Быйыл ажылыкка барчуларды каттоо 6-февралда башталат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүПаломники в Мекке
Паломники в Мекке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зыяратка барчуларды каттоо бир айга созулуп, 6-мартта аяктайт.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Быйыл ажылыкка барчуларды каттоо 6-февралда башталат. Бул тууралуу муфтияттан билдирди.

Ага ылайык, ажылык сапарга баруучуларды каттоо 6-февралдан 6-мартка чейин муфтияттын облустук, шаардык казыяттарында жана райондук хатибияттарда жүрөт.

Пресс-секретарь Духовного управления мусульман Максат Атабаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Максат Атабаев: зыяратчылар мобилдик тиркеме менен өзүн тизмеден тактай алат
Каттоодон өтүү үчүн РСК банкына төлөнгөн (500сом) квитацияны көргөзүү керек. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда же кийин төлөнгөн 500 сомдук төлөмдөр жараксыз деп табылат.

Ажыга баруучулар бир нече жылдан бери чучукулак кармоо жолу менен аныкталып келет. Муфтият чучукулакка катыша тургандарга коюлуучу талаптарды айтып берди. Башкысы — Меккеге аттанган кишинин курагы 18 жаштан кем болбошу шарт. Андан сырткары өзү менен ажылыкка катталуу үчүн РСК банкына төлөнгөн 500 сомго берилген дүмүрчөктү, өзү жашаган аймактагы мечиттин имамынан алынган мурда ажылыкка барбагандыгы боюнча маалымдама кат, чет элдик паспортун, ID-картасын, (3x4) көлөмүндөгү 4 сүрөтүн ала келиши зарыл.

Белгилей кетсек, быйыл ажылыкка 900 квота көп берилип, жалпысынан 4585 квота каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0