Албарсты, кара басты, колдоочу... Илимпоздор эмне дейт

© Фото / Замир Илипов"Куюн мамыт" жомогунан сүрөттөлүш. Архив
Куюн мамыт жомогунан сүрөттөлүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарга вирус болуп тараган жаш кыздардын "Албарсты мени басты" деген клиби коомчулукта катуу талкууга алынып, көпчүлүктүн көңүл чордонунда калды. Айрымдары клипти тамаша иретинде кабыл алса, кээсинин кыжыры кайнатты.

Кыздар ырдап чыккан албарсты түшүнүгү тууралуу көбүбүз укканбыз. Билишибизче, ал түн ичинде уктап жатканда "басат". Бирок көз менен көрбөгөн соң ишенүү кыйын. Бул эмне болгон сырдуу күч? Жашоодо чын эле барбы? Ушул сыяктуу кайып дүйнөнүн дагы кандай сырдуу күчтөрү бар экенине Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы кызыгып көрдү.

Салттуу илим изилдөөчү Чынар Сейдакматованын айтымында, чыныгы жашоодо адамдарга кайып дүйнөнүн сырдуу күчтөрү келип ар түрдүү белгилерди берип турат.

Кыргыз жомокторуна саякат - Sputnik Кыргызстан
Куюн Маамыт, Кара дөө, жез тумшук деген ким? Кыргыз жомокторуна саякат
Албарсты — дал ушундай сырдуу күчтөрдүн бири. Аны көпчүлүгү жаман кабыл алышат, бирок өтө деле терс күч эмес. Сейдакматова буга бардык эле адамдар кабыла бербей турганын, жашоодо кыйналып, катуу санааркагандарды басышы ыктымалдыгын белгилейт. Ошондой эле аны таарынтып алгандан абайлаш керек экен, арты жаман нерсе менен аякташы мүмкүн дешет.

Кара басты — албарсты менен карабасты экөө эки башкача күч. Карабасты көпчүлүк учурда толготуп, төрөп жаткан келиндерге келет. Төрөт аялдын бир ажалы дегендей, кош бойлуу келин кыйналып жаткан учурда "кара басты ал аялды акмалап" турат экен. Мындай учурда илгери эркек киши таяк алып алып караны качырып турган. Аны коркутуп, качырып турбаса кара баскан аялды каза болуп калат имиш.

Колдогону бар — ар бир адамдын, өсүмдүктүн, жаныбардын болобу, өзүнүн колдоп турган пири болот деген түшүнүк кыргыздарга кеңири тараган. Бул колдоочуларды адам өзү көрө албайт. Айрым касиети бар адамдарга гана көрүнүшү мүмкүн.

Илээшкени бар — илээшкени бар адамдар өтө касиеттүү деп айтылат. Аларды да колдоп жүргөн күчтөр болуп, аларды адам өзү сезе билет. Алсак, илгери баатырлардыкы кабылан, жолборс, бөрү, ажыдаар болгон деп айтылат. Дал ушул колдоп турган сырдуу күчтөрдүн жардамы менен баатырлар жеңишке жетип, көпчүлүк жерден аман калышчу деп айтылат.

Үй ээси, мазар, мечит сыяктуу жайлардын ээси сөзсүз болот деген түшүнүк жашап келет. Ар бир үйдүн да ээси болот деп айтылат. Алар жамандыктан коргоп, болуп жаткан нерселерге көрүнбөй байкоо жүргүзүп турушат имиш. Ээси бар жайда туура эмес иш жасалса, арты жаман болору айтылып келет.

Аян — бул дагы кайып дүйнөдөн берилген сыр деп айтылат. Жашоодогу туура эмес же туура жасаган нерселерге түш аркылуу белги берет деп коюшат.

Сахнадагы манасчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Манасчы Рысбай Исаков: аянды баарына жар салсын деп бербейт
Психологдор "албарсты басты" делген түшүнүктү адамдын кыйналып турганда же жаман учурларды ойлогондо көзүнө көрүнгөн ар нерселер менен байланыштырышат. Психолог Элмира Исаеванын айтымында, аларды психологиялык жактан жабыркады деген туура эмес. Болгону бул мусулман элине, анын ичинде кыргызчылыкка байланыштуу нерсе деп түшүнүшөт.

"Албарсты" деген түшүнүк эмнегедир мусулман элинде, анын ичинде кыргыздарда эле айтылып жүрөт. Бул орустарда "үй ээси" ("домовой") болсо керек. Билишимче, албарсты адамды кечинде басат, бирок психологиялык жактан алсак, болгону адам ошол күнү катуу чарчап же бир нерсеге катуу кайгырып, кыйналган. Муну галлюцинация деп коебуз", — деди Исаева.

Ал эми медицинада бул "уйку параличи" деп аталат экен. Дарыгерлер адамдын организми чарчап, кыйналганда кан айлануусу начарлап, дем жетпей кыйналарын, ошол учур "албарсты басты" деп айтыларын түшүндүрүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0