БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Астанада өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде пикир келишпестиктерден улам кыргызстандык команда оюн талаасына учурунда чыкпай калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.
Программа боюнча Кыргызстан менен Монголиянын беттеши бүгүн саат 9.00дө башталмак.
Буга чейин Кыргызстандын улакчыларына көк бөрүгө түшө турган аттардын арткы буттарындагы такаларды чечип оюнга катышуу керек деген талаптар коюлган. Казак тарап муну көкпардын эрежесине такаган.
Азыркы тапта Тажикстан менен Өзбекстандын улакчылары беттешип жатат. Алардан кийин Кыргызстандын командасы Монголия менен чыгары белгилүү болду.
Белгилей кетсек, Казакстанда "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында түрк элинин салттык спортуна кирген "көкпар" (көк бөрү) оюну боюнча дүйнө чемпионаты 20-28-август күндөрү Астананын "Казанат" ат майданында өтүп жатат.
Кыргызстандын көк бөрү боюнча улуттук курама командасынын эң мыкты оюнчуларынын бири Манас Ниязов Астанада өтчү дүйнөлүк чемпионатка барбай калышы коомчулуктагы талкууга жем таштаган.