"Бир сааттык келин" кызматы: шакылдаган жеңеден тарта зымырайган келинчек болобуз

© SputnikОснователь проекта "Келин на час" Индира Темирканова и ее сотрудницы Махабат Курманбекова и Насыйкат Абдумомунова
Основатель проекта Келин на час Индира Темирканова и ее сотрудницы Махабат Курманбекова и Насыйкат Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми сиз үйгө барып тамак жасап, меймандарга шакылдата чай куям деген түйшүктөн алыс болот окшойсуз. Дегеним, "Бир сааттык келиндер" сиздин жумушуңузду жеңилдетет. Алар сиз чакырып жүргөн официант деп ойлоп жатсаңыз жаңылышасыз. Элестетиңиз, кадимки эле үйдөгү келин.
Индира Темирканова: бир сааттык келин кызматы жеке көйгөйүмдөн келип чыккан

Журналист Гүлдана Талантбекова "Бир сааттык келин" кызматынын жетекчиси Индира Темиркановадан бул кызматты элге тартуулоонун зарылчылыгы, кабыл алуу талабы тууралуу билип көрдү. Анан албетте, келиндин образын жараткан кыздарды да кепке тарттык.

— Индира айым, алгач сизге жетекчи катары суроо узатайын. "Бир сааттык келин" кызматын элге тартуулоонун кандай зарылчылыгы бар эле?

— Бул кызмат менин жеке көйгөйүмдөн улам келип чыккан. Жумушум көп болгондуктан үйдөгү жакшылыктарда, той-топурларда көмөк көрсөтүүгө убактым жетчү эмес. Жардам бергендер болсо деп ичимден тилек кылчумун. Алгачкы жолу кесиптештериме бул ойду айтсам, "ачсаң жакшы болот, биз биринчи кардар болуп берели" дешти. Август айынан баштап ишти баштадык. Шаарда иштеп колу бошобогондор көп, же айылдагыдай келин-кесек, кошуналар жок. Суроо-талап жакшы болуп жатат.

— Аталышы эмнеге "Бир сааттык келин"? Убактыңарда чектөө барбы?

Во время съемок нового реалити-шоу на КТРК Келин - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын айым депутаттары "Келин" теледолбоорун жабууну талап кылышты
Индира: — Буга чейин "Бир сааттык күйөө" деген кызматты баарыбыз эле угуп жүрчү эмес белек. Ал эми биздикилер жөн гана официанттын кызматын аткарбастан, ошол үйдүн келини, кызы катары атмосфераны түзүп беришет. Иш баштаардын алдында анализ жасап көрсөк, биздин концепция менен иш алып баргандар болгон эмес экен.

Азыр базар рыногунда бренддер абдан көп. Ар бир кардардын эсинде калыш үчүн ушундай аталганбыз. Көбү бир эле саатка келет деп ойлойт. Иш убактыбыз он беш саатка чейин созулат.

— Анан өзүңүздүн кайненеңиз бул кадамыңызды кандай кабыл алды?

— Башында туугандарга айткандан тартынгам. Апам туура эле кабыл алды окшойт.

— Канча кызматкер иштеп жатат? Финансы маселеси кандай чечилет?

— Жалпы жыйырма киши бар. Бир командада төрт адам иштейт. Он беш сааттык кызмат үчүн 7000 сом акча алабыз. Администраторго, ашпозчуга, официанттарга, идиш жуугучтарга, келинге бөлүнөт. Андан сырткары, айдоочуга, пиар менеджерлерге да беребиз. Бизде баары ачык эле жүргүзүлөт. Отуруп алып ич оорутпай тең бөлүшөбүз.

© Sputnik"Бир сааттык келин" кызматынын жетекчиси Индира Темирканова: буга чейин "Бир сааттык күйөө" деген кызматты баарыбыз эле угуп жүрчү эмес белек. Ал эми биздикилер жөн гана официанттын кызматын аткарбастан, ошол үйдүн келини, кызы катары атмосфераны түзүп беришет
Основатель проекта Келин на час Индира Темирканова и ее сотрудницы Махабат Курманбекова и Насыйкат Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
"Бир сааттык келин" кызматынын жетекчиси Индира Темирканова: буга чейин "Бир сааттык күйөө" деген кызматты баарыбыз эле угуп жүрчү эмес белек. Ал эми биздикилер жөн гана официанттын кызматын аткарбастан, ошол үйдүн келини, кызы катары атмосфераны түзүп беришет

— Силерде эркек балдар да иштейби?

