Көз таңмай, төө басты, орто топ... Аң-сезимди өстүрчү улуттук оюндардын эрежеси

Жазылуу
Балалыгымды эстегенде бада тоскону эртерээк чыгып алып кошунанын балдары менен жашынмак, шакек салмай, орто топ ойногонум көз алдыма тартылат. Биздин уул-кыздарыбыз балалыгын minecraft, сlash of clans, shadow fight, warface менен эскергени калды окшойт.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан агенттиги балдар жана өспүрүмдөр ойногон кыргыздын улуттук оюндарынын айрымдарынын эрежелерин сунуштайт.

Карап отурсак бул оюндардын баары баланын ден-соолугун жакшыртып, аң-сезимин өстүрүүгө жардамы чоң экен. Төмөндөгү макаладан оюндардын шарттарын эстеп, ара-чолодо балдар менен ойноп койгонго эмнеге болбосун.

Оюндардын шарты боюнча маалыматтар педагогика илимдеринин доктору, профессор Хабибулла Анаркуловдун "Кыргыз эл оюндары" китебинен алынды.

© Sputnik / Даниил СулаймановКызыл байрак, ак байрак
Кызыл байрак, ак байрак - Sputnik Кыргызстан
Кызыл байрак, ак байрак

Кызыл байрак, ак байрак

Оюнчулардын саны: 16-20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Колдонуучу буюмдар: желекчелер.

Праздничное мероприятия Тысяча женщин в ак-элечеке — 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бой жеткен кыздарга тиешелүү 9 "болбойт"
Эрежеси: Жетекчи шайланат, калгандар эки топко бөлүнөт. 25-30 метр аралыкка бир катар болуп бетме-бет турушат. Катарда биринчи болуп турган оюнчу колуна желекчени алат. Башкаруучунун буйругу боюнча кезеги келген бала колуна желекче алып, атаандаш болгон оюнчулар тобунун артынан жүгүрүп өтүп келүүгө тийиш. Кайсы топтун акыркы оюнчусу желекчени катарда биринчи болуп турган катышуучуга тезирээк жеткирип берсе, алар жеңишке жетишет. Оюнчулардын саны эки топто тең бирдей болушу керек. Желекчелердин бири ак, экинчиси кызыл болушу шарт. Желекчелер жок болуп калган убакта алардын ордуна бет арчыларды, баш кийимдерди, камчы саптарды колдонсо болот.

Тарбиялык мааниси: күч, ылдамдык тарбияланат, биримдикке чакырып, тартипти сактоого үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановКөз таңмай
Көз таңмай - Sputnik Кыргызстан
Көз таңмай

Көз таңмай

Оюнчулардын саны: 3-15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Колдонуучу буюмдар: жоолук.

Эрежеси: Оюнчулардын санына жараша тегерек сызылат да, кезектеги оюнчунун көзүн жоолук менен таңгандан кийин оюнчулар тегеректен чыкпай, көзү таңылган балага карматпай качууга аракеттенишет. Көздөрү таңылган оюнчу алардын бирөөсүн кармоого умтулат. Эгерде бирөөсүн кармап алса, алар бири-бири менен алмашкандан кийин оюнду кайрадан башташат. Ошентип оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Аз убакытта көп оюнчуну кармаган бала жеңүүчү болот.

Тарбиялык мааниси: сезүүгө, угууга, көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановОрто топ
Орто топ - Sputnik Кыргызстан
Орто топ

Орто топ

Оюнчулардын саны: 4-10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө.

Оюнда колдонуучу буюмдар: топ.

Эрежеси: Оюнчулар эки жаатка бөлүнүшөт. Бир тараптын оюнчулары катарга тизилип, экинчи тараптагылар биринчи тараптын эки жагында, алардан 5—10 метр алыстыкка тургандан кийин, ортодогуларды топ менен уруп алууга аракеттенишет. Ортодогу оюнчулар, белгиленген аянтчадан чыкпастан, ыргытылган топту өздөрүнө тийгизбей качууга тийиш. Эгерде ортодогулардын бирөөсүнө ыргытылган топ тийсе, ал оюнчу жыдып, оюндун бүтүшүн күтөт. Оюн "сокку алдында калгандар" калбай калгыча улана берет. Андан кийин эки тарап орду менен алмашып, оюнду кайрадан башташат. Аз убакытта атаандаштарын топ менен уруп жыдыткан оюнчулардын жааты жеңет.

Тарбиялык мааниси: күч, шамдагайлык тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановҮч тапан
Үч тапан - Sputnik Кыргызстан
Үч тапан

Үч тапан

Оюнчулардын саны: 2-5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтчада.

Оюнда колдонуучу буюмдар: чүкө.

