БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ливанда өткөн World Next Top Model 2017 сынагында Кыргызстандын намысын коргоп барган Сусанна Егорян вице-мисс наамына ээ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттинине жаш модель эмгектенген агенттиктин директору Таттыбүбү Самидин кызы билдирди.
Сулуулук сынагы Ливандын Бейрут шаарында июль айынын ортосунда башталып, финалы кечээ жакында болуп өттү. Беш миң доллар өлчөмүндөгү башкы байгеге дүйнөнүн 49 мамлекетинен келген сулуулар ат салышты.
World Next Top Model 2017 наамына индиялык сулуу Шерил Чарлез ээ болду. Ал эми биринчи вице-мисс кыргызстандык кыз болсо, экинчилик марокколук Далале Газзалиге буюрду.
Егорян ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда өткөн "Мисс подиум" сынагын жеңип алгандан кийин эл аралык сулуулук таймашына жолдомо алган.
Моделдик ишмердүүлүгүн жаңы баштаган Сусанна Егорян ушул жылы Бишкектеги №8 мектепти аяктады.