Чубак ажы муфтийликке талапкер болуудан баш тарткан себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековАалым Чубак ажы Жалилов. Архив
Аалым Чубак ажы Жалилов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалилов анын талапкерлиги өзү Россиянын Сургут шаарында илимий дааваттык сапарда жүргөндө Аалымдар Кеӊеши тарабынан сунушталганын белгилеген.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Дин аалымы Чубак ажы Жалилов муфтийликке талапкер болуудан өз каалоосу менен баш тартты. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Белгилей кетсек, 4-апрелде боло турган жаңы муфтийдин шайлоосуна үч талапкер — азыркы муфтий Максат Токтомушев, Чубак Жалилов жана Ниязалы Арипов катталганы айтылган.

Жалилов өз кайрылуусунда анын талапкерлиги өзү Россиянын Сургут шаарында илимий дааваттык сапарда жүргөндө Аалымдар Кеӊешинин мүчөлөрү тарабынан сунушталганын баса белгилеген.

Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Марс Ибраев: муфтийликке талапкер үч адамды алгач комиссия сынактан өткөрөт
"Бул маселе жеке менин демилгем болбогондуктан, мени сунуштаган аалымдарыбызга ыраазылыгымды билдирем. Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн оожалган мекенде, какканы катуу болсо кийиз казык жерге кирип турган учурда, "таалайлуу" менен талашпай, "бактылуу" менен баалашпай, айласыз баатыр каман чабат болбой, айдын он беши кара, он беши ак деп, колунда токочу бардын астына олпок, үстүнө үпчү болбой, аттан-төөдөн түшкөндөй сүйлөбөй, ачкенедей асылбай өзүмдүн ысымымды Азирети Муфтийликке талапкерликтен (өзүм каалап койбосом да) алып салууну чечтим", — деп жазат Жалилов.

Белгилей кетсек, Чубак ажы 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0