11:57 19 Жетинин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8400
  • EUR79.2474
  • RUB1.0583
77 жаштагы залкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытов маек учурунда

Миталип Мамытов: мээсине арматура кадалып, башына айры сайылып келгендер жашап жүрөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Гүлдана Талантбекова
116343

77 жаштагы залкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытов иш тажрыйбасында 10 миңден ашык операция жасаган. Түркүн-түстүү мээлерди ачып, күнүнө эки-үчтөн операция жасаганга жетишет.

Мамытов журналист Гүлдана Талантбековага мээ ооруларынын кесепеттери тууралуу айтып берип жатып ошол эле операция маалында ажалга тарттырып ийген бейтаптары тууралуу эстей кетти.

— Миталип агай, операция бүткөндө эки сааттан кийин барып калам дедиңиз эле. Эмне болгон операцияны баштан кечирдиңиз, оңой эле болдубу?

— Бүгүн эки операция жасадым. Алтымышка чыккан бейтап мээнин шишик оорусуна кабылып калган экен. Ошол оорунун айынан башы ооруп, талма болуп жүрүптүр. Экинчиси — жаш келиндин омурткасынан 7 мм өлчөмүндөгү грыжасын алдык. Оору бутуна таасир тийгизип аксап калган экен. Мээнин операциясы абдан татаал процесс. Кечээ үч операция жасаганбыз. Кээде такыр эле болбой калат.

— Бейтаптар баштын шишигине эмне себептен улам кабылышат?

— Так аныкталган себеби жок. Бирок айрым теориялар бар. Маселен, тукум куучулуктан, радиациянын кесепетинен улам клеткалар дүүлүгүп акырындык менен шишикке айланып кетет, вирустун айынан, денедеги зат алмашуунун туура эмес жүрүшү, гормоналдык бузулуунун негизинде шишик пайда болот. Мээнин шишиги — рактын бир түрү. Шишикти ар кандай жолдор менен дарылоого болот. Себебин табыш кыйын.

Нейрохирург, профессор Миталип Мамытов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Миталип Мамытов: мээни ачып коюу оңой, ал эми ошондогу ооруну аныктап иштей билүү нейрохирургдун чеберчилигинен көз каранд

— Мээге жетиш үчүн сөөктү ачканга туура келет да. Операция жасоо, ар бирин жан дүйнөдөн өткөрүү кыйын болсо керек?

— Биринчи баштапкы тери кабыкчасын ачып, андан кийин сөөккө жетип, кабаттардан өтүп, анан чел кабыкка жетебиз. Чел кабыкты кармап кессе болот. Андан кийин мээге барабыз. Мээни көргөндө эле ооруну таптым деп эсептегенге болбойт. Кээде мээ шишиктерди өзү таап, кымтып, тосуп алат. Мээни ачып коюу оңой, ал эми ошондогу ооруну аныктап иштей билүү нейрохирургдун чеберчилигинен көз каранды.

— Кыргызстандыктар баш-мээ оорусунун кайсы түрү менен көбүрөөк кайрылышат?

— Мээнин ичинен, чел кабыгынан, тамырларынан, жаап турган сөөктөн, нервдеринен пайда болгон шишиктердин түрү арбын. Мээнин өзүнөн чыккан шишик ооруларынын саны 57 пайызды түзөт. Чел кабыгынан чыккан оорулардын саны 15-20 пайызга жетет. Бул оорулардын кесепетинен дене кыйшайып, адамдын көзү көрбөй, сүйлөй албай, кыймылдабай калышы мүмкүн.

— Көп адамдар мээнин кистасына кабылып жүрөт. Ал эмнеси менен кооптуу?

— Киста мээни кысып, талма кылып коет. Киста болгондо бош жер сууга толуп акырындык менен чоңоюп кетет. Бирок ал коркунучтуу эмес. Залалдуу шишикке кирбейт. Кээ бир кисталар бир калыпта тура берсе, айрымдары адам өскөн сайын чоңоет. Толгон суунун айланасы тырыкка же безге окшоп калат. Кистага операция жасалат.

Нейрохирург, профессор Миталип Мамытов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Миталип Мамытов: өтө акылдуу адамдардын мээси чоң болот деп айтышат экен. Ал мээнин көлөмүнө жараша аныкталбайт

— Мээ ооруларын бычак тийгизбей жок кылууга болобу?

— Дары-дармек менен жок кылуу кыйын. Бирок дары менен адамдын сезимин, ал акыбалын өзгөртсө болот. Маселен, баш ооруса, кусуп, температура көтөрүлгөндө дары менен жардам берүүгө болот. Бирок ал убактылуу эле. Кийинчерээк оору кайрадан козголо берет.

— Иш тажрыйбаңызда миңдеген адамдардын мээсин ачып көрдүңүз. Айтсаңыз, аял менен эркектин мээсинин айырмасы барбы? Анан бырыштары көп адамдын мээсин жаңгактын формасына окшоштуруп акылдуу деп айтышат экен?

