03:03 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5043
  • RUB1.1584
Коом
Кыскача шилтеме алуу
42260

Аталган номинацияга мыкты делген 20 дарыгер ат салышып, учурда аларга интернет аркылуу ачык добуш берилүүдө. Андагы рейтинг боюнча Мелис Толтоев 2-орунда келе жатат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россиянын Татарск шаардык ооруканасында хурург болуп иштеген кыргызстандык Мелис Толтоев Новосибирск облусу боюнча өткөрүлүп жаткан "Жылдын мыкты дарыгери" номинациясына көрсөтүлдү. Бул маалыматы Sputnik Кыргызстан агенттигине дарыгер өзү тастыктап берди.

Аталаган номинацияга облустун мыкты делген 20 дарыгери ат салышып, учурда аларга интернет аркылуу ачык добуш берилүүдө. Андагы рейтинг боюнча мекендешибиз экинчи орунда келе жатат.

  • Россиянын Татарск шаардык ооруканасында хурург болуп иштеген кыргызстандык Мелис Толтоев Новосибирск облусу боюнча өткөрүлүп жаткан Жылдын мыкты дарыгери номинациясына көрсөтүлдү.
    Россиянын Татарск шаардык ооруканасында хурург болуп иштеген кыргызстандык Мелис Толтоев Новосибирск облусу боюнча өткөрүлүп жаткан "Жылдын мыкты дарыгери" номинациясына көрсөтүлдү.
    © Фото / Сергей Степанов
  • Аталаган номинацияга облустун мыкты делген 20 дарыгери ат салышып, учурда аларга интернет аркылуу ачык добуш берилүүдө.
    Аталаган номинацияга облустун мыкты делген 20 дарыгери ат салышып, учурда аларга интернет аркылуу ачык добуш берилүүдө.
    © Фото / Сергей Степанов
1 / 2
© Фото / Сергей Степанов
Россиянын Татарск шаардык ооруканасында хурург болуп иштеген кыргызстандык Мелис Толтоев Новосибирск облусу боюнча өткөрүлүп жаткан "Жылдын мыкты дарыгери" номинациясына көрсөтүлдү.

"Алгач 2009-жылы Казань шаарына аспирантурага тапшыргам. Аны бүтөрүм менен 2012-жылы келишимдин негизинде бул ооруканага келип иштеп баштадым. Бизде жалпы 130га чукул дарыгер эмгектенет. Жетекчиликтин мындай номинацияга оорукананын атынан мени көрсөткөнү өзүм үчүн да күтүүсүз болду", — деди дарыгер.

Толтоевдин айтымында, жалпы Россия боюнча медицина жаатында эмгектенген кыргыздардын саны 1000ге чукулдайт. Ал иштеген ооруканага да жаңыдан окууну бүткөн кыргызстандык эки жаш адис жумушка орношкон.

"Учурда докторлук ишимди жаза баштадым. Мен бул жерде келишимдин негизинде иштейм. Кызмат акы Кыргызстанга салыштырмалуу бир топ эле жогору төлөнөт. Кээде кечки саат сегизден таңкы алтыга чейин операциядан чыкпай иштеп калабыз", — деди дарыгер.

Мелис Толтоев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында 1985-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Медицина илимдерин кандидаты, илимий 40 макаланын жана 5 ойлоп табуунун автору. 2012-жылы Россиядагы жаш окумуштуулар конференциясында биринчи орунду ээлеген.

Тема боюнча

Кытайдагы клиниканын котормочусу Динара: бети түрүлүп жаткан кишиден аябай коркком
Сабырбек Жумабековго Гиннес китебинин комиссиясынан жооп келди
Белгилер:
Россия, номинация, дарыгер

ЭҢ МААНИЛҮҮ