БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Белгилүү ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты аткаруучу Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Анын айтымында, тиешелүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри бүгүн кол койгон.
"Буга чейин директорлукка өзүмдү көрсөтүү үчүн арыз жазган болчумун. Жалпы канча талапкер болгонун билген жокмун. Министрликтин буйругу бир саат мурда чыкты. Жетекчилик кызматты аркалап кетериме ишенем. Мектепте жүргөндө эле абдан активдүү болчумун", — деди Каримова.
Ал ошондой эле чыгармачылыктан алыстабай турганын кошумчалады.
Музейдин мурдагы директору Абдраим Тургунбаев кызматынан өз каалоосу менен кеткен.
Белгилүү ырчы Самара Каримова тууралуу кызыктуу 5 фактыны Sputnik Кыргызстандын материалынан таанышыңыз>>