— Балдар деле бар болчу. Бирок аларга болгон талап төмөн. Негизинен самоор жагып, эт бышырып, арак сунганга эле сурашат. Динге берилгендер ашпозчудан баштап официантка чейин эркек киши кирбесин деп кыздарды талап кылат. Көбү "бир сааттык келиндин" ичинде эркек бала эмне жүрөт деп күлүп калышат.

— Силерди кандай адамдар чакырат, кардарларыңар кимдер?

Празднование дня города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Келинге тиешелүү 12 "болбойт"
— Күзүндө тойдун көптүгүнөн кандай адамдар чакырып жатканын билүү мүмкүн эмес болчу. Азыркы мезгил менен алып карасак, биринчи үй жумушуна колу тийбегендер, экинчи — капчыгы калыңдар чакырышат. Алар той болбосо деле сый конокторго келип кеткиле дешет.

— Кызматкерлерди тандаганда деле жеке талабыңар болсо керек?

— Официанттарды алуу абдан кыйын. Алар робот сыяктуу өздөрүнүн гана кызматын аткарып көнүп калышкан. Келиндин образы болсо моралдык атмосфераны түзө билиши керек. Алгач кыздар менен сүйлөшүп көрүп, мүнөзүнө карайбыз. Токтоо, сабырдуу болсо абдан жакшы болот.

— Бир күндө канча үйгө кызмат кылганга жетишесиңер?

— Чакыруу болгондо эле жөнөп кетпейбиз. Алгач жолугуп, сүйлөшүп бардыгын макулдашып алабыз. Бир күндө төрт кардарды толук түрдө тейлөөгө болот. Кээде идиш жуугучту же ашпозчуну жалгыз эле чакыртып кеткен учурлар бар. Жөн эле чалып кызыгып сурагандар бар. Жума, ишемби, жекшемби күндөрү чакыруулар көбөйөт. Калган күндөрү эс алабыз.

— Кызматкерлер убакыттан көбүрөөк иш кылып калган учурларда эмне кыласыздар?

— Коноктордун бардыгы шашпай отургусу келет. Өз убактыбыздан ашык кызмат кылып калган учурлар болот. Андайда кошумча акы деле сурабайбыз. Ошол эле учурда кызматкерлерибизди дагы кармабаганга аракет кылабыз.

© SputnikАдминистратор Насыйкат Абдумомунова: кызматкерлердин коопсуздугу биздин колубузда. Баарын көзөмөлдөп турабыз. Биздин кызмат сыртка чыккан команда менен тыгыз иштеп, кардарлар менен тил табышуу болуп эсептелет
Сотрудница проекта Келин на час Насыйкат Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
Администратор Насыйкат Абдумомунова: кызматкерлердин коопсуздугу биздин колубузда. Баарын көзөмөлдөп турабыз. Биздин кызмат сыртка чыккан команда менен тыгыз иштеп, кардарлар менен тил табышуу болуп эсептелет

Администратор Насыйкат Абдумомунова: — Кызматкерлердин коопсуздугу биздин колубузда. Баарын көзөмөлдөп турабыз. Биздин кызмат сыртка чыккан команда менен тыгыз иштеп, кардарлар менен тил табышуу болуп эсептелет. Биз деле карап тура бербей кесиптештерге кол кабыш кылабыз. Эгер маселе жаралса чогуу чечишебиз.

— Эми келин кызматын аткарган Махабатка суроо узатсам. Меймандар силерди атайын кызматта иштегениңерди билеби?

Махабат Курманбекова: — Биз халат, жоолук менен жүргөндүктөн меймандар үйдүн келини деп ойлошот. Кардарлар адатта туугандарына айткандан уялышат. Анан силерди сырттан алып келгенибизди айтпагыла, мүмкүн болсо эжем же кошунам деп койбойсуңарбы деп суранышат.

