Бирок шайлоо алдында тизмесине аялдарды кошуп алган партиялар алар мандат алып-ала электе фракциядан четтетип койору белгилүү.
Мындай пикирди экс-депутат Элмира Жумалиева дагы карманат. Анын айтымында, буга айдан ачык мисалдардын бири Жумалиева өзү депутат болуп келген "Кыргызстан" фракциясындагы кырдаал. Чындап эле бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аталган фракциясында аял депутат жок. Мандат алуу учурунда партиясынын тизмесинде жүргөн Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова ишке киришип-киришпей жатып эле депутаттык креслодон кол жууган.
"Партия 6-чакырылышта алдыңкы саптарга коомго аты таанылган аялдарды коюшту да, мандатка келгенде ыргытып жиберишти. Азыр ал фракциянын катарында бир дагы аял жок. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу. Парламент — өзү мыйзам чыгарган, анын аткарылышын көзөмөлдөй турган орган. Элдин таянаар жери ушул. Анан "балык башынан сасыйт" болуп атса, Кыргызстан кайсы жакка бара жатканын айтуу кыйын", — деди Жумалиева.
Ошондой эле экс-депутат парламентте аялдардын көп болушу элге пайдалуу социалдык маселелердин көтөрүлүшүнө себеп болорун кошумчалады.
"Жигит" фракциялар
"Кыргызстан" менен "Бир Болдо" бир дагы аял жок. Мандатка жеткен аялдардын баары ар кайсы себептер менен эл өкүлү болбой калышкан. "Кыргызстандан" мандатын нааразычылык жолу менен тапшырган Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын ордуна Алмаз Токторов менен Урматбек Самаев келген. Дагы эки депутат Чолпон Султанбекова менен Таалайкүл Исакунова депутаттык төш белгилерин министрлик портфелдерге алмаштырышты. Биринчиси вице-премьер болсо, экинчиси Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды.
"Бир Болчу" вице-спикер Бакыт Есенбаева өз ыктыяры менен мандатын тапшырып, ордун Бакирдин Субанбеков ээлеген. Алты ай гана депутат болгон Лунара Мамытова креслосун Улукбек Ормоновго бошотуп берди.
Учурда аял депутаттары эң көп КСДП фракциясынан Ашэра Халикова менен Галина Скрипкина кеткен. Азыр алардын ордунда Музаффар Исаков менен Максатбек Эгембердиев отурат. Парламенттин калган үч фракциясы менен келген аял депутаттар азырынча ордунда.
Парламенттик фракцияларда аял кишилердин жоктугу мыйзам бузууга жатпайт деген пикирин "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков билдирди.
"Мыйзамда партиялардын тизмесинин 30 пайызы аялдар болушу керек деп жазылган. Биздин партия ал жагынан бардык нормаларды сактады. Кийин катарыбыздагы аял кишилер ар кандай себептер менен мандаттан баш тартышты. Айрымдары башка кызматтарга коюлса, дагы башкалары шайлоо алдындагы милдеттенмелерин аткара албай калгандыгы үчүн кетти. Кетип жаткан адамды биз күч менен кармоого акыбыз жок. Андыктан биздин фракция мыйзамды бузду деген сөздөргө мен кошулбайм", — деди Баатырбеков.
Ал эми "Коомдук иликтөө институтунун" жетекчиси Рита Карасартова мындай пикирге караманча каршы. Анын айтымында, азыркы фракция лидерлери мыйзамда "тизме" деген сөз жазылгандыгы үчүн "демек анын мандатка тиешеси жок" деп бетине карманып келишет.
Бул көрүнүш түздөн-түз мыйзам бузуу болуп эсептелбегендиктен, БШК бөгөт кое албай турганын комитеттин төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Тизменин 30 пайызы аялдар болушу керек деп айтылгандыктан, бул жагынан биз партиялардын мыйзам бузушуна жол бербейбиз. Бирок добуш берүү өткөндөн кийин партиялар тизмедеги талапкерлерин алмаштырууга укутуу. Бул боюнча бизге арыз менен кайрылышат. Эгерде мыйзамда "депутаттардын 30 пайызы аялдар болушу керек" деп жазылса башка кеп болмок", — деди Бекматов.
Ал БШК партиялардын депутаттарды тандоо иштерине кийгилише албай турганын кошумчалады.
Кыргызстанда губернатор аял жок
Учурда Кыргызстандын жети облусунда тең өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү — эркектер. Акыркы жылдары Талас облусун Койсун Курманалиева менен Жалал-Абад олбусун Жумагүл Эгамбердиева жетектеген. Ал эми губернаторлордун, райондук администрация жетекчилеринин жана шаар мэрлеринин орун басарлары тууралуу айтсак, Чүй облусунда — 6, Таласта — 6, Нарында —7, Жалал-Абадда — 11, Баткенде — 5, Ысык-Көлдө — 7, Ошто — 3 жана Бишкек шаарында — 5 аял киши иштейт. Өкмөт аппаратынын маалымат кызматынын билдиргенине караганда, учурда Кыргызстандын аймагында 14 аял айылдык өкмөттөрдү жетектейт. Ал эми Кыргызстанда жалпысынан 400дөн ашуун айыл өкмөттөрү бар.
Койсун Курманалиева — Талас облусун беш жыл жетектеген. 2015-жылдын апрель айында өз ыктыяры менен кызматын тапшырып берген.
Өзү ошондон бери мамлекеттик кызмат сунуштала электигин, учурда жеке чарбалык иштери менен алек болуп жүргөнүн айтат. Экс-губернатор Кыргызстанда аял кишиге саясий кызматта иштөө алда канча татаал экендигин кошумчалады.
"Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери бийликтин дагы табияты өзгөрдү. Ошол үчүн азыр саясий кызматтар аялдарга эле эмес, эркектерге дагы оор болуп калды. Анткен менен аялдарды унутта калтырууга болбойт. Кыргыз аялдары өз кызматтарында абдан жоопкерчиликтүү экенине 100 пайыз ишенем. Азыркыдай аялдарды социалдык же билим берүү тармактарына гана министр кылбай, күч структураларына койсо дагы татыктуу иштеп кетет", — деди Курманалиева.
Мамлекеттик кызматтардагы гендердик теңсиздикке нааразы болгондордун катарын "Социалдык технологиялар агенттигинин" директору Зульфия Кочорбаева толуктайт.
"БУУнун сунушу боюнча башкаруу органдарында 30 пайыз аялдар иштеши керек. Ал эми бизде айылдык кеңештеги аял депутаттардын саны көп болсо 10 пайызга жетет. Ал эми 86 айылдык кеңеште аялдар таптакыр жок. Мыйзамда аялдар 30% болушу керектиги ачык жазылган. Бул Жогорку сотко жана Эсеп талатасынын аудиторлоруна тиешелүү. Бирок аткаруу бийлигинде мыйдай нормалар каралган эмес", — деди Кочорбаева.
Анын айтымында, мамлекеттик кызматтагы аялдардын билими эркектердикине караганда сапаттуураак.
"Бирок бул нерсе алардын кызматтык тепкичте өсүшүнө жардам бербейт. Мисалы, эркектер 8-15 жылга эртерээк "өсүп", жаш кезинде эле министр же анын орун басары кызматына жете алат", — деди ал.
Кочорбаева аялдарга мамлекеттик жогорку кызматтарда квоталар мыйзам менен бекемделиши керектигин кошумчалады.