Ажолукка аттанчулар, оппозиция жана бийликтеги тең салмактуулук. ЖК төрагасы менен маек

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан радиосу 16-майдан тарта күндүзгү эфирлерин обого чыгарды. "Ачык кеп" программасынын алкагында алгачкы конок катары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков чакырылып, угармандардын суроолоруна жооп берди. Төмөндө маектин тексттик варианты сунушталат.
Турсунбеков: КСДПда президенттикке талапкер болууга татыктуулар көп

— Учурда Жогору Кеңеш (ЖК) президенттин кол жоолугуна айланды, өз позициясын билдирбейт деген пикирлер көп. Буга кандай жообуңуз бар?

— Туура, коомдо мындай пикирлер бар. Бирок бул пикирлердин баары эле объективдүү деп айтуудан алысмын. Парламентте көп эле маселелер көтөрүлүп келген. Ал маселелер регламент боюнча талкууланат. Дал ушул талкуу учурунда парламент мүдүрүлүп калса, бул жалпы ЖКнын күнөөсү эмес, айрым бир депутаттардын позициясынын күчтүүлүгү.

Парламент баарын башкарып кетет дегенден алыс болуп, өткөөл доордо экенибизди баса белгилеп коюу керек. Биз баарыбыз 2010-жылга чейин президенттик башкарууга, үй-бүлөнүн мамлекеттик иштерге аралашуусуна күбө болгонбуз. Бул оорудан дарылануу үчүн көп убакыт керек экинин кырдаал көрсөтүп турат. Бирок 2010-жылдагы жагдай биринчи кезекте тартипти талап кылган. Таразанын ташындай болуп токтобой турган кырдаалдан өтүп бара жатабыз. Буюрса акырындап токтойт. Президенттик шайлоодон кийин баары өз ордуна келет.

— Төрага болор алдында "бул кызматка барбайм, бийликте тең салмактуулук болушу керек" деп айттыңыз эле…

Голосование на выборах в местные кенеши и референдум в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Президенттик шайлоонун куну менен күнү: кызыл чеке кылган сунуштар
— Менин оюм чынында ошондой болчу. Чын дилимден көпчүлүк коалициядан аттанып жаткандардын бири утса экен деп аракет кылгам. Ага баарыңар күбөсүңөр. Бирок кырдаал өзүнүн өзгөртүүлөрүн киргизип, эки талапкер (Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев — ред.) тең өтпөй калды. Андан соң баары менин талапкерлигиме токтолушту. Эки оппозициялык фракция менин талапкерлигимди алып чыкса, коалиция кайда качат? Анан айла жок мага токтолушту. Баса белгилеп кетчү жагдай, оппозиция да өз талапкерин алып чыкты. Ал киши президенттин кабыл алуусунда болуп, батасын алган. Анан шайлоодон мен утуп чыктым. Табигый тандоо болду. Ошондуктан кимдир бирөөгө доомат артуу туура эмес. Ошон үчүн мени эч ким, алардын арасында силер да күнөөлөй албай калдыңар (күлүп).

— А теңсиздик маселесичи?

— Кандайдыр бир деңгээлде бузулган сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Эгерде төрагалыкка башкалар өтпөй, тандоо мага келип такалса, коомчулук кабыл алып жатса, эч ким тең салмактуулук бузулду деп айта албайт экен. Ошол көрүнүшкө туш болдук да.

— Парламентте эки тарап тирешип калат. Ошондо КСДПга жан тартып кеткен учур болбойбу?

— Төрага ушул учурда абдан кыйналат. Бирок кырдаалдан чыгуу үчүн регламентке таянам. Силер байкасаңар керек, "оппозицияга көп сөз берип жибердиңиз" деп өзүбүздүн эле партиялаштар мени күнөөлөп, муштумун кезеген учурлар болду. Тескерисинче, партиялаштарга регламенттин негизинде сөз бергенде оппозиция өкүлдөрү нааразы болгон учурларды байкап жүрөм. Бул табигый көрүнүш. Кээде саясий оюн болуп, атайылап азчылык көпчүлүктү күнөөлөөгө шылтоо издегенде маңдайында турган кишиге токтолот да. А маңдайында болсо мен эле турам (күлүп). Менден кемчилик табууга аракет кылышат. Ал көрүнүштү туура эле кабыл алып, иштеп келе жатам. Бирок маселени колдон келишинче регламенттин негизинде чечем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТурсунбеков: партиялашымдын коомчулук сынына тушукканын өкүнүү менен кабыл алам
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Турсунбеков: партиялашымдын коомчулук сынына тушукканын өкүнүү менен кабыл алам

— ЖКда оппозиция барбы? Болсо ким?

— Оппозиция бар экенин баарыбыз эле көрүп жатабыз. Ал коомдогу маанилүү маселелерди көтөрүп келе жатат. Маселелер регламенттин негизинде талкууланат. Ошол жерге келгенде күчү жетпей калат да, күчүн сөздөн чыгарышат, сөзгө келгенде сөзсүз бирөөнү күнөөлөгөнгө аракет кылышат. Адам баласы кыйналган учурда ыйлаган сыяктуу эле да. Бирок ага карабастан оппозиция өз милдетин аткарып жатат. Бардык өлкөлөрдө эле саясий күрөштүн көрүнүшү ушундай.

— КСДП президенттик шайлоого кимди алып чыгууга камынып жатат?

— Президент буга чейин КСДПда өлкө башчылыкка талапкер болууга татыктуу адамдар көп экенин айткан. Мен дагы татыктуулар бар экенин көрүп келе жатам. Биздин партияда саясатта илгертен бери такшалып, ысык-суугуна бышкан бир топ саясатчыларыбыз бар. Ошолордун ичинен бир нечеси татыктуу деп ойлойм.

— Ошолордун бири сиз болушуңуз мүмкүнбү?

— Балким.

— Бир канча депутатка коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бирок аларды карап көрсөк көпчүлүгү оппозиция өкүлдөрү. Учурда чын эле коррупция менен күрөш жүрүп жатабы же бул саясий оппоненттерди жок кылуу амалыбы?

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Турсунбеков: аткезчиликти колдогон мафия бар экени көрүнүп турат
— Күнөөсү болсо ким экенине карабай иш козголушу керек. Биз 2010-жылга чейин уурдалгандар тутулбай, жанында жүргөндөр кармалып келгенине күбө болчубуз. Учурда уурдагандарды жазалоо маселеси алдыга чыкты. Эгерде козголгон иштер далилденсе — маселе жок. Аны коомчулук да туура кабыл алат. Сиз айткандай кокустан объективдүүлүк бузулса, жеке мотивдер болсо, алар акыры келип өз ордуна турушу керек.

— Шайлоо алдында "Өлкөнү өзгөрткөн 5 жыл" деген программаңыздар бар эле. Анда партиялык көзөмөл комитети түзүлүп, партияга көлөкө түшүргөндөргө чара көрүлөт дегенсиздер. Ошол комитет эмне иш кылып жатат азыр?

— Бул программаны мен өзүм түзгөм. Социалдык тармакта активдүү иштеген, демократиянын үлгүсүн көрсөтүп, эч кимди аябай бетке айткан Ренат Самудинов аттуу активистибиз бар. Ошол жигиттин демилгеси менен түзүлгөн. Ал иштеп, кемчиликтерди айтып келе жатат. Кемчиликтер көпчүлүккө жага бербейт экен. Өзгөчө бир адамга багытталып калганда алар чычалай баштайт. Ошондуктан кээде ал жигитке да нааразычылыктар айтылып жүрөт. Бирок ошого карабай милдетин так аткарууда. Тилекке каршы, биздин тандоо убагында толук деңгээлде, ойдогудай өтпөгөндүгүн мезгил көрсөтүп жатат. Кээде тигил же бул өкүлүбүз, депутатыбыз тарабынан коомчулуктун сынына кабылган көрүнүштөр болуп жатканын көрүп, өкүнүү менен кабыл алабыз. Андай учурда партия жыйынында маселелерди туура багытка бурууга аракет кылабыз.

— Шайлоо алдындагы "Таза коом" долбоору, анын ичинде "Коопсуз шаар", интернеттештирүү убадалары эмне болду?

— Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан интернеттештирүү аракеттери көрүлүп, ишке ашып жатат. "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу үчүн акча каражаты каралууда. Бир сөз менен майдалары ишке ашып, чоң долбоорлорго акча каралып жатат деп айтайын сизге. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовТурсунбеков: Жогорку Кеңештен бизнесмен болуп чыккандарды көзөмөлдөө керек
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Турсунбеков: Жогорку Кеңештен бизнесмен болуп чыккандарды көзөмөлдөө керек

— КСДПнын лидери катары шайлоо алдында тизме түзүүгө катыштыңыз беле?

— КСДПнын тизмесин бир канча киши талкуулаганбыз. Бирок чечимди бир адам кабыл албайт экен. Мен тандаган кадрлар мамлекет үчүн да, партия үчүн да татыктуу иштеп жатышат. Башкаларга жооп берчү кишилер бар.

— ЖКда бизнесмендер көп. Ишкерлердин бийликке келишине кандай карайсыз?

Поздравление представителей СМИ президентом Алмазбеком Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: КСДП ой келди адамды президенттикке сунуштабайт
— Парламент менен саясатта өмүр бою жүрүп, анан бизнесменге айлангандардан кооптонсо болот. Бирок бизнестен бутка туруп, ишканаларды ачып, анан Жогорку Кеңешке келген адамдан коркпогула. Ал өзүнүн эмгеги менен жумушчу орун түзүп, акча таап, өзүн-өзү баккан адам. Демек, ал келсе коомду багууга жардам берет. Бирок ЖКга келгенде эч нерсеси жок жүрүп, анан ушул жактан байып чоң бизнесмен болуп чыгып жаткандарга өтө шектүү көз менен карап, ошолорду катуу көзөмөлдөсөңөр туура болот.

— Чыгармачылыгыңыз эмне болуп жатат?

— Сейрек болсо дагы кээде турмуш көйгөйлөрү же сезимдеги толкундатуучу кырдаалдар төрт сап, 10 сап ырга айланып калган учурлар бар. Алар акырындап чогулуп жатат. Учуру келгенде жарык көрөт.

Чыныбай Турсунбековдун өмүр баяны жана эмгек жолу тууралуу Sputnik Кыргызстан даярдаган таржымалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0