Бишкектиктер дүйшөмбү күнү бир айга ысык суусуз калат

© Sputnik / Ксения Сидорова / Медиабанкка өтүүДуш. Архив
Душ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык суу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү үчүн өчүрүлөт.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Бишкек мэриясы ысык суу 22-майда өчүрүлөрүн эскертет.

Тиешелүү буйрукка калаа мэри Албек Ибраимов кол койгон. Ага ылайык ысык суу 22-июнга чейин берилбейт.

Жарандардын, социалдык мекемелердин өтүнүчү жана санитардык-гигиеналык талаптарды эске алуу менен ысык сууну бир айга өчүрүү 22-майга жылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0