— Чайын куюп, шакылдап тейлеп жүрсөңөр деле көп жактыра бербеген кардарлар болсо керек?

— Айрымдар канчалык кызмат кылба, баалай беришпейт. Тигини башкача жасасаң болмок, мен минтип эле жасамакмын дегендер бар. Бир эже бизди анча жактырган эмес. Кийин кайра чакырганда абдан таң калганбыз. Көрсө, эженин болгон мүнөзү ошондой экен.

© SputnikМахабат Курманбекова: биз халат, жоолук менен жүргөндүктөн меймандар үйдүн келини деп ойлошот. Кардарлар адатта туугандарына айткандан уялышат. Анан силерди сырттан алып келгенибизди айтпагыла, мүмкүн болсо эжем же кошунам деп койбойсуңарбы деп суранышат
Сотрудница проекта Келин на час Махабат Курманбекова - Sputnik Кыргызстан
Махабат Курманбекова: биз халат, жоолук менен жүргөндүктөн меймандар үйдүн келини деп ойлошот. Кардарлар адатта туугандарына айткандан уялышат. Анан силерди сырттан алып келгенибизди айтпагыла, мүмкүн болсо эжем же кошунам деп койбойсуңарбы деп суранышат

— Силер жөн гана тейлегенге баргандан кийин үйү чачык болуп калса эмне кыласыңар?

— Биздин эң алгачкы кардардын үйү так ошондой болчу. Алар бизге тапшырык берип коюп өздөрү "Дордойго" кийингенге кетип калышыптыр. Үйүнө кирсек эки кичинекей кызы чыгып, сизди апамдар даярдай берсин деп айтып кеткен дешти. Үйдүн чачыгы бир жөн, төшөгү да жыйыла элек экен. Анан коноктор келсе уят болбойлу деп, бир сыйра чаң соргуч менен тазалап, дасторконун даярдап бергенбиз. Үй ээлери абдан ыраазы болушкан. Өздөрүнүн келини болсо колу бошобой келе албай калыптыр.

Бизди негизи өздөрүнүн келини барлар деле чакыртат. Айрымдары тейлей алышпайт же жаш болсо чай сунгандан тартынат экен.

— Анан тигил үйдүн келини силерге ич күйдүлүк кылбайбы?

Тойдогу бийчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси
— Алар жасаган кызматтарды биз кылып жүрсөк, албетте, жаман эле көрүшөт. Келиндери таппаган анча-мынча идиштерин алып чыкчубуз. Конокторго чай сунуп жатканда өзгөчө кызганышат. Меймандар дагы "бышык келин экен, кайсы балаңардын келинчеги" деп сурап калышат. Бир жолу дагы казактарды тоскондо "кыргыздын келиндери мыкты экен" деп аябай баалап кетишкен.

Үйдүн ээси бизди чындыгында эле келин кылып алгысы келет. Кызматыбызга ыраазы болуп батасын беришет. Көбүнчө апалар балдарын тааныштырып, номерлерибизди алып калганга аракет кылышат. Улуу кишини да кагып салганга болбойт, көңүлүн оорутпай номерлерди берип коебуз. Баласы чалса маселени чечип алабыз.

Индира: — Шаар тургундарында өткүрдүк сапат жоюлуп бараткандай. Көбү жөнөкөй "ичиңиз", "жеңиз" деген сөзгө чоркок болушат. Биздин кыздар болсо кыргыздын нукура сапаттары менен тейлешет.

— Индира айым, алдыда дагы кандай пландарыңыз бар?

— Биринчи жылы "Бир сааттык келин" усулун иштетүүдө кыйынчылыктар болбой койгон жок. Жазында кызматкерлерибизди кардарлар менен кошо пикниктерге, эс алуучу жерлерге дагы жиберели деп турабыз. Азыр тамактар кардарлардын үйүнөн жасалат. Биз ошону өзүбүздүн ишканадан жасап берели деп жатабыз. Алдыга атактуу ашпозчуларды чакырып, бардык кызматкерлердин деңгээлин көтөрүп, санын көбөйтөлү деп максат койдук. Бизди чакыргандардын көбү орто капчыктуулар болсо, эми быйыл жогорку класстагы кардарларга жетели деген оюбуз бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0