Оюндун эрежеси: Оюнчулар бири-биринен 3—10 метр аралыкта эки сызык сызышат. Биринчи сызыкка чүкөлөр тизилет. Экинчи сызыктан кезектеги оюнчу колундагы сака менен тизилген чүкөлөрдү үч тапандык аралыктан алысыраак атууга аракет кылат. Эгерде чүкө үч тапандан алысыраак түшсө, ал чүкөнү аткан оюнчу утуп алып, оюнду кайрадан улантат. Эгерде аткан сака сызыктагы чүкөлөргө тийбей калса, же тийген чүкөлөр үч тапан аралыкка жетпей калса чүкөлөр кайрадан ордуна коюлгандан кийин кезек кийинки оюнчуга өтөт. Оюн казынада чүкөлөр калбай калгыча уланат. Көп чүкө уткан оюнчу жеңүүчү болот.

Тарбиялык мааниси: баланын ийилчээк болуусун шарттайт, туура мээлөөгө, чамалоого, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановТөө басты
Төө басты - Sputnik Кыргызстан
Төө басты

Төө басты

Оюнчулардын саны: 10-15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Культурные мероприятия в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Ууру жигиттин башы алынып атасынын мойнуна илинген. Каада-салт тууралуу маек
Оюндун эрежеси: Диаметри 7-9 метр келген тегерек сызылат, оюнга корукчу жана эки "эшек" тандалат. "Эшектер" бир-бирин баштарынан жана колдорунан кармаган бойдон эңкейип, тегеректин ортосунда турушат. Сызыктын сыртында турган оюнчулар "эшектерге" минип, бир аз отурушкандан кийин кайра сызыктын сыртына чыгышат. Корукчу сызыктын сыртында турган оюнчулардан "эшектерди" коруйт. Эгерде корукчу оюнчулардын бирөөсүн сызыктын ичинде кармап алса, кармалган оюнчу "эшектердин" бирөөсү менен орун алмашат. "Эшектердин" бирөө корукчу болуп, корукчу болсо калган оюнчуларга кошулат. Эгерде оюнчулардын бирөө корукчуну минип алса, корукчу ал оюнчуну сызыктын сыртына көтөрүп чыгышы керек. Ошентип оюн каалаган убакытка чейин уланат.

Тарбиялык мааниси: күчтүү болууга, ылдамдыкка, ийилчээктикке, шамдагайлыкка, чыдамкайлыкка тарбиялайт, эпчилдикке, чечкиндүүлүккө үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановАт секиртмей
Ат секиртмей - Sputnik Кыргызстан
Ат секиртмей

Ат секиртмей

Оюнчулардын саны: 2-5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: талаа, ипподром.

Эрежеси: Оюнчулар аттарга минип, аларды секиртчү жердин тандашат. Андан соң аттарын бир аз күүлөнтүп, чаап келгенден кийин белгиленген аңдан секиртип өтүүгө аракеттенишет. Бир нече оюнчунун бир убакытта атын секиртүүгө, бир-бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин жана шартын бузууга болбойт. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Аңдан аттары секирип өткөн оюнчулар оюндун жеңүүчүсү болот. Оюн эшек секиртмей, топоз секиртмей, качыр секиртмей, өгүз секиртмей, төө секиртмей деп бөлүнө берет.

Тарбиялык мааниси: шамдагай, чечкиндүү болууга, ат минүүнү, тең салмакты сактоону үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановШакек салмай
Шакек салмай - Sputnik Кыргызстан
Шакек салмай

Шакек салмай

Оюнчулардын саны: 10-15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, бөлмө, боз үй, сахна.

Оюнда колдонуучу буюмдар: шакек.

Эрежеси: Оюнчулар тегерек болуп отуруп, оюнга жетекчи шайланат. Катышуучулар баштарын ийип, алакандарын бириктирип отурганда, оюн башкарган бала отурган оюнчулардын бардыгынын алакандарына шакек салымыш болуп өтөт. Ошентип отуруп шакекти билдирбей бирөөнүн колуна таштайт. Оюнчулардын бардыгын айланып чыккандан кийин отургандардын бирөөсүнөн шакек кимде экенин сурайт. Ал оюнчу ордунан турбай, башын көтөрүп, отургандарды бир сыйра карап чыгып, шакек кимде экенин айтат. Эгерде шакек туура табылса, шакек ээси ырдап бергенден кийин оюн жетекчисинин ролун аткарат. Эгерде туура табалбаса, оюнчу өзү ырдагандан кийин оюн жетекчисинин ролун аткарат. Ал оюнчу шакекти алып, кайрадан оюнду баштайт. Шакекти көп ирет туура тапкан оюнчу жеңүүчү болот.

Тарбиялык мааниси: тапкычтыкка, көңүл коюуга, тартипти сактоого, ырдоого үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановЖашынмак
Жашынмак - Sputnik Кыргызстан
Жашынмак

Жашынмак

Оюнчулардын саны: 5-15 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жай: дарактуу жер, үйлөрдүн короосу.

Саламдашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саламдашпай сөз баштабайт. Учурашуу эрежеси
Эрежеси: Жетекчи белгиленген жерде көзүн жуумп, дубалга же даракка сүйөнүп 40-50гө чейин үн чыгарып санайт. Санап жаткан маалда калгандары жашынып бүтүшү керек. Оюн жетекчиси санап бүтүп, көзүн ачат. Жашынган оюнчулардын бирөөсүн же бир канчасын тапса, ал табылган оюнчулардын аттарын катуу кыйкырып айтып, марага алардан мурда жүгүрүп келүүгө тийиш. Табылган оюнчулар да жетекчиден мурда жүгүрүп марага келүүгө аракет кылат. Эгерде марага оюн жетекчисинен мурда жүгүрүп келип, колу менен марага тийсе, кармалган оюнчулардын санына кошулбай, оюндун аякташын күтөт. Эгер марага оюн жетекчисинен кийин келип калса, кармалган оюнчулардын санына кошулушат. Оюнчулардын баары кармалып бүткөндөн кийин, биринчи кармалганы жетекчинин ролун аткарып оюн кайрадан башталат.

Тарбиялык мааниси: ылдамдыкка, тартипти сактоого, чынчылдыкка, максатка жете билүүгө, бир нерсеге көңүл салууга үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановТак орун
Так орун - Sputnik Кыргызстан
Так орун

Так орун

Оюнчулардын саны: 15—20 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, спорттук бөлмө, сахна.

Колдонуучу буюмдар: эшилген жоолук.

Эрежеси: Оюнчулар эки-экиден болуп тегерекке турушат. Катышуучулардын бири тургандардын артынан тегеренип кача баштайт. Экинчиси кууп барып, эшилген жолук менен далыга чабууга аракет кылат. Качып баратканы ага жеткирбей, жуп болуп тургандардын бирөөсүнүн алдына тура калууга үлгүрүшү керек. Эми үчүнчү болуп артта туруп калганы качат. Ал дагы бир жуптун алдына турууга аракеттенет. Эгерде кубалаган оюнчу качканына жетип артына эшилген жоолук менен уруп алса, ал оюнчу жоолукту жерге таштап өзү тегеренип кача баштайт. Мурдагы качкан оюнчу жоолукту жерден көтөрүп алып, качкан оюнчунун артынан кубалап жөнөйт.

Тарбиялык мааниси: шамдагайлык тарбияланат, тегеренип жүгүрүүнүн ыкмаларын үйрөтөт.

© Sputnik / Даниил СулаймановЧикилдек
Чикилдек - Sputnik Кыргызстан
Чикилдек

Чикилдек

Оюнчулардын саны: 3-6 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа.

Колдонуучу аспаптар: эне таяк (1 метр), бала таяк (15-20 сантиметр).

Көк-бөрү улуттук ат оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз элинин салттуу оюндары ЮНЕСКОнун тизмесине сунушталат
Эрежеси: Диаметри 1,5 метр келген тегерек сызылат, тегеректин ортосуна чуңкур казылат. Оюнчулар эки топко бөлүнүшөт. Бир топтун оюнчулары сызылган тегеректин жанында, экинчилери талаада турушат. Бала таяк тегеректин ортосундагы чуңкурдун үстүнө коюлат. Биринчи оюнчу эне таяктын бир учун бала таяктын астына киргизгенден кийин аны бийик ыргытып, бала таяк кайра жерге түшүп жатканда эне таяк менен талааны көздөй уруп, тегеректен алыс учурууга аракет кылат. Эгерде оюнчу эне таяк менен жерге түшүп келаткан таякчаны ура албаса же ургандан кийин бала таяк тегеректин ичине түшүп калса, ал оюнчу максатына жетти деп эсептелип, колундагы эне таякты кезектеги оюнчуга өткөрөт. Эгерде баланын таягы туура урулуп, талаадагы оюнчулар аны жерге түшүрбөй кармап калса, оюнчулар ролдору менен алмашат. Бала таякты кармай алышпаса, талаадагы оюнчулардын бирөөсү аны алып, тегеректи көздөй ыргытат. Ыргытылган бала таяк тегерекке түшсө, оюнчулар орун алмашат. Эгерде түшпөсө, бала таякты кайрадан асманга ыргытып, алыска учура чапканга аракет кылышат.

Ыргытылган бала таяк түшкөн жерден тегерекке чейин эне таяк менен өлчөнөт. Мисалы, 10 таяк — бул 10 упай утулду деген болот. Андан кийин ошол эле оюнчу жаңылып калгыча улантат. Ал оюнчудан кийин кезеги келгендер оюнду улантат. Ошентип бир топтун оюнчулары белгилүү упайга жеткиче оюн улана берет. Макулдашкан упайды алган топ жеңишке жетет.

Тарбиялык мааниси: бала кыймылдуу болуп, ыргытуу жөндөмү калыптанат.

Жаңылыктар түрмөгү
0