Амангелди Муралиев тууралуу 10 факты. Биз билген жана билбеген экс-министр

© AFP / KAZUHIRO NOGIМамлекеттик, коомдук ишмер, экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик, коомдук ишмер, экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-августта мамлекеттик жана коомдук ишмер, экс-премьер-министр Амангелди Муралиев 70 жашка чыкты. Ал Чүй облусунун Панфилов районунун Кум-Арык айылында 1947-жылы кызматкердин үй-бүлөсүндө жарыкка келген.

Амангелди Муралиевдин өмүр жолундагы урунтуу 10 фактыны журналист Кабыл Макешов баяндайт.

Бир нече кесиптин ээси. Алгач Кара-Балта шаарындагы тамак-аш өнөр жайы техникумун аяктайт. Ал эми армиядан келген соң Фрунзе шаарындагы электровакуум машина куруу заводуна техник-конструктор болуп кабыл алынат. Кийин политехникалык институтту, ал эми 1990-жылы Москвадагы СССР Министрлер Кеңешинин алдындагы Советтик эл чарба академиясынан билим алат.

Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
"Темир айым" атка конгон Аида Салянова тууралуу 9 факты
Таңгалган инженерлер. 1976-жылдан баштап партиялык жетекчилик кызматтарды аркалап, Фрунзе шаарындагы "Тяжэлектромаш", "Кыргызавтомаш" заводдорунун директору болуп, жетекчилик ишке такшалат. Кийин премьерлик учурунда (1999-2000-ж.ж. – ред.) да өкмөттүн жыйындарында аталган заводдордун цехтеринде кандай продукция чыгарын майда-чүйдөсүнө ташка тамган баскандай айтып, инженерлерди таңгалдырган учурлары бар.

Бишкектин тунгуч мэри. 1988-жылы Фрунзе шаардык Аткаруу кеңешинин төрагасы кызматын аркаласа, эгемен мамлекет болгондон соң альтернативдүү негизде Бишкек шаарынын алгачкы мэри болуп шайланат. Андан кийин бир топ мамлекеттик кызматтарда иштейт.

Саясий айдыңдагы "каяшасы". 1993-жылы март айында ошол учурдагы өкмөт башчы Турсунбек Чынгышевдин жүргүзгөн туура эмес саясатына каршы чыгып, Экономика жана каржы министрлик кызматынан өз эрки менен отставкага кеткен.

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүРоссиянын ошол кездеги премьер-министри Михаил Касьянов (оңдо) Кыргызстандын өкмөт башчысы Амангелди Муралиев (солдо) менен сүйлөшүүлөр учурунда. 2000-жыл, 27-июль
Михаил Касьянов и Амангельды Муралиев - Sputnik Кыргызстан
Россиянын ошол кездеги премьер-министри Михаил Касьянов (оңдо) Кыргызстандын өкмөт башчысы Амангелди Муралиев (солдо) менен сүйлөшүүлөр учурунда. 2000-жыл, 27-июль

Кайтып келген кезең. Кийинки премьер-министр Апас Жумагуловдун мамлекеттик кызматка чакыруусу менен кайрадан экономика боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, кийин Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы-министр кызматтарын аркалаган. 1994-1999-жылдары вице-премер, Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор болгон. Ал учурда Баткен облусу түзүлө элек болчу.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кырктын кырына чыккан Сапар Исаков тууралуу 5 факты
Кыргызстандын 10-премьер-министри. Экономикалык кризис тереңдеп бараткан учурда ал 1999-жылдын 12-апрелинен 2000-жылдын 21-декабрына чейин эгемен Кыргызстандын 10-премер-министри болгон. Анткен менен ал кездеги президент Аскар Акаев Муралиевди премьерлик ээрден "кебез менен мууздагандай" алып түшкөн….Акаев анын ордуна Курманбек Бакиевди жылдырган. Жакшы кадр жерде калбай, экинчи революциядан кийин 2010-жылдын 14-июлунан 21-декабрга чейин техникалык өкмөттүн биринчи вице-президенти болуп кыйын кырдаалдан чыгууга салым кошуп, бай тажрыйбасын бөлүшкөн.

Райакимиаттын кызматкери өкмөттүн аппаратына секирик жасаганда. Муралиев премьерлик кезинде бийик интеллектиси жана чапчаң, кадрды көрө билген жетекчи катары көптөрдүн эсинде калды. Анын өкмөттүн жыйынында маселени жадыбалдай билип, такылдап жооп берген адистерди турган жерден өкмөттөн аппаратына адис кылып кызматка алган учурлары болгон….Аламүдүн райадминистрациясынын өкмөт жыйынына келген кызматкери өзү да күтпөгөн жерден… Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппарат кызматкери болуп калган учурду эстесек болот.

Футбол жана Муралиев. Жашынан футбол ойноп, армияда команданын жарым коргоочусу болгон. Футболго, спортко кызыккандыктан 18 жыл (1991-2009) Кыргызстандын Футбол федерациясын башкарды. Эгемен Кыргызстандагы футболдун өсүп-өнүгүшүнө, Бишкекте Футбол борборунун, стадион, аянттардын салынышына салым кошкон.

Кыргыз Республикасынын жана СССРдин эл артисти, атактуу дирижёр Асанкан Жумакматовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Атасыз балалык, автоунаа минбеген дирижёр. Асанкан Жумакматов тууралуу 5 факты
Ойлоп табуучу жана акын, жазуучулук жайы. Москвадагы Эл аралык инженердик академиясынын жана Кыргызстандын инженердик академиясынын академиги, 10дон ашуун патент-ойлоп табуулардын автору. Муралиев чыгармачылыкка да кызыгып, бош убактысында орус тилинде ыр, аңгеме, эскерүүлөрүн жана экономика, өнөр жай, илим-техника тууралуу китептерди жазып келет. Беш китеби жарык көрсө, анын экөө ыр жыйнактары. "Горный подснежник" ыр жыйнагы "Байчечекей" деген ат менен кыргызчага да которулуп чыккан. Экинчи ырлар жыйнагы "Зовущий горизонт" деп аталат.

Үч баланын атасы. Биринчи жубайы Чынаркүл Султановнадан учурда мамлекеттик жашыруун сырларды саткан деген жалаа менен айыпталган Алтынбек аттуу уулу, мугалим болуп иштеген Жылдыз аттуу кызы, кийинки жубайынан окуучу Амина аттуу кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0