07:40 03 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7897
  • EUR96.0031
  • RUB1.1448
Коом
Кыскача шилтеме алуу
32510

Бишкектеги бир катар терминалдарга ээлик кылган "Мобильник" ишканасы жаңы чыккан акчаларды алардын техникалары азырынча "тааный электигин" тастыктап, кабыл алуу программасы жарым айдан кийин гана иштеп баштарын айтты.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Улуттук банк тарабынан чыгарылган жаңы акчаларды Бишкектин терминалдары кабыл албай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналына окурман 200 сомдук акчаны терминал албай жаткан видеону жөнөтүп, кабарлаган.

Кайрылууда жазылгандай 1-январдан тарта Улуттук банк тарабынан 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы жаңы акчалар кое берилген.

"Ушундай жол менен телефонумдун балансына акча сала албай калдым. Анткени жанымда жаңы чыккан 200 сом гана болгон. Мындан улам дүкөнчүгө жаңы акчаны эски сомго алмаштыртып алууга туура келди", — деп билдирген окурман.

© Видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Окурман: терминалдар жаңы сомдорду кабыл албай жатат

Бишкектеги бир катар терминалдарга ээлик кылган "Мобильник" ишканасы жаңы чыккан акчаларды алардын техникалары азырынча "тааный электигин" тастыктады.

"Азырынча биздин терминалдар буга даяр боло элек. Биз бул маселе боюнча Жаңы жылга чейин Улуттук банкка кайрылганбыз. Бирок бизге алар акчалардын "үлгү" деген жазуусу бар көчүрмөсүн гана берип коюшкан. Ал эми бул жазуу менен жөнөкөй акчаларга программа жасоого болбойт. Мындан улам жаңы чыккан акчалар январь айында расмий чыгып баштаганда гана биз аларды терминалдарды программалагандарга жөнөттүк", — деди "Мобильник" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Эрнест Абышкаев.

Ал ошондой эле жаңы акчаларды кабыл алган программа жарым айдан кийин иштеп баштаарын кошумчалады.

Кыргызстандын Улуттук банкы бул туурасында эч кандай маалымат берген жок. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган маселе боюнча Улуттук банкка суроо жөнөттү.

Тема боюнча

Улуттук банк: акчадагы Алыкул Осмоновдун сүрөтү бир кыйла көркөмдөлдү
200, 500 жана 1 000 сомдуктун жаңы жасалгасы
Белгилер:
Улуттук банк, акча, сом, терминал

ЭҢ МААНИЛҮҮ