26 жаштын даамын таткан Самара Каримова тууралуу кызыктуу 5 факты

© Фото / Арсен МендебаевИнтервью с певицей Самарой Каримовой
Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 10-апрель күнү, белгилүү ырчы Самара Каримова 26 жашка толду. Өзү жаш болсо да кыска аралыкта узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына таанылган ырчы тууралуу кызыктуу фактыны журналист Гүлдана Талантбекова даярдады.

Сегиз бир туугандын жетинчиси

— Каримова Самара Эрмековна 1991-жылы 10-апрелде Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөн. 1998-жылы Наргозу Батыров атындагы мектепке кирип, 2009-жылы кыргыз-түрк Манас университетинин актрисалык бөлүмүнө тапшырган. 2010-жылдан тарта Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын актрисасы, жеке ырчы. Ырчы айымдын атасы Эрмек Каримов аккордеондо ойноп, бир нече тилде обон созот. Кесиби боюнча орус тили жана адабиятынан мугалим. Апасы Разия Шарипова КРдин ардактуу медициналык кызматкери. Самара сегиз бир туугандын жетинчиси. Бактыгүл, Сайрагүл, Айнагүл, Миргүл, Алымкан, Уулжан деген алты эжеси жана өзүнөн кийин Сагынбек аттуу иниси бар. Улуу эжелеринин бардыгы турмуш жолунда, ар кайсы тармакта эмгектенишет. Сагынбек — чыгармачыл адам, аккордеондо, улуттук аспаптарда кол ойнотуп, ырдайт. 

© Фото / Арсен МендебаевЫрчы Самара Каримова үй-бүлөсү менен
Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Самара Каримова үй-бүлөсү менен

Сүйүүгө тоскоол болбогон 23 жаш

Курманжан датка тасмасынан бир кадр - Sputnik Кыргызстан
Туулган күнүң менен, Элина! Актриса тууралуу кызыктуу 7 факты
— 2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Аман Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү улуу Алихан 2015-жылы төрөлгөн. Өмүрлүк жарынан 23 жаш кичүү. Жолдошу Аман Мансуровдун Самара менен таанышкандыгы тууралуу минтип айтканы бар: "Ош драма театрынын жетекчиси болуп иштеп турган кезим. Курманжан датканын 200 жылдыгына карата Бишкекке фестивалга келгенбиз. Ошол фестивалды көргөнү Самара да келиптир. Жаныма келип "Асан аке сиз болосузбу, мен Самарамын. Аяш атаңыздын кызымын" деп өзүн тааныштырган. Алгач таанышканда, албетте, жубайым болуп каларын билген эмесмин. Баары буйруктан экен, минтип чыгармачылыктын артынан экөөбүз түтүн булатып калдык.

Жибек чачтын таржымалы

— Ырчыга көп берилген суроолордун бири — "чачыңызды кошуп алдыңызбы?". Бирок ал ырчынын өзүнүн чачы. Чачынын узундугун жолдошунун каалоосу менен түшүндүрөт. Маалы менен чачына маскаларды коюп, дары чөптөр менен жууп турат. Убагы менен кармап, күрүчтү сууга бышырып жейт, эртең менен туруп бир стакан суу ичүүнү адатка айланткан. 

© Фото / Арсен МендебаевЫрчы Самара Каримова
Интервью с певицей Самарой Каримовой - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Самара Каримова

Өз курагынан улуу көрүнгөн жагдай тууралуу

— Самараны өз курагынан улуу көрүнөт дегендер бар. Биринчиден, ырчы эстрадалык-фольклордук ырларды ырдагандыктан эл алдына узун көйнөктөрдү кийип чыгат. Экинчиден дос-тууган, санаалаштарын көбү улуу муундагы инсандар. Маселен, Саламат Садыкова, Алтынай Нарбаева, Салима Балтаева сыяктуу өнөр адамдары менен чыгармачылык да, үй-бүлөлүк да катышы бар.

Күнү тууган чыгармачылык

Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Сабира Күмүшалиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Эл артисти Сабира Күмүшалиева жөнүндө кызыктуу беш факты
— Учурда Самара Каримова жеке ырчы, "Самара" театралдык тобунун жетекчиси, Ош шаарындагы сулуулук салонунун ээси. Ырчы кандай гана ыр жаздырып, дуэт аткарбасын, жылдызы жанып турган убак.

2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык конкурстун баш байгесин утуп алган. Т.Турсунбаева, М.Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты. Ошондой эле ЖМКлар уюштурган сыйлыктарды багындыргандардын сап башында.

Жаңылыктар түрмөгү
0