Самара Каримова музей директорлугунан эмнеге баш тартканын айтты

© SputnikЭстрадная певица Самара Каримова. Фото со страницы Instagram пользователя samarakarimova_official
Эстрадная певица Самара Каримова. Фото со страницы Instagram пользователя samarakarimova_official - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жетекчилик кызматтан өз эрки менен баш тарткан

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Белгилүү ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексин жетектөөдөн баш тартты. Бул тууралуу маалыматты ырчы өзү Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

"Кечээтен бери социалдык тармактарда аягы тыйылбай айтылып жаткан сын-пикирлерди көрүп ушундай чечим кабыл алдым. Баары эле "жашсың" деп жатканынан кызматтан кетүүнү туура көрдүм. Биздин коом жаштарга даяр эмес окшойт. Бирок "Сулайман-Тоо" музейин өнүктүрүүгө аябай жакшы иштерди пландап жаткам", — деди Каримова.

Белгилей кетсек, ал маданият, маалымат жана туризм министринин буйругу менен кечээ, 28-июлда, жетекчилик кызматка дайындалган.

Белгилүү ырчы Самара Каримова тууралуу кызыктуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0