Балыкчыда эртең гемодиализ борбору ачылат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖасалма бөйрөк аппаратындагы бейтап. Архив
Жасалма бөйрөк аппаратындагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гемодиализ борборуна кеткен чыгымды жергиликтүү ишкер каржылаган.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Балыкчы шаарына курулган гемодиализ борбору эртең ачыла турганын Ысык-Көл облусунун жетекчисинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, иш-чара саат 15.00дө башталат.

"Аталган борбордун курулуш иштери менен медициналык жабдыктарын алууга кеткен чыгымдарын жергиликтүү ишкер-меценат Мирлан Исагалиев көтөрдү. Ал эми Балыкчы шаарынын мэриясы тарабынан борборду курууга атайын жер тилкеси бөлүнүп берилген", — деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү ишкер аталган борборго 10 миллион сом жумшаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0