Атам конгон журтту сагынам... Атактуулар аталарына алкыш айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Ала-Арча мамлекеттик паркында. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Ала-Арча мамлекеттик паркында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны" демекчи, ата — бул аска тоо. Ата баланы көпчүлүккө көрсөтпөй эркелетип, көмүскө тарбиялайт. Чүрпөсүнүн келечекте алгач адам болушуна жана ийгиликтүү өсүшүнө ата бирден-бир себепчи болот эмеспи.

18-июнь эл аралык аталар күнүнө карата Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү саясат, маданият тармагындагы өкүлдөрдүн аталары тууралуу материал даярдады.

© Sputnik / Нургуль МаксутоваМедицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков
Интервью с директором Научно-исследовательского центра травматологии и ортопедии Сабырбеком Жумабековым - Sputnik Кыргызстан
Медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабеков

Сабырбек Жумабеков, медицина илимдеринин доктору, ортопед

"Ар бир жасаган эмгегимди атам менен бөлүшөм"

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу элчиси, профессор Ибрагим Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элчи Ибрагим Жунусов кат жазып, айылдаштары менен мектебинен кечирим сурады
Атам тууралуу айтсам анын дүйнө салганына быйыл туура 10 жыл болду. Ал киши мүнөзү өтө жумшак, токтоо, ар бир нерсени акыл калчап жасачу эле. Талас облусунун Кара-Буура районунун Саткей айылында 30 жыл айылда башкарма болуп иштеп, "Даңк" медалы менен сыйланды. Тамеки жыйноо боюнча өлкөдө алты жолу чемпион болду. Бул эмгеги үчүн ал наам алса деле болмок… Атамда таптакыр алдым-жуттум, жеп-ичүү деген сапат жок эле. Эл үчүн иштеген адам болгондуктан бизге да "элге ак кызмат кылгыла" деп көп айтчу. Көзү өтөөр алдында да айылдагы бир жерди көрсөтүп "ушул жерге мектеп кургула" деп өзү фундаментин казышкан.

Азыр ар бир операциямдын алдында атам менен сүйлөшөм, жетишкен ийгиликтерим болсо атам менен сүйүнүчүмдү бөлүшүп өзүм менен өзүм сүйлөшүп алам. Азыр да бул эскерүүнү атам жасап берген тапчанга отуруп жазып жатам. Ал киши өмүрүнүн баарын элине, айылына арнады. Ак эмгегине ыраазымын!

© Фото / из личного архива Керима ТураповаКыргыз Эл атисти Керим Турапов атасы менен
Народный артист Кыргызстана Керим Турапов с отцом - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Эл атисти Керим Турапов атасы менен

Керим Турапов, Кыргыз Эл артисти, опера ырчысы

"Атам, ээнсиреген жалгыз там…"

Азыр баамдасам, атам кыргызда айтылган куйма кулак адамдардын бири болгон экен. Үйгө кишилер көп келип, алар атамдын айткандарын угуп, каткырып, бир оокумга чейин отурушаар эле. Жакшы ырдап, эпостордон тарта тарыхый романдарды мыкты биле турган. Кээде балалык кыялым менен чогулгандарды жактырбай, колтугуна кирип алып, түрткүлөп, "ата, бул кишилерди кетирчи" дечүмүн.

Кийин мен окууга келип, жогорку ноталарды билип, үйрөнгөнгө аракет кыла баштаганда анан атамдын ким экенин түшүндүм. Бир ирет бийик нотаны сунуштасам, атам жөн эле, кыйынчылыксыз алып койду. А мен ошол ноталарды ырдайм деп беш жыл окуп отурбаймынбы. Көрсө, атамдын эске тутуусу менен музыкалык туюму укмуш экен да. Апам эрте өтүп кетти. Ага болгон сагынычымдан улам "түндүгүнөн түтүн булатып, апам жапкан нанды сагынам" деген саптарым жаралды. Мен айылга барган сайын аксакалдарды, байбичелерди чогултуп, куран окутуп, эскерип келем. Бул адатка айланган. "Атаңды көргөн өлбөсүн" демекчи, бул менин атам менен апамды эскерүүм, аларга болгон жолугуум…

© Фото / из личного архива Кубата ОторбаеваАкыйкатчы Кубат Оторбаевдин атасы
Отец омбудсмена Кыргызстана Кубата Оторбаева  - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин атасы

Кубат Оторбаев, акыйкатчы

"Атам көп жылдан бери Ат-Башынын аба-ырайына байкоо салып келет"

Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан
Айтматовсуз 9 жыл. Үлкөндүн караанын издегенде
Атам Табылды Оторбаев өмүр бою Ат-Башы районунун мурдагы Пограничник, азыркы Казыбек айылындагы мектепте физика, астрономия сабактарын окутуп, пенсияга чыккан. Атам үч окуу предмети боюнча үч окуу бөлмөсүн жасады. Биринчиси — физика предметинин кабинети. Дал ушул окуу бөлмөсү үчүн ал "Эл агартуунун отличниги" наамын алган. Экинчиси — астрономия кабинети. Бул окуу бөлмөсүнүн шыбына космосту (потолок) өз колу менен тартып чыккан эле. Убагында "Советтер Союзу боюнча мындай кабинеттен экөө гана бар экен, бирөө атамдыкы" деп чыгышкан. Бирок атамдыкына окшош кабинетти эч бир жерден көрө алган жокмун. Үчүнчүсү — өз тилибизде айта жүрчү "трактор кабинет". Бирок кийин аны өзгөртүп салышыптыр. Анан да атам көп жылдан бери элдик астрономиянын туруктуу, айныгыс өкүлү катары күн сайын аба-ырайына байкоо салып келе жатат. Анын сыртта, дубалда илинип турган термометри, анан андагы цифраларды каттай турган калың дептери бар. Ошондон улам теледен Нарын облусуна карата айтылган аба ырайы тууралуу маалыматка нааразы, "биздин аймакта аба ырайы телевизордо айтылгандагыдан алдаганча төмөн" дейт мен барган сайын.

Менин атам биздин айылга эле эмес, ошентип, мага да мугалим. Ушул күнгө чейин акылын айтып, камкордугун көрсөтүп, калкалап келет. Мен ага, албетте, ыраазымын.

© Фото / из личного архива Элдияра Кененсарова"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров ата-энеси менен
Капитан команды Азия MIX Элдияр Кененсаров с родителями - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров ата-энеси менен

Элдияр Кененсаров,"Азия MIX" командасынын капитаны

"Ата, сага ыраазымын!"

Эскерүү бул эң жакшы көрүнүш. Өткөндү эстегенде кайрадан ошол жакка жакын адамдарыңды алып кетип калгың келет. Бул жайда азыркыга чейин эч нерсе өзгөргөн эмес. Ал жерде сага бардык үй, ар бир бак-дарак, ар бир үй-бүлө ал тургай жолдон өтүп бара жаткан жолоочу да тааныш. Бул жай сага эч качан өзгөрбөй эсте сакталып калат. Ошол жайды көрсөткөнү үчүн ата, сага ыраазымын!!!

(Элдияр Кененсаров атасынан 18 жашында айрылган)

© Фото / из личного архива Айсулуу МамашевойЖК депутаты Айсулуу Мамашева атасы менен
Депутат ЖК Айсулуу Мамашева с отцом - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Айсулуу Мамашева атасы менен

Айсулуу Мамашева, ЖК депутаты

"Атам үчүн секелек кызмын"

Атасынын кызы деп айтканда эч тартынбайм, тескерисинче, абдан сыймыктанам. Анткени менин атам эң даанышман, мээримдүү, адамкерчиликтүү, аракетчил, билимдүү адам.

Кудайыма атам үчүн ыраазымын!!! Чоңойсом деле атам экөөбүз чогуу жүргөндө ал мени колуман жетелеп алат. Бул учурда бактым, кубанычым койнума батпай кетет. Атам үчүн мен дале секелек кызмын. Биз үчүн жасаган ар бир эмгегиңиз үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Атаке, бар болунуз!

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын тою
Свадьба дочери президента Атамбаева Алии Шагиевой - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиеванын тою

Алия Шагиева, президент Алмазбек Атамбаевдин кызы

"Чыгармачылыкка менин жакын болуума атам таасир тийгизген"

Президент Алмазбек Атамбаев гитаранын коштоосу менен ырдап чыкканда кызы Алия Шагиева өзүнүн Facebook баракчасынан атасын мыкты аткарган ыры менен куттуктап, аны жакшы көрөөрүн айткан.

"Ичине эмне деп жазганымды көрсөтпөйм. Себеби, аруу, таза нерселерди баарына жар салгым келбейт. Жакшы көрөм, жакшы көрөм, жакшы көрөм! Гитаранын коштоосундагы ыры менен куттуктайм. Ал эс алдырган, жылмаюу тартуулап, өмүрдү узарткан жан дүйнөсүнө жакын иш менен алектенгенине абдан кубанычтамын. Ооба, ал сүрөт тартчу. Жакында эле анын тарткан сүрөттөрүнүн альбомун барактап чыктым. Чыгармачылыкка менин жакын болуума атам таасир тийгизген. Сизге чоң рахмат!" — деп жазган Шагиева.

© Sputnik / Табылды КадырбековМанасчы Рысбай Исаков
Собрание народного курултая в Русском драматическом театре в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Рысбай Исаков

Рысбай Исаков, манасчы

"Атамдай адам болууга далалаттанам"

Менин атам Рахман ырга ышкылуу, шайыр адам болгон. Жанындагыларды тамашасы менен тамшандырып, күлкүгө бөлөп жиберээр эле. Атайын кесип кылбаганы менен, эргүүсү келген учурлары ыр жазып калчу. Балдарга карата катуу сүйлөп, урушканын да уккан жокмун. Улуттук оюндардан ордого ышкыбоз болуп, бош учурда кайыштан камчы өрүүнү жакшы көрчү. Мүнөзүнүн жөнөкөйлүгү менен теңтуштарынын алдында кадырлуу болгон. Турмуш жолунда атамдай мүнөз күтүп, атамдай адам болууга далалаттанам…

Жаңылыктар түрмөгү
0