БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Нурбол Эрланов 18 жашта. Анын Youtube каналына 100 миңден ашык киши катталгандыктан ага компания тарабынан жакында эле "күмүш" баскыч берилди.
Анын Youtube каналы KZ KG Tube деп аталып, компания тарабынан тастыкталган. Учурда каналга 180 миңден ашык киши жазылган.
Эрланов Sputnik Кыргызстан агенттигине эки жыл мурда өз каналына "элдик видеолорду" жүктөп жүргөнүн айтып, бир жылдан бери кыргызстандык, казакстандык жана россиялык вайнерлердин видеолорун өздөрүнүн макулдугу менен жарыялай баштаганына токтолду.
"Бул мамлекеттин ютуберлери менен кызматташып, бир жылдан бери вайнерлердин видеолорун жарыялап келем. Расмий Youtube каналды жакшыртуу үчүн кеңештерди берип келет, мен аларды аткарып турам. Эки ай мурда "күмүш" баскычты алуу үчүн тастыктоочу код келди. Катталуучулардын саны 180 миңден ашканда мен сыйлык алдым", — деди ал.
Эрланов ошондой эле бир айда жакшы болсо 2 миң долларга чейин, болбой калды дегенде 700-800 доллар табарын кошумчалады.
Андан сырткары, келечекте музыкалык видеолорду жүктөп, ди-джейлер менен кызматташуу планы бар экенин айтты.
Учурда Нурбол Кыргыз улуттук университеттин колледжинде экинчи курста окуйт.