Авиакырсыктан үй-жайсыз калган 8 үй-бүлөгө убактылуу жашоого батир берилди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСотрудники МЧС разбирают завалы на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС разбирают завалы на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Семетей" мейманканасында калган үч үй-бүлө да жакынкы аралыкта убактылуу жашай турган батирлерге көчүрүлөт.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Дача айылында болгон учак кырсыгынан улам үйсүз калган сегиз үй-бүлөгө убактылуу жашоого батир берилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жабыркагандарга берилген батирлер Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жайгашкан.

"Ал эми "Семетей" мейманканасында калган үч үй-бүлө да жакынкы аралыкта убактылуу жашай турган батирлерге көчүрүлөт. Жабыркагандар жайгашкан батирлер бардык шарттары менен жашоого ылайыкташкан", — деп жазылат маалыматта.

Гумманитардык жүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дача айылына Ош облусунан гуманитардык жардам жөнөтүлдү
Белгилүү болгондой, мамлекет тарабынан 11 үй-бүлө убактылуу турак-жай менен камсыз болду. Мейманканада жалпысынан 49 адамдан турган 12 үй-бүлө жашап жаткан.

Эске салсак, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 киши каза болгон. Кырсыктан улам үй-жайсыз калган жарандар "Семетей" мейманканасына жайгаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0