Журналист Гүлдана Талантбекова "Бир сааттык келин" кызматынын жетекчиси Индира Темиркановадан бул кызматты элге тартуулоонун зарылчылыгы, кабыл алуу талабы тууралуу билип көрдү. Анан албетте, келиндин образын жараткан кыздарды да кепке тарттык.
— Индира айым, алгач сизге жетекчи катары суроо узатайын. "Бир сааттык келин" кызматын элге тартуулоонун кандай зарылчылыгы бар эле?
— Бул кызмат менин жеке көйгөйүмдөн улам келип чыккан. Жумушум көп болгондуктан үйдөгү жакшылыктарда, той-топурларда көмөк көрсөтүүгө убактым жетчү эмес. Жардам бергендер болсо деп ичимден тилек кылчумун. Алгачкы жолу кесиптештериме бул ойду айтсам, "ачсаң жакшы болот, биз биринчи кардар болуп берели" дешти. Август айынан баштап ишти баштадык. Шаарда иштеп колу бошобогондор көп, же айылдагыдай келин-кесек, кошуналар жок. Суроо-талап жакшы болуп жатат.
— Аталышы эмнеге "Бир сааттык келин"? Убактыңарда чектөө барбы?
Азыр базар рыногунда бренддер абдан көп. Ар бир кардардын эсинде калыш үчүн ушундай аталганбыз. Көбү бир эле саатка келет деп ойлойт. Иш убактыбыз он беш саатка чейин созулат.
— Анан өзүңүздүн кайненеңиз бул кадамыңызды кандай кабыл алды?
— Башында туугандарга айткандан тартынгам. Апам туура эле кабыл алды окшойт.
— Канча кызматкер иштеп жатат? Финансы маселеси кандай чечилет?
— Жалпы жыйырма киши бар. Бир командада төрт адам иштейт. Он беш сааттык кызмат үчүн 7000 сом акча алабыз. Администраторго, ашпозчуга, официанттарга, идиш жуугучтарга, келинге бөлүнөт. Андан сырткары, айдоочуга, пиар менеджерлерге да беребиз. Бизде баары ачык эле жүргүзүлөт. Отуруп алып ич оорутпай тең бөлүшөбүз.
— Силерде эркек балдар да иштейби?
— Балдар деле бар болчу. Бирок аларга болгон талап төмөн. Негизинен самоор жагып, эт бышырып, арак сунганга эле сурашат. Динге берилгендер ашпозчудан баштап официантка чейин эркек киши кирбесин деп кыздарды талап кылат. Көбү "бир сааттык келиндин" ичинде эркек бала эмне жүрөт деп күлүп калышат.
— Силерди кандай адамдар чакырат, кардарларыңар кимдер?
— Кызматкерлерди тандаганда деле жеке талабыңар болсо керек?
— Официанттарды алуу абдан кыйын. Алар робот сыяктуу өздөрүнүн гана кызматын аткарып көнүп калышкан. Келиндин образы болсо моралдык атмосфераны түзө билиши керек. Алгач кыздар менен сүйлөшүп көрүп, мүнөзүнө карайбыз. Токтоо, сабырдуу болсо абдан жакшы болот.
— Бир күндө канча үйгө кызмат кылганга жетишесиңер?
— Чакыруу болгондо эле жөнөп кетпейбиз. Алгач жолугуп, сүйлөшүп бардыгын макулдашып алабыз. Бир күндө төрт кардарды толук түрдө тейлөөгө болот. Кээде идиш жуугучту же ашпозчуну жалгыз эле чакыртып кеткен учурлар бар. Жөн эле чалып кызыгып сурагандар бар. Жума, ишемби, жекшемби күндөрү чакыруулар көбөйөт. Калган күндөрү эс алабыз.
— Кызматкерлер убакыттан көбүрөөк иш кылып калган учурларда эмне кыласыздар?
— Коноктордун бардыгы шашпай отургусу келет. Өз убактыбыздан ашык кызмат кылып калган учурлар болот. Андайда кошумча акы деле сурабайбыз. Ошол эле учурда кызматкерлерибизди дагы кармабаганга аракет кылабыз.
Администратор Насыйкат Абдумомунова: — Кызматкерлердин коопсуздугу биздин колубузда. Баарын көзөмөлдөп турабыз. Биздин кызмат сыртка чыккан команда менен тыгыз иштеп, кардарлар менен тил табышуу болуп эсептелет. Биз деле карап тура бербей кесиптештерге кол кабыш кылабыз. Эгер маселе жаралса чогуу чечишебиз.
— Эми келин кызматын аткарган Махабатка суроо узатсам. Меймандар силерди атайын кызматта иштегениңерди билеби?
Махабат Курманбекова: — Биз халат, жоолук менен жүргөндүктөн меймандар үйдүн келини деп ойлошот. Кардарлар адатта туугандарына айткандан уялышат. Анан силерди сырттан алып келгенибизди айтпагыла, мүмкүн болсо эжем же кошунам деп койбойсуңарбы деп суранышат.
— Чайын куюп, шакылдап тейлеп жүрсөңөр деле көп жактыра бербеген кардарлар болсо керек?
— Айрымдар канчалык кызмат кылба, баалай беришпейт. Тигини башкача жасасаң болмок, мен минтип эле жасамакмын дегендер бар. Бир эже бизди анча жактырган эмес. Кийин кайра чакырганда абдан таң калганбыз. Көрсө, эженин болгон мүнөзү ошондой экен.
— Силер жөн гана тейлегенге баргандан кийин үйү чачык болуп калса эмне кыласыңар?
— Биздин эң алгачкы кардардын үйү так ошондой болчу. Алар бизге тапшырык берип коюп өздөрү "Дордойго" кийингенге кетип калышыптыр. Үйүнө кирсек эки кичинекей кызы чыгып, сизди апамдар даярдай берсин деп айтып кеткен дешти. Үйдүн чачыгы бир жөн, төшөгү да жыйыла элек экен. Анан коноктор келсе уят болбойлу деп, бир сыйра чаң соргуч менен тазалап, дасторконун даярдап бергенбиз. Үй ээлери абдан ыраазы болушкан. Өздөрүнүн келини болсо колу бошобой келе албай калыптыр.
Бизди негизи өздөрүнүн келини барлар деле чакыртат. Айрымдары тейлей алышпайт же жаш болсо чай сунгандан тартынат экен.
— Анан тигил үйдүн келини силерге ич күйдүлүк кылбайбы?
Үйдүн ээси бизди чындыгында эле келин кылып алгысы келет. Кызматыбызга ыраазы болуп батасын беришет. Көбүнчө апалар балдарын тааныштырып, номерлерибизди алып калганга аракет кылышат. Улуу кишини да кагып салганга болбойт, көңүлүн оорутпай номерлерди берип коебуз. Баласы чалса маселени чечип алабыз.
Индира: — Шаар тургундарында өткүрдүк сапат жоюлуп бараткандай. Көбү жөнөкөй "ичиңиз", "жеңиз" деген сөзгө чоркок болушат. Биздин кыздар болсо кыргыздын нукура сапаттары менен тейлешет.
— Индира айым, алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?
— Биринчи жылы "Бир сааттык келин" усулун иштетүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Жазында кызматкерлерибизди кардарлар менен кошо пикниктерге, эс алуучу жерлерге дагы жиберели деп турабыз. Азыр тамактар кардарлардын үйүнөн жасалат. Биз ошону өзүбүздүн ишканадан жасап берели деп жатабыз. Алдыга атактуу ашпозчуларды чакырып, бардык кызматкерлердин деңгээлин көтөрүп, санын көбөйтөлү деп максат койдук. Бизди чакыргандардын көбү орто капчыктуулар болсо, эми быйыл жогорку класстагы кардарларга жетели деген оюбуз бар.