Чыныбай Турсунбеков 57 жашта! Белгилүү саясий ишмер тууралуу 9 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын, адабиятчы, коомдук ишмер, депутат, КСДПнын мурдагы фракция башчысы жана Жогорку Кеңештин учурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков 57 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Турсунбеков тууралууу 9 факты сунуштайт.

1. Тоо койнунда төрөлгөн. Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. Атасы — Акун Турсунбеков дыйкан, апасы Умсунай Такырова үй-кожойкеси болгон. Ата-энеси 10 баланы тарбиялаган. Турсунбеков үйдүн алтынчы баласы.

Улуттук банктын төрагалыгына дайындалган Кубанычбек Кулматов - Sputnik Кыргызстан
"Майлуу-сүттүү" кызматта жүргөн Кубанычбек Кулматов тууралуу 7 факты
2. Кесиби боюнча журналист. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырган. Эмгек жолун 1983-жылы "Кыргызстан" басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган. Кийинчерээк кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү аяктап, өзү аяктаган университетте окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары болуп эмгектенген.

3. Турсунбековдун ишкерлиги кантип башталган? 1991-жылы Союз тарагандан кийин Билим берүү министрлигинин өкүлү катары Түркияда иштеп калат. Ортодо министр алмашып, Турсунбековдун ордун башка адам ээлеп, бөтөн жердеги жумушунан кол жууйт. Өзүнүн айтымында, кыйын кырдаалга туш болгондо ишкерлик менен алектенүүнү чечет. Түрк ишкерлеринин арасындагы өнөктөштөрдүн жардамы менен үч жылда ишин жөнгө салып, 1997-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келген. 

© Фото / из личного архива Чыныбая ТурсунбековаӨмүрлүү жубайы Нуржан Тентимишова менен эки кыз, бир уулдуна ата-энеси
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Өмүрлүү жубайы Нуржан Тентимишова менен эки кыз, бир уулдуна ата-энеси

4. Ун бизнеси кантип негизделген? 1994-жылы түрк батондорун жасаган наабайкананы Бишкекте, Чолпон-Атада биринчи болуп ачкан. Кийинчерээк ун чыгаруучу бизнеске өткөн. Андан сырткары, Кыргызстанга ар кандай товарларды алып келип турган. Борбордо эки кафе ачкан. 1997-жылдан 2010-жылга чейин атасынын атынан коюлган "Акун" ЖАКтын башкы директору болгон, учурунда "Бишкек ун комбинаты" ААКнын башкы директору, "Кереге" ишканасынын Директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы болгон.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Роза Отунбаева 67 жашка толду. Аты өзгөргөн коомдук ишмер тууралуу 7 факты
5. Ыр жазат, чыгармачыл адам. 5-класстан баштап мугалими Шарапат Ибраеванын таасири менен ыр жаза баштаган. Себиби мугалими чыгармачыл инсан болгон. Биринчи ыры "Таңкы шаар" деген ат менен "Кыргызстан пионери" гезитинде жарык көргөн. Алгачкы ырлар жыйнагы 1985-жылы "Жүрөктөгү жаңырык" деген ат менен басылып чыккан. Ал 1989-жылы Абхазиянын Пицунда шаарында өткөн жаш акындардын Бүткүл союздук 14-фестивалынын лауреаты болуп, ошол эле жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. Азыр Чыныбай Акунович убакыттын тардыгына байланыштуу ырларын телефонго жаза калат. Өзүнүн айтымында, үй-бүлөгө, балага арналган ырларды көбүрөөк ыктап калган.

6. Бир нече көлөмдүү чыгармаларды которгон. "Манас" эпосу боюнча кыргыз, түрк, англис тилдеринде жарык көргөн көркөм иллюстрациялуу альбомдун түзүүчүсү жана котормочуларынын бири. Орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын "Көкжалдардын өлүмү" романын, ошондой эле "Түрк дүйнөсүнүн адабияты" деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.

7. Саясатка кантип келген? 2007-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган кезде өлкөдө нан тартыш болуп, өкмөт башчысы абалды билүү үчүн бардык ун чыгаруучуларды чогулткан. Ошондо экөө жакындан таанышкан. 2010-жылы Чыныбай Акунович Атамбаевдин сунушу менен өкмөткө чакырылган. 

8. Саясий ишмердүүлүгү. Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2015-жылдын 4-октябрында кайрадан депутат, фракция лидери болгон. 2016-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалган.

Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Ажолукка аттанчулар, оппозиция жана бийликтеги тең салмактуулук. ЖК төрагасы менен маек
9. Жеке жашоосу. Жубайы Нуржан Тентимишова кесиби боюнча орус тилчи мугалим. Учурда — ийгиликтүү ишкер. Жубайлар үч баланын ата-энеси. Улуу кызы Айдай "Акун" фирмасынын башкы директору. Экинчи кызы Бегимай "Акун Ысык-Көл" пансионатынын директору, "Капитал" банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Уулу Эржан студент. Үч баласы тең Борбордук Азиядагы Америка университенинен билим алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0