ОШ, 1-сен. — Sputnik. Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди. Бул тууралуу Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Нургазы Акматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваКоомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди
Коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тейит айылындагы үйүн бала бакча катары пайдаланууга берди
Анын айтымында, беш бөлмөлүү турак жайдын 40 сотых жери бар.
"Бүгүн, 1-сентябрь Билим күнүнө арналган иш-чарага коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев өзү катышып, үйүн бала бакча катары пайдаланууга бере тургандыгын айтты. Учурда үйдү айыл өкмөттүн карамагына өткөрүү иштери жүрүп жатат", — деди Акматов.
Ал кошумчалагандай, 300 кожолуктан турган Кара-Тейит айылында буга чейин бала бакча болгон эмес.