Талас облустук соту эки жылдан бою жакын тууганы болгон тестиер кызды зордуктап жүргөн Эрлан Дөлөновду 22 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Ага чейин кылмышкерди эки жылга шарттуу түрдө кескен райондук жана облустук соттун чечимин Жогорку Сот жокко чыгарып, иш кайра башынан каралып отуруп, акыры Дөлөнөв жазага тартылды. Жаш өспүрүм кыздарды милиция менен укук коргоо уюмдарынан башка дагы коргоочу адам барбы? Sputnik Кыргызстан агенттиги дал ушул жагдайларга баам салып көрдү.
Анткен менен Кара-Кулжа районунда жыл аягы менен жыл башталган эки айдын ичинде эки өспүрүм кыздын төрөгөнүн аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Жээнтаева билдирди. Алардын бири жашы жетпей турмушка чыккан кыз болсо, экинчиси зордукталганын айтат.
"Бизге 23-январда 17 жаштагы кош бойлуу кыз келип түшкөн. Анын наристеси 3,2 киллограм салмак менен төрөлдү. Эне-баланын саламаттыгы жакшы. Аны күйөөсү, кайнеси, ата-энелери келип чыгарып кетишти", — деди төрөт үйүнүн жетекчиси.
Ошондой эле ал өткөн жылдын декабрь айынында дагы бир 16 жаштагы кош бойлуу кыз кайрылганын айтат.
Дарыгер кан басымы көтөрүлүп, дене, буттары шишиген кызды ата-энеси алып келгенин кошумчалады.
Адис билдиргендей, кыз ата-энеси менен бирге жашаган. Ымыркайдын атасы белгисиз болгондуктан балага энесинин фамилиясы берилген.
Милиция өкүлү Ашырбаев: азыр иликтөө иштери жүрүп жатат
Жогорудагы окуялар туурасында Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев мындайча маалымат берди.
"17 жашта төрөгөн кыз күйөөсү менен бир жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн. Кыз боюна бүткөнүн билгенден кийин Россияга кетип калыптыр. Ал жакта жүргөндө туугандары кош бойлуу экенин байкап, баланын ата-энеси менен сүйлөшөт да, кызды кайра Ошко алып келип экөөнү үйлөндүрүп коюшкан. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп териштирʏʏ амалдары жʏргʏзʏлʏʏдɵ", — деди ОИИБдин маалымат катчысы.
Ал эми декабрь айында төрөгөн 16 жаштагы кыз көрсөтмөсүндө биринде зордукталганын айтса, биринде жыныстык катнашка өз ыктыяры менен барганын айтып ишти таталдаштырып жатканы белгилүү болду.
Ал эми Кара-Кулжа райондук сотунун бөлүм башчысы Адилет Чоноев ал кыздын иши боюнча 4-апрелде сот отуруму өтөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин Талас облусунда 12 жаштагы кызды эки жыл бою аталаш агасы зордуктап жүргөн. Бирок ага жаза берилбей жатат деп арызданып жабырлануучу кыздын эжеси кайрылган эле. Бул боюнча Талас облустук соту менен байланышканыбызда ал жаранга облустук сот 22 жылга эркинен ажыртуу боюнча өкүм чыгарганын билдирди.
Өспүрүмдөргө көрсөтүлгөн зомбулук үчүн кандай жаза берилет?
ИИМдин жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу бөлүмүнүн жетекчиси Азамат Абдырахманов өспүрүм кыздарга карата зордук-зомбулук боюнча кылмыштуулуктун саны соңку бир жылда 39,5 пайызга кыскарганын билдирди.
"Өспүрүм кыздарга карата сексуалдык зомбулук боюнча соңку эки жылда (2015-2016) 292 факт катталып, кылмыш иши козголгон. Учурда алардын он сегизи тергөөдө каралууда, калганын сотко өткөрүп бергенбиз. Мыйзамга ылайык, мындай учурда 10-20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ошондой эле аларга мунапыс берүү да каралган эмес. Кылмыштуулуктун алдын алуу максатында, башкаларга сабак болсун деп козголгон кылмыш иштери боюнча ЖМКларга маалымат берип турабыз", — деди Абдырахманов.
Мындан сырткары, ал 2016-жылы жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруунун натыйжасында ата-энелери чет жакка иштегени кеткен 6500 бала туугандарында, чоң ата-чоң энесинде жана коңшуларында калганы аныкталып, аларга атайын мекемелер менен биргеликте көзөмөл жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Бүгүнкү кыздар — эртеңки энелер, секелек кыздын келечеги кандай болот?
Акушер-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова эненин негативдүү ойлорунан бала майып болуп төрөлүп калышы ыктымал экенин белгилейт.
"Эрте турмуш куруп алгандар ден соолугу жакшы болгон чакта деле психологиялык жактан аксашы мүмкүн. Негизи өспүрүм кезде балдардын бүт денесинде өзгөрүү жүрөт. Андыктан кыз өзү өсүп жаткан учурда ичинде бала дагы чоңойтсо, эки жактан күч келип ден соолугу начарлай баштайт. Ал эми жашында сексуалдык зордуктоого кабылган кыздар катуу коркуп калса төрөбөй калышы да ыктымал. Андай учурунда уялып, жаап-жашырып отура бербей, абалды жөнгө салуу үчүн гинеколог, психологдордон жардам алышы керек", — деди Мадраимова.
"Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө борборунун кызматкери, психолог Сүйүн Курманова бейөкмөт уюмдардын изилдөөлөрүнө таянып Кыргызстанда бир жылда 14 жаштан 17 жашка чейинки 2000ге жакын кыз эрте турмуш курарын айтат.
"Мунун бир себеби диний түшүнүктөрдөн улам болууда десек болот. Алар балдарын 5-6-клаастан кийин окуптай медресеге берет. Ал жактан тарбияланган кыз өз укугун билбей 15-16 жашында эле ата-энеси айткан адамга турмушка чыгып кетет. Айрымдары социалдык жактан кыйналгандыктан да ушундай кадамга барышы мүмкүн", — деп билдирди Курманова.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов эрте турмуш куруу боюнча мындайча пикирин билдирди.
Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий маалыматы боюнча Кыргызстанда соңку жети жылдын (2010-2016) аралыгында 368 007 түгөй никеге турса, ушул эле учурда 61 412 ажырашуу катталган.