16:20 24 Аяк оона 2017
Түз эфир
Футбол. Архивдик сүрөт

Кыргыз дипломаттары элчиликтер арасында өтчү футбол биринчилигине катышат

© Sputnik / Александр Вильф
Коом
Кыскача шилтеме алуу
28 0 0

Бул биринчилик 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай уюштурулууда

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык дипломаттар Россиядагы элчиликтер арасында өтө турган футбол боюнча бейрасмий дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Россиядагы кыргыз элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Биринчи жолу уюштурулуп жаткан биринчилик Москва шаарында 23-24-сентябрь күндөрү өтөрү кабарланды. 

"Биздин команда машыгууларын баштады. Баарынын маанайы жакшы", — деп айтылат билдирүүдө. 

Бул биринчилик 2018-жылы Россияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатын утурлай уюштурулууда. 

Тема боюнча

Кыргызстандын курама командасы FIFA рейтингинде алты сапка көтөрүлдү
Белгилер:
биринчилик, элчилик, Футбол, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