— Көз менен караганда аял менен эркектин мээсинин айырмасы жок. Ошол эле акылдуунун, акылсыздын, психикалык оорулуу адамдын дагы мээси өзгөчөлөнбөйт. Өтө акылдуу адамдардын мээси чоң болот деп айтышат экен. Ал мээнин көлөмүнө жараша аныкталбайт. Маселен, Тургеневдин мээси баарынан чоң болуп, 2,7 килограммды түзгөн. Ошол эле Лениндин мээси анча чоң эмес болгон. Мээнин көлөмү менен акылдын байланышы жок. Адамдын жашына карап өзгөрүп калышы мүмкүн. Карыган кишилердин мээсинин бош жерлеринде суусу көбөйөт. Бет тырышкан сыяктуу эле мээ дагы формасын өзгөртүшү мүмкүн.

— Интервьюларыңыздан "мээ дагы ыйлайт" деген сөзүңүздү окуп калган элем. Бирок жообун таба алган жокмун. Чын эле ыйлайбы?

— Катуу жабыркаган мээнин ичин ачып караганда кыйналган абалда экенин көрүүгө болот. Мен ал образды карап "мээ ыйлайт" деп коем. Кээде операция учурунда мээ сизге багынбай өз алдынча аракеттерди көрө баштайт, чанагынан чыкканга аракет кылат, өзүн таштап салат. Мындайда аны менен тил табышуу оор. Андай учурлар сейрек болот. Бейтаптар арак ичип же катуу кырсыкка кабылган учурда мээнин ыйлаганын көп көрүп жүрөм.

— Ар бир бейтап өзгөчө. Бирок бир башкача, эсиңизден кетпеген бейтаптар эсиңиздеби? Ойдо жок жерден айыгып, тирилип кеткендер дегендей…

— Мээнин айрым жактарына жетпей турчу, барууга мүмкүн эмес жерлери болуп келген. Окумуштуулар ал жерлерге кол салуунун аягы жаман болот деп айтышчу. Убакыттын өтүшү менен биз андай уникалдуу операцияларды жасап жатабыз. Мындайда жан дүйнөнүн майрамы болот. Муну сөз менен жеткирүү кыйын.

Нейрохирург, профессор Миталип Мамытов во время интервью Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Миталип Мамытов: апрель окуясынын баатыры Алиясбек Алымкулов деген жигит башына ок жеп бизге келгенде өлүп калды деп ойлошкон. Мен барсам тамыры согуп жатыптыр. Бул жашайт деп айткам. Азыр өзү да "сиз мени жашайт деп айткансыз" деп жүрөт

Темир арматура башына кирип ары жагынан чыгып кеткендер болгон. Бешиликтин учу мээсине кирип кетип берки капталынан чыгып калгандар келген. Октон жарадар болуп келгендер айыгып чыгып кетти. Апрель окуясынын баатыры Алиясбек Алымкулов деген жигит башына ок жеп бизге келгенде өлүп калды деп ойлошкон. Мен барсам тамыры согуп жатыптыр. Бул жашайт деп айткам. Азыр өзү да "сиз мени жашайт деп айткансыз" деп жүрөт. Эми мен оң миңге чукул операция кылдым. Өтө кызыктары, кыйындары да бар.

— Каракушка катуу жаракат алган адам тирүү калганы менен психикалык жактан оорулуу же тескерисинче гений болуп калат деп айтышат?

— Айрымдар эч бир кесепети жок айыгып кетет. Кээ бирлери мурдагыга караганда акылдуурак болуп калат. 1976-жылы бир бейтаптын каракушу ириңдеп кетип операция жасагам. Акыбалы оор эле, замбил менен алып келишкен. Азыр эми диссертацияларды жактап, окумуштуу болуп жүрөт. Эми түрдүү бейтаптар келет. Бир эле Кыргызстандан эмес, чет жерден келип дарыланып кеткен адамдар бар.

— Ар бир хирургдун мүрзөсү болот экен деп айтышат. Миң аракет кылсаңыз дагы ажалга жулдуруп ийген, колуңуздан каза тапкан бейтаптарыңыз болсо керек?

— Баары сен каалагандай боло бербейт. Операция кылгандан кийин жакшы болуп кетсин, жашап кетсин деп үмүт кыласың. Кээде оорунун күчү дарыгерге караганда күчтүүрөөк болуп калат. Бейтап учуп кеткенде өзүбүздү жаман сезип калабыз.

Мурдагы коргоо министри Анарбек Бакаев автокырсыкка учурап мээсинен катуу жаракат алып бизге келген. Баш сөөгү сынып, мээсине кан куюлуп кетиптир. Келген күнү эле операция жасадым. Оор акыбалда болгону үчүн Япониядан, Москвадан жогорку деңгээлдеги нейрохирургдар келип текшерип, операция кылганбыз. Москвага дагы бир жолу операцияга жибергенбиз. Бирок канчалык аракет кылсак да ажал максатына жетти.

— Жыйынтык сөз катары окурмандарга эмне деп айткыңыз келет?

— Элим бекем ден-соолукта жүрсө дейм. Өзүңөрдүн саламаттыгыңарга жоопкерчиликтүү болгула. Көп кыймылдаш керек, жакшы ойдо жүрүш керек. Жакшы ойдо жүргөн адам көп жашаарына ишенем.

Тема боюнча

Нарколог Иманалиева: аялдарды аракечтиктен арылтуу азап, кээде мүмкүн эмес
Диетолог Иманкулова: арыктоонун бир гана формуласы бар...
Офтальмолог Мамытова: көзү агып түшүп калган ырчыны эстесем, жүрөгүм ооруйт
Белгилер:
нейрохирургия, мээ, дарыгер, ден соолук, медицина, Миталип Мамытов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