин аялдар жана эркектер жаткан эки бөлүм бар. Ал жакта кылмыш кылган оорулуулар кармалат
Республиканская психиатрическа больница в селе Чым-Коргон - Sputnik Кыргызстан
Бул эшиктен кийин аялдар жана эркектер жаткан эки бөлүм бар. Ал жакта кылмыш кылган оорулуулар кармалат

Баса, ооруканага учтуу, кесүүчү буюмдарды гана эмес, баалуу зер буюмдарды да алып келүүгө болбойт. Бейтаптар уурдап, кээде жутуп жибериши да мүмкүн. Бир жыл мурун мык жутуп жиберген эркек кишини алып келип, дарыгерлер ага операция жасоого аргасыз болушуптур.

"Бир жолу кызыктай окуя болгон. Бейөкмөт уюмунун кызматкерлери текшерип келиптир. Анан эмне дешти дебейсизби? Көрсө, биз бейтаптарга өз алдынча тамак жасап ичүүгө шарт түзүп бербей жаткан имишпиз. Ашканага бөлмө бөлүп, плита коюп, идиш-аяк бергиле дейт. Элестетсеңер…", — дейт бөлүм башчы.

Жаныбыздан дагы бир бейтап өттү.

— Буга эмне болду эле?
— Акылы кем. Бир кызды зордуктоого аракет кылганда үйгө кыздын апасы келип калыптыр. Жигит аялды да сабап салган экен. Алгач дары-дармек ичүүдөн баш тартчу, эми кичинеден көнүп келе жатат.

Башкы дарыгер Гүлжамал Каргабаева адамдар жаракат алса, төрөтү оор болсо, жакындарынын өлүмүн көтөрө албай да акылынан айный турганын айтып берди. Буга тукум куучулук да таасир берет экен. Эч кимге кепилдик жок.

— Тээтиги чачы узун аялды көрдүңүзбү?
— Ооба…
— Бул жакта жүргөнүнө 30 жыл болду. Дайыма ушундай жини келип жүрөт. Бирок эч нерсе кылбайт. Эки диплому бар, жетекчилик кызматтарда иштептир. Тагдыры да…

Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илдетти иликтегенде: кыргызстандыктар көп тушукчу психикалык оорулар
Жамааттын айлык акысы аз. Дарыгердин маянасы 5700 сомду түзөт. Мындан улам анан албетте, дарыгерлер жетишпейт деген ой келет экен.

Жолуккан дарыгердин баарына бул жакта иштегенден коркпойсузбу деген суроо бердим. 90-жылдары бейтап башкы дарыгердин орун басарын өлтүрүп койгону көбүбүздүн эле эсибизде болсо керек. Ар кандай жооп уктум… Көптөр көнүп калдык деп айтышты. Бир нече киши гана көп жылдык тажрыйбага карабастан ушу кезге корко турганын моюнга алышты. Бирок бул ишти да бирөө-жарым жасаш керек да, дешет дарыгерлер.

Материал орус тилинен которулду>>

Жаңылыктар түрмөгү